Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

"Өлбөс полк": Борбор Азия үчүн кыйын тандоо


Жеңиш күнүнө арналган Алматыдагы "Өлбөс полктун" жүрүшү. 2019-жыл, 9-май.
Жеңиш күнүнө арналган Алматыдагы "Өлбөс полктун" жүрүшү. 2019-жыл, 9-май.

Алгач Орусияда, кийин ондогон өлкөлөрдө өткөн "Өлбөс полктун" – Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларынын портреттерин көтөрүп чыккан жүрүштүн уюштуруучулары аны 9-майда өтө турган иш-чаралар менен байланыштырбоону суранышты. Бул Орусияда Украинада каза болгон орус аскерлеринин фото сүрөттөрүн көтөрүп көчөгө чыгуу чакырыгынан кийин болду. Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрү "Өлбөс полктун" жүрүшү боюнча кандай пикирде?

Ардагерлер барган сайын аз калууда

Алматыдагы казак авиакомпанияларынын биринин өкүлү Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери акысыз уча алат деп маалымдады. Бирок жыл сайын ташуу кызматынан канча ардагер акысыз пайдалана аларын айта алган жок. Казакстандагы спорт комплекстеринде жана башка коомдук жайларда "Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен майыптарын акысыз тейлөө" жөнүндө жарыялар али күнгө чейин жазылып турат. Учурда аталган жеңилдиктердин пайдасын көргөн ардагерлер калбады десек да болот.

1-апрелге карата Казакстанда 387 согуш ардагери калды. Бир жыл мурун алардын саны 665ге жеткен. Тажикстанда 20-апрелге карата 60 ардагер калды. Кыргызстанда 140тан ашуун согуш ардагери жашайт. Өткөн жылдын эсеби боюнча Өзбекстанда миңге жакын ардагер болгон. Түркмөнстандагы согуш ардагерлеринин так саны белгисиз.

Аннексия мезгилинде түзүлгөн “Өлбөс полк

Акыркы жалдары 9-майда "Өлбөс полктун" жүрүшү салтка айланып калды. Көпчүлүк өлкөлөрдө, айрыкча постсоветтик өлкөлөрдө орусиялык уюмдар жана орусиялык дипломатиялык өкүлчүлүктөр мындай иш-чараларды уюштурууга жигердүү катышып келди. Борбор Азияда биринчи жолу 2014-жылы өттү. Ошол эле жылы Орусия Крымды ээлеп алды.

"Өлбөс полк" деп аталган алгачкы иш-чара Орусияда 2012-жылы болуп өттү. Ал эки жылдан кийин өзүнчө кыймылга айланды. Ошондон бери Жеңиш күнү аталган иш-чара дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө өтүп жатат.

Соңку эки жылда таажы вирус пандемиясынын айынан иш-чара онлайн форматында өттү.

Быйыл Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу бул жүрүш үгүткө айланып кетиши ыктымал болуп калды. Москванын көзүн караган Борбор Азия өлкөлөрү арасат абалда калышты (Казакстан менен Кыргызстан Орусия башкарган Евразия экономикалык шериктештигине кошулган, Тажикстан менен чогуу алар Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө болуп эсептелет).

Бир жагынан, региондо согушка катышкан ардагерлер менен ооруктун эмгекчилерине көңүл бурулбай калбайт. Экинчи жактан, Орусия майрамдык иш-чараларды өзүнүн идеологиялык максаттары үчүн пайдаланып, бул ич ара тирешүүгө алып келиши ыктымал.

Казакстан: салютсуз борбор, жүрүшсүз Актау

Жакында кабарлангандай, Казакстандын Мангистау облусунун административдик борборунда "Өлбөс полктун" жүрүшү өтпөй турган болду.

Аталган шаардагы иш-чаранын координатору Ланги Черешкайтенин айтканына караганда, чечим "социалдык чыңалууну жаратпас үчүн" бийликтегилер менен кеңешкенден кийин кабыл алынган. Эске салсак, газдын баасы көтөрүлгөндө чыккан митингдерден кийин январь айындагы окуялар дал ушул облустан башталган болучу. Кийин бүтүн өлкөнү кучагына алган нааразылык курчуп кетип, башаламандыкка чейин жеткенде, Казакстандын жетекчилиги ЖККУга жардам сурап кайрылган эле. Өлкөгө тыштан аскерлердин киргизилгендиги катуу сынга кабылган болчу.

2019-жылы "Өлбөс полктун" жүрүшү өлкөнүн батышындагы Актөбө шаарында да өткөн жок. Жергиликтүү бийлик буга иш-чара учурундагы автоунаалардын тыгынын, жүрүштөн кийин көчөлөрдө согуштун катышуучуларынын сүрөттөрү ташталганы үчүн ардагерлердин туугандарынын даттанганын шылтоо кылган.

Алматыдагы "Өлбөс полктун" жүрүшү, 2019-жыл, 9-май.
Алматыдагы "Өлбөс полктун" жүрүшү, 2019-жыл, 9-май.

"Өлбөс полктун" жүрүшү Казакстандын бөлөк шаарларында өтүшү мүмкүн. Жеңиш күнү фейерверктер менен салюттар атылбайт. Бирок башка калктуу конуштарда буга жол берилиши ыктымал.

Жеңиш күнүн утурлай 7-майда Казакстанда Мекенди коргоочулар күнү белгиленет. Бул жылы Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Бирок юбилей экенине карабастан, аскер парады болбойт. Андан баш тартууну бюджеттик каражатты үнөмдөө максаты менен түшүндүрүштү. Өткөн жылы Казакстанда Конституция күнү да аскер парады болгон эле.

Анткен менен космодромду Москва ижарага алган Байкоңурда орус аскерлеринин катышуусунда анча чоң эмес парад, андан кийин "Өлбөс полктун" иш-чарасы өтүшү жана салют пландалып жатат.

Казакстан аскер парадын өткөрбөй турганын жарыя кылгандан кийин орус режиссёру жана сценаристи Тигран Кеосаян өлкө тууралуу терс пикирин билдирди. Ал Казакстанда аскер парады өтпөй тургандыгына нааразы болуп, Орусиянын "жооптуу адамдары" "өз ара алака-катыштын деңгээлин кайра караштырышы" керектигин айтты. Көпчүлүк колдонуучулар анын: "Украинаны кунт коюп карагыла, жакшылап ойлонгула!" деген сөзүн ачыктан-ачык коркутуу катары баалашты. Анын билдирүүсү коомдо чоң талкуу жаратып, таанымал инсандар Кеосаянга катуу жооп беришти.

Казакстандын тышкы саясат мекемесинин өкүлү орусиялыктын айткандарын "кемсинтүү жана карөзгөйлүк" деп атап, анын өлкөгө киришине тыюу салынышы да ыктымал экенин эскертти.

Өзбекстан: саясий партия жүрүшкө каршы

Апрель айынын башында Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасынын вице-спикери жана "Милли тикланиш" ("Улуттук кайра жаралуу") партиясынын лидери Алишер Кодиров "Өлбөс полктун" жүрүшүнө каршы экендигин билдирди. Бул ушул региондогу саясатчы жана партия жетекчиси орусиячыл иш-чарага жооп кылган алгачкы учур.

Партиянын төрагасы "Өлбөс полктун" жүрүшүн үгүт куралы жана "жумшак күчтүн" көрүнүшү деп эсептейт тургандыгын айтты. "Биз мындай демонстрацияларга каршыбыз!" деп жазды ал 3-апрелде Telegram каналга.

Кодиров фашизмди жеңүүдөгү Өзбекстандын да салымын белгиледи.

"Өзбек эли адамзаттын фашизмди жеңишине жигердүү катышты. Биздин ата-бабалардын баскынчыларга жана бузуку улутчулдарга каршы жана эркиндик үчүн күрөшү эч качан унутулбай, түбөлүк баркталат. Биз үчүн алардын сүрөтүн көтөрүп шаарды кыдыруу эмес, алардын арбагын сыйлап, кастарлоо маанилүү. Шейит кеткендердин жаркын элесин жек көрүндү саясий максаттарга колдонбой, аздектеп сактоо абзел!",– деп жазды Алишер Кодиров.

Өзбекстандагы мурдагы жылдарда өткөрүлгөн "Өлбөс полк".
Өзбекстандагы мурдагы жылдарда өткөрүлгөн "Өлбөс полк".

Өзбекстан Ислам Каримов башкарып турган жылдарда эле согушту "Улуу Ата Мекендик" эмес, "Экинчи дүйнөлүк согуш" деп атай баштаган. 1999-жылдан тартып Өзбекстанда 9-май Эскерүү жана кастарлоо күнү катары белгиленет. Аталган күнү өлкөдө согуштун ардагерлери ардакталып, курмандыктары эскерилет.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден баштап, орус уюмдарынын катышуусунда иш-чараларды өткөрүү үчүн тоскоолдуктар азайды.

Ушул жылы Ташкентте демилгечи топ "Өлбөс полктун" жүрүшүн өткөрүүгө уруксат сурап кайрылды. Шаар бийлиги кандай жооп бергени азырынча белгисиз.

9-майда Өзбекстанда аскер парады болбойт. Куралдуу күчтөрдүн 30 жылдыгына жана Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган акыркы аскердик-мекенчил парад ушул жылдын башында, 13-январда Ташкент шаарында өттү.

Кыргызстан: жүрүштө Z белгиси болбосун

Кыргызстандын Коргоо министрлиги 9-май - Жеңиш күнүнүн 77 жылдыгына карата өтө турган иш-чаралардын тизмесин жарыялады. Ага ылайык, 4-9-майда бардык аймактарда Улуу Ата Мекендик согушка арналып тургузулган эстеликтерге гүлчамбарлар коюлат.

6-майда согуш ардагерлерин куттуктоо иш-чарасы болот. 8-майда согуш мезгилиндеги курал-жарактардын жана аскердик техникалардын үлгүлөрү Жеңиш аянтына коюлуп, "жоокер кашасын" даярдоо үчүн талаа ашканалары жайгаштырылат.

Бишкек мэриясы билдиргендей, 9-майда түштө майрамдык концерт, Жеңиш аянтында түрдүү иш-чаралар болот. Ушул эле күнү салтка айланган “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулат. Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда согушка катышкандардын перзенттери, неберелери жашап жатканын жана аларга бул жүрүшкө тыюу салууга эч кимдин акысы жок экенин айткан.

Коргоо министрлиги 9-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбой турганын кабарлаган.

Кыргызстанда Жеңиш күнүнүн урматына аскер парады болбойт. Өлкөдө адатта аскер параддары юбилейлик даталарда өткөрүлөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Украинадагы согуштун жүрүшүндө орус аскерлери колдонуп жаткан Z белгисин алып чыкпоого чакырды. Комитетте "улут аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер" үчүн жоопко тартыларын эскертишти.

Орус аскери Z жана V символдорун өлкөдө Мекенди коргоочулар күнү (мурдагы Советтик армиянын түзүлгөн күнү) белгиленгендин эртеси, 24-февралда Украина басып киргенден кийин колдоно баштады.

Советтер Союзу кулаган соң Борбор Азияда Кыргызстан менен Тажикстан 23-февралды Мекенди коргоочулар күнү деп жарыялашты. Бишкекте 23-февралды айрыкча маанилүү күндөрдүн эсебинен чыгарып салуу керек деген демилге маал-маалы менен көтөрүлүп келет. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнү — 29 май.

Кыргызстандагы "Өлбөс полк", 2019-жыл, 9-май.
Кыргызстандагы "Өлбөс полк", 2019-жыл, 9-май.

Тажикстан: орус базасындагы параддын өзгөчөлүгү

Тажикстан Жеңиш күнүн Орусия менен биргеликте өткөрөт десек болот. Дүйшөмбүдө жана Бохтарда Орусиянын чет өлкөдөгү эки ири аскер базасы жайгашкан.

Быйыл 201-базада аял аскер кызматкерлеринин катышуусунда парад өткөрүү пландалган. Жеңиштин 77-жылдыгына карата Дүйшөмбүдөгү парадда аял аскер кызматкерлери алгачкы ирет катышат. Аялдардын аскер кийими георгий лентасы менен жасалгаланары айтылууда. Парадга 60тан ашуун аял катышат.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өткөн жылдагы Москвадагы Жеңиш күнүнө арналган аскер парадына катышкан жалгыз чет элдик лидер болду. Ошондо маалымдалгандай, Рахмон ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылар кеңешинин төрагасы катары чакырылган эле.

Согуш темасына байланыштуу Түркмөнстан барган сайын аз оозго алынып жатат. Жеңиш күнүнүн урматына парад өткөрүүгө өлкөдө тыюу салынган эмес. Ашхабад Экинчи дүйнөлүк согушту "1941–1945-жылдардагы согуш" деп атайт.

Тажикстандагы "Өлбөс полк", 2019-жыл, 9-май
Тажикстандагы "Өлбөс полк", 2019-жыл, 9-май

"Өлбөс полктун" биринчи уюштуруучулары согушка каршы

Быйыл Жеңиш күнү Орусиянын Украинага кол салуусу уланып жаткан маалга туш келди. Ошол себептүү айрым өлкөлөр орус аскер кийимин жана даража белгилерин, советтик байрактарды, советтик аскер кийимин жана георгий ленталарын колдонууга мыйзам чегинде тыюу салышты.

Быйыл "Өлбөс полк" иш-чарасы өтүп жатканына 10 жыл болот. Бирок анын биринчи уюштуруучулары – томскилик ТВ2нин мурдагы журналисттери Украинага болгон орус баскынчылыгын айыпташууда.

"Эң кейиштүүсү, бул уруштун эки тарабында тең биз азыр "Өлбөс полк" деп атаган ошол кезде согушкан ата-бабаларыбыздын чөбөрөлөрү тартылып жаткандыгын эч кимди ойлондурбай жатат. Эгер бабаларыбыз тирүү болсо, бүгүнкү апаат үчүн наалат айтмак", – дейт иш-чараны уюштуруучулардын бири Сергей Лапенков.

Быйыл Орусиядагы "Өлбөс полктун" жүрүшүндө Украинада каза болгон жоокерлердин сүрөтүн көтөрүп чыгуу пландалууда. УКК Башкы штабынын маалыматы боюнча азыркы согушта Орусия 22 миң аскер кызматкеринен айрылды. Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Орусия 15 миң кишисинен ажыраган. 25-марттагы орус тараптын расмий билдирүүсү боюнча курман болгондордун саны — 1351.

"Азаттыктын" казак кызматынын сайтына жарыяланган Куанышбек Каринин макаласын орус тилинде бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG