Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Украина: бошотулган айылдар, токтогон газ транзити


Харьковдун Салтовка конушу. 10-май 2022-жыл
Харьковдун Салтовка конушу. 10-май 2022-жыл

Киев орус газынын негизги транзиттик маршрутун пайдаланууну убактылуу токтотту. 10-майдын кечинде украин бийлиги Донбасстагы “Новопсков” хабы москвачыл жикчилердин көзөмөлүнө өткөндүктөн, орус газы Европага ташылбай турганын кабарлаган.

Орусия кошуна мамлекетке басып кирген 24-февралдан бери экспорт биринчи жолу үзгүлтүккө учурап жатат. Салгылашууларга карабай, Украина көгүлтүр газдын ири транзит жолу бойдон кала берген.

Орусиянын мамлекеттик “Газпром” ишканасы 11-майда Украина аркылуу 72 миллион метр куб газ ташыганын, анын күнү 95,8 метр куб жеткирилгенин билдирди.

Европа Биримдиги энергетика тармагында Москвадан көз карандыгын азайтуу жолдорун издеп жатканы менен бул секторго санкция салуу маселесинде мунаса таба элек.

Украинадагы газ компрессор станциясы. (Архив сүрөт)
Украинадагы газ компрессор станциясы. (Архив сүрөт)

Украин президенти Владимир Зеленский Харьковдун жака белиндеги төрт айыл-кыштак орус аскерлеринен бошотулганын шейшемибинин кечинде билдирген. Согуш башталгандан бери ал жерлер тынымсыз бомбалоолорго туш болуп келген.

"Харьков облусундагы куралдуу күчтөрүбүздөн жакшы кабар келди. Оккупанттар Харьковдон бара-бара сүрүлүүдө. Кан-жанын аябай баскынчылардан, бир кездеги дүйнөнүн экинчи кубаттуу армиясынан бошотуп жаткан мекенди коргоочулардын бардыгына рахмат", - деди Зеленский. Ал майрамдоо али эрте экенин кошумчалап, элди ашыкча эмоцияларга алдырбоого чакырды.

Облус администрациясынын башчысы Олег Синегубов сөз болгон айылдар бошотулганы менен, кээ бир жактарда “айыгышкан салгылашуулар” уланып жатканын айтты.

Стратегиялык Мариупол портундагы “Азовсталь” комбинатында калган украин аскерлерине чабуул уланып жатат. Ал жакта дагы 100дөй карапайым киши, миңден ашуун жоокер калганын 10-майда украин бийлиги билдирген. Вице-премьер Ирина Верещук жүздөгөн жарадар киши бардыгын, айрымдарынын абалы оор экенин айтып, аларды тез арада эвакуациялоо керектигин белгиледи.

7-майда Орусиянын Коргоо министрлиги курчоодогу “Азовсталдан” жайкын кишилерди алып чыгуу иши аяктаганын билдирген.

"Азовсталдагы" жарадар жоокер. Мариупол, май, 2022-жыл.
"Азовсталдагы" жарадар жоокер. Мариупол, май, 2022-жыл.

Зеленский аскерлерди заводдун жер төлөлөрүнөн чыгаруу сунушуна көнбөй жатат деп Москваны айыптады.

Ал эми Орусия Змеиный аралындагы позицияларын бекемдөөгө аракет көрүүдө. Кара деңиздин түндүк-батыш тарабында ракеталарга каршы системасын орнотуп жана жээктеги коргонуу күчтөрүнүн жардамы менен үстөмдүк кылууга мүмкүнчүлүк алмакчы. Бул тууралуу Британиянын Коргоо министрлигинин күнүмдүк бюллетенинде айтылат.

10-майда орус коргоо мекемесинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Змеиный аралында украиналык 27 аскердин сөөгү табылганын билдирди:

"Аралда аскердик жактан өзүн актабаган аракеттердин натыйжасында Киев режими үч бомба таштоочу учагын жана СУ-27 истребителин жоготту".

Бул маалыматты көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес.

Ал арада АКШнын чалгын кызматы орус президенти Владимир Путин украин жергесинде узакка согушууга даярданып, Донбасстан тышкаркы жерлерде ийгиликке жетүүнү көздөп жатат деген тыянагы менен бөлүштү.

Луганск районундагы мектеп Орусиянын ракетасы тийгенден кийин. 8-май, 2022-жыл.
Луганск районундагы мектеп Орусиянын ракетасы тийгенден кийин. 8-май, 2022-жыл.

Шейшембиде америкалык Улуттук чалгын кызматынын директору Эврил Хейнс Сенаттагы угууда:

“Путин сыягы Донбасстан эч ким тааныбаган Приднестровьеге чейин кургактан коридорду кеңейтүүнү максат кылууда”, - деп айтты.

Блумберг агенттиги Хейнстин “жаңжал кандай нукта кетерин айтуу кыйын” деген сөздөрүн келтирет. Ошол эле күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Киевге дагы 40 миллиард доллар жардам бөлүүнү караган мыйзам долбоорун жактырды. Бул президент Жо Байден сурагандан 7 миллиардга көп.

Спикер Нэнси Пелоси Украинаны колдоо менен АКШ демократиянын диктатура менен күрөшүн колдоп жатат деп билдирди:

"Кеп демократия менен диктатуранын кармашы тууралуу жүрүүдө. Демократия жеңүүгө тийиш. Украин эли өз демократиясы, муну менен биздин демократия үчүн күрөшүп келатат".

Эми документ Сенатта колго салынмакчы.

Буга чейин америкалык мыйзам чыгаруучулар Украинага аскердик жана гуманитардык жардам катары 13,6 миллиард доллар берүүнү колдошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG