Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

Еврокомиссия орус мунайын Евробиримдикке киргизүүгө тыюу салууну сунуштады


Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.
Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Европа Комиссиясы Москванын Украинага кол салганына байланыштуу киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетинин долбоорун Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге жөнөттү. Бул тууралуу комиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 4-майда билдирди.

Документте Орусиянын мунайзатын уюмга мүчө мамлекеттерге ташып кирүүгө тыюу салуу сунушталды.

“Биз Орусиядан чийки мунайды ташып кирүүнү алты айдын ичинде, мунай продуктуларын ташып кирүүнү жыл аягына чейин токтотобуз. Бул орусиялык мунайдын деңиз жана куур менен алып келинчү, чийки жана тазаланган, кыскасы бардык түрлөрүн импорттоого толук тыюу салуу дегенди түшүндүрөт. Бул жеңил болбойт. Уюмдун айрым мүчө мамлекеттери орус мунайына көз каранды. Бирок биз мунун үстүнөн иштешибиз керек”, - деди Урсула фон дер Ляйен.

Чечим күчүнө кириши үчүн аны Евробиримдиктеги 27 мамлекет бирдей жактырышы керек. Адистер ал бир топ талаш-тартыш жаратышы мүмкүн деп белгилеп жатышат. Мурдараак Венгрия менен Словакиянын бийлик өкүлдөрү мындай чектөөгө вето коюшарын ачык эле айткан.

Эмбарго кабыл алынган күндө да орус мунайына өтө көз каранды Венгрия менен Словакияга гана 2023-жылга чейин уруксат сакталып калышы мүмкүн. Мындан сырткары Чехия менен Болгарияга дагы жеңилдиктер каралышы ыктымал.

Евробиримдиктин санкцияларынын алтынчы пакетинин алкагында Орусиянын эң ири банктарынын бири болуп саналган Сбербанкты SWIFT системасынан өчүрүү, үч ири мамлекеттик телерадиокомпаниясына чектөө коюу сыяктуу чаралар да камтылган.

Мурдагы санкцияларынын ичинде Европа Биримдиги SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан Орусиянын жети банкын өчүргөн. Евро банкнотторун орус тарапка сатууга тыюу салган жана Орусиянын президенти Владимир Путинден баштап депутаттарга, олигархтарга, журналисттерге жана башкаларга санкция салган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG