Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Eurovision-2022: Сахнадан тынчтыкка чакырык


“Калуш Оркестра” тобу Eurovision сахнасында.
“Калуш Оркестра” тобу Eurovision сахнасында.

Eurovision-2022 ыр сынагында Украина жеңди. Бул өлкөнүн намысын “Калуш Оркестра” тобу "Стефания" деген ыры менен коргоду.

Италиянын Турин шаарында 14-майда жарыштын финалы өттү. Жеңүүчүлөр күйөрмандар ыйгарган добуштар жана калыстар тобунун баасы менен аныкталды.

"Калуш Оркестранын" солисти Олег Псюк ырды аткарып бүткөндө сахнадан туруп башкаларды Мариуполго жардам берүүгө чакырды.

"Баарыңардан суранам, Украинанын Мариуполуна жардам бергиле, Азовсталга токтоосуз жардам бергиле" – деди ал.

Украин президенти Владимир Зеленский эмки жылы Eurovision сынагы Украинада өтөрүн билдирди. Бул тууралуу ал "Калуш Оркестра" жарышта уткандан кийин Фейсбук аркылуу куттуктаганда айтты:

“Биздин эрдигибиз дүйнөнү таң калтырат, биздин музыка Европаны багындырат! Биз бир күнү Eurovision катышуучуларын жана конокторун Украинанын Мариупол шаарында кабыл алуу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз".

Орусия Украинага басып киргендиги үчүн быйыл музыкалык мелдештен четтетилген.

"Калуш Оркестра" – 2019-жылы негизделген рэп багытындагы топ. Аларга жеңиш алып келген ыр энени даңктайт.

Жарыштын катышуучуларынын арасында Украинага тилектештик билдиргендер болду. Германиялык Малик Харрис украин желегине түспөлдөш стикер жана “Тынчтык” деген жазуу жабыштырылган гитара менен сахнага чыкты. Литвалык Моника Лю дагы жашыл бөлмөдө колуна Украинанын желегин кармап отурду.

Сынакта саясий чакырыктарды жасоого тыюу салынган. Солисттин сахнадан туруп Мариуполго жардам берүүгө чакырганы туура эмес болгону тууралуу социалдык тармактарда ошол замат түрдүү пикирлер жазылды. Европа телерадиоберүү бирикмеси аткаруучулардын бул кадамын саясий маанайдагы эмес, гуманитардык чакырык деп сыпаттаганын dpa немис агенттиги жазды.

Ыр таймашка быйыл 40 мамлекет катышып, 25и финалда күч сынашты. Экинчи орунду Улуу Британия, үчүнчүнү Испания ээледи. Бул жылы Германия акыркы орунду алды.

Eurovision-2022 ыр сынагында калыстардын тандоосунда Улуу Британиянын намысын коргогон Сэм Райдер алдыга чыккан. Элдик тандоо менен украиналыктар андан озуп, 33 жаштагы Райдер экинчи орунга түштү. Ал астронавттар жөнүндөгү Space Man аттуу ыр менен катышты.

Сэм Райдердин эң мыктылардын бири деп табылганы – соңку бир канча жылдан бери бул сынакта дээрлик дайыма акыркы орундарды алып келаткан Британия үчүн ийгилик катары сыпатталууда.

Үчүнчү орунду багынткан испаниялык 30 жаштагы ырчы Chanel быйыл шаңдуу SloMo деген ыр менен катышты. Ал дагы букмекерлердин божомолунда быйылкы фавориттердин сап башында болчу.

Eurovision сынагы 1956-жылдан бери такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат. Былтыр 66-фестивалды өткөрүү укугуна жеңүүчү катары Италия ээ болгон.

Эрежеге ылайык, Европа телерадиоберүү бирикмесинин түптөөчүлөрү болуп саналган беш мамлекеттин - Британиянын, Франциянын, Испаниянын, Италиянын, Германиянын жана сынакты өткөрүп жаткан өлкөнүн ырчылары түз эле финалга чыгат. Ким утса кийинки жылдагы жарыш анын өлкөсүндө болот.

Бул сынакка 2003-жылдан бери катышып келаткан Украина буга чейин эки ирет, 2004 жана 2016-жылдары жеңген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG