Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:17

ИИМ 9-майда символдорду колдонбоону сунуштады


"Өлбөс полк" акциясы. 9-май, 2019
"Өлбөс полк" акциясы. 9-май, 2019

9-май Жеңиш күнүн майрамдоо алдында милиция "Украина менен Орусиянын ортосундагы аскердик жаңжалга байланыштуу сүрөттөрдү, эмблемаларды, символдорду колдонууга жана тагынууга жол бербөө үчүн" профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аскердик кийимдер сатылган ири базарларда, соода борборлорунда жана "Өлбөс полк" жүрүшүнүн уюштуруучуларына түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

ИИМ жарандарга "улут аралык кастыкты козутуучу, чыр-чатакка алып келе турган ар кандай символдорду, төш белгилерди, атрибуттарды тагынбоону" сунуштаган.

Буга чейин УКМК кыргызстандыктарды 9-майда Орусиянын Украинага басып киришинин символуна айланган “Z” тамгасы бар аскердик форма жана костюмдарды кийбөөгө чакырган. Социалдык түйүндөрдө 9-майга карата “Z” белгиси бар аскер кийимин ижарага бере турган дүкөндүн жарнагы талкуу жараткан.

Ушул күндөрү Бишкек шаардык милициясы машинесине "Z" белгисин чаптап алган айдоочуларга айып пул салып, белгилер сыйрылып жатат. Тартип коргоо органдары машинеге уруксаты жана атайын лицензиясы жок белги (наклейка) чаптап алууга болбой турганын билдирген.

"Z" жана "V" тамгалары Украинага басып кирген орусиялык техникаларга тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды “атайын операциянын” символдору деп аташат.

"Өлбөс полк" акциясын өткөрүү демилгесин Орусияда жарандык активисттер көтөрүп, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган. Ага бир канча жолу Орусиянын президенти Владимир Путин катышкан.

Акция кийинчерээк айрым постсоветтик мамлекеттерге да жайылган. Кыргызстанда бир канча жолу уюштурулуп, мамлекет башчылар катышкан учурлар болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG