Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Өзбекстанда Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өтпөйт


Өзбекстандагы Жеңиш күнүн белгилөө
Өзбекстандагы Жеңиш күнүн белгилөө

Өзбекстан 9-майда аскердик парад өткөрбөйт.

Өзбекстандын Коргоо министрлигинин тарбия жана идеологиялык иштер боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ойбек Мамадалиев 9-май Жеңиш күнү эмес, Эскерүү жана урматтоо күнү экенин эске салган. Ал бул күнү карыларды сыйлоо жана урматтоо иш-чаралары гана өтөрүн белгиледи.

Коргоо министрлигинин өкүлү Өзбекстанда былтыр да, мурдагы жылы да аскерлердин катышуусунда парад өтпөгөнүн билдирди.

Ушул айдын башында Казакстандын Коргоо министрлиги 7-майда Мекенди коргоочулардын күнүн жана 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддарды өткөрбөй турганын билдирген.

Аскердик парадды өткөрбөө чечими бюджеттик каражатты үнөмдөө менен түшүндүрүлгөн.

Аскердик парад өткөрүүдөн баш тарткан мамлекеттер арасында Кыргызстан да бар. Өлкө бийлиги бул күнү митинг-реквием жана “Өлбөс полктун” жүрүшү гана болорун маалымдаган.

9-май - Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү болуп саналган Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөн күнү. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 22-июнда башталып, 1945-жылдын 9-майында СССР жеңишке жеткен. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында тутанып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.

Улуу Ата Мекендик согушка ошол кездеги СССРдин курамындагы Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон.​ 150 миңдей кыргызстандык согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн түрдүү орден-медалдарга, сыйлыктарга ээ болгон.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG