Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

ЕБ Украинага импорттолгон товарлардан салык албайт 


Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Украинанын президенти Владимир Зеленский. Киев, 8-апрель, 2022-жыл
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Украинанын президенти Владимир Зеленский. Киев, 8-апрель, 2022-жыл

Украина Евробиримдикке импорттогон продукцияларга алымдарды жана квоталарды убактылуу алып салууну көздөп жатканын Еврокомиссия билдирди.

"Бул чаралар Украинанын экономикасынын иштеп туруусуна шарт түзөт. Согушта жеңишке жетүү жана согуштан чыгуу үчүн бул өтө маанилүү. Бул Евробиримдиктин Украинага оор учурларда жардам берүү ниетинин туруктуулугун көрсөтөт", - деп жазган Еврокомиссиянын башчысынын орун басары Валдис Домбровскис.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чечимдин чоо-жайын Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен талкуулаганын билдирди. Зеленский чечим үчүн Украинанын европалык өнөктөштөрүнө ыраазылык билдирди.

Еврокомиссиянын чечимин Европарламент жана ЕБге мүчө 27 өлкөнүн өкмөттөрү бекитиши керек.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Донбасстагы жикчил түзүмдөрдү коргоо тууралуу билдирүүсүнөн кийин 24-февралда орус аскерлери Украинанын аймагына басып кирген. Эки айдан ашуун аткылоодон улам эки тараптан тең миңдеген адам өлдү. 5 миллиондой адам украин жергесинен чыгып кетти.

Согуш башталгандан бери дүйнөнүн бир катар мамлекеттери Орусияга санкция салып, айрым жарандарына бул өлкөлөргө кирүүсүнө тыюу салган.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG