Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Кыргыз жараны украин күчтөрүнө кошулган деп айыпталууда


Украиналык аскерлер. Киев. Апрель, 2022-жыл. Иллюстрация.
Украиналык аскерлер. Киев. Апрель, 2022-жыл. Иллюстрация.

Улуттук коопсуздук комитети Украинадагы согушка катышкан деген негизде кыргызстандык жаранга кылмыш ишин козгоду. Шектүү Украинада убактылуу иштеп жүргөн жигит болуп чыкты. Ал Орусия Украинага кол салгандан кийин аймактык коргонуу күчтөрүнө кошулганы айтылууда.

УКМК Украинадагы согушка катышып жүргөн кыргыз жигитке кылмыш иши козголгонун 14-майда жарыялады. Орусия "аскердик операция"атап жаткан куралдуу жаңжалды "согуштук аракет" деп сыпаттаган Кыргызстандын атайын кызматы кылмышка шектүү Украинада убактылуу иштеп жүргөн жигит экенин билдирди.

Шектүү жаран өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларында Украинадагы согушту чагылдырган сүрөт жана видеолорду бөлүшүп турган.

"Алынган материалдар Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган ("Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышканы же террористтик акт жасоого даярдыгы") кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Анын алкагында К.у.А Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышка катышкан факты боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат расмий маалыматта.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга жана аскердик аракеттерге катышкан кыргыз жарандары беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Украин аскерлеринин катарында согушуп жүргөн жигиттин ким экени тууралуу Кыргызстандын Киевдеги элчиси Идрис Кадыркулов маалымат берди.

Идрис Кадыркулов
Идрис Кадыркулов

"Элчилик Украинанын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары тууралуу кабардар. Жогоруда көрсөтүлгөн К.у.А. аттуу жаран тууралуу дагы толук маалыматыбыз болгон. Эвакуациялык иш-чаралар башталгандан тартып, элчилик ага Кыргызстанга бекер кетүүсүнө жардам берүүгө даяр жана аскердик иш-аракеттерге катышпоо керек экенин бир нече ирет эскерткен. Бирок, ал Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан. Аталган жаран аймактык күзөт кызматында (территориальная оборона) санитарларга жардам берип жүргөнү билинген",- деп жазды элчи Кадыркулов Фейсбуктагы баракчасына.

"Азаттык" кылмыш иши козголгон кыргызстандык жарандын өзү жана анын бул жактагы жакындары, тууган-уругу менен байланыша алган жок.

УКМК кылмыш ишин козгогон кыргыз жараны. Элчи Идрис Кадыркуловдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды
УКМК кылмыш ишин козгогон кыргыз жараны. Элчи Идрис Кадыркуловдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды

Украинада уруш башталганда Киевдеги элчилик кыргыз жарандарын эвакуциялаган. Ошол эле маалда 60тан ашык кыргызстандык украин жергесинде калганын билдирген. Алардын эмне менен алектенери тууралуу маалымат айтылган эмес.

Буга чейин "Азаттык" Украинанын түштүгүндөгү Николаев шаарында ыктыярчылардан куралган батальонго кошулган кыргыз жигити менен байланышкан. Анда ал өз эрки менен украин коргонуу күчтөрүнө жардам берип жатканын айтып берген эле:

"Үй-бүлөмө башында айткан эмесмин. Кийин билип алышты. Азыр көп сүйлөшкөн жокмун. Албетте, өкүнгөн учурлар болот. Бул жерде эмне кылып жүрөм деген ойлор келет. Апамды атайын кызмат чакыртып, "уулуңуз чет жакта согушта жүрөт" деп айтыптыр. Бул жакта эч кандай кылмыш жасаган жокмун. Жарадарларга жардам берүү кылмышка киреби?"- деген эле белгилүү себептерден улам аты-жөнү айтылбаган жигит.

Ошентип, Украинадагы согушка катышканы үчүн кыргызстандык жаранга биринчи жолу кылмыш иши козголду. Буга чейин Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин орус жарандыгын алган бир нече мекендеш Орусиянын тарабында кан майданда жүргөнү белгилүү болгон. Алардын арасында окко учкан теги кыргызстандык үч жигиттин сөөгү туулган жерине жеткирилип, жерге берилди. Жергиликтүү активисттер алардын сөөгүн акыркы сапарга узатууда орус желеги менен катар кыргыз желегин да колдонулганын сындап чыккан.

Согушка аралашкан жалданмалар

Украинада согуш башталганы жергиликтүү жарандар менен катар чет элдик ыктыярчылар да курал кармап, аскерлер менен катар жүрөт.

Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский баш болгон жетекчилер Украинаны коргоо боюнча чет элдик легион түзүлгөнүн, анын катарына ондогон өлкөдөн он миңдеген киши кошулуп жатканын жарыялаган.

Украиналык аскерлер
Украиналык аскерлер

Өз кезегинде Орусия да "Вагнердин жеке аскер түзүмүн”, Чеченстандагы Кадыровдун жалданма аскерлерин, сириялык жалданмаларды майданга тартканы маалым болгон. Кыргызстандагы коопсуздук боюнча адистер Украинадагы согушта эки тарапта тең кыргызстандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүн деп боолгошот.

Саясат жана коопсуздук маселелер боюнча эксперт Орозбек Молдалиев украин-орус согушунун шартында Кыргызстандын тиешелүү органдары өтө кылдат болуп, ошол эле учурда мыйзамдын талаптары да кайра каралышы зарыл деп эсептейт:

"Биринчиден бул маселеге көңүл бурулуп жатканы туура. Азыркы шартта жаштарга, дегеле бардык эле жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүш керек. Бирок экинчиден, биз кырдаалды терең анализдеп, талдашыбыз керек. Согушка катышып жаткандар чын эле акчага жалданып бардыбы же өз каалоосу менен идея үчүн күрөшүп жатабы? Азыркы шартта мыйзамда көрсөтүлгөн жагдайдарга акыбалга жараша өзгөртүүлөрдү киргизип, тактоо зарыл".

24-февралда Орусия Украинанын аймагына басып кирген. Ошондон бери айыгышкан кармаш жүрүүдө. Киев 25 миңден ашуун орус аскерин жоготконун билдирсе, Москва оор жоготууларды моюнга алганы менен өлгөндөрдүн так санын айта элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун акыркы маалыматына ылайык, согуш учурунда 3300дөн ашык украиналык жайкын тургун каза болуп, 5,5 миллиондон ашыгы чет өлкөгө качып чыгууга аргасыз болду.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG