Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Украин бийлиги Орусия тараптан чабуул күчөгөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Украинадагы бастырып кирген бардык багыттары боюнча чабуулун жана ок атууну күчөттү. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү Александр Мотузяник шаршембидеги билдирүүсүндө маалымдады.

Орус армиясы Киев жана Чернигов багыттары боюнча артка чегингени менен Украинанын чыгыш жана түштүк тарабында баскынчылыгын улантып келет. Иш жүзүндө Луганск жана Донецктен сырткары Харьков, Запорожье, Херсон, Николаев жана Одесса облустары аткыланууда. Мотузяниктин билдиришинче, кармаш өзгөчө Харьков менен Донецкте кыйла активдешти.

Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, орус аскерлеринин максаты Донецк жана Луганск облустарына толук көзөмөл орнотууну көздөп жатат. Москва бул эки облустагы жикчилдер жарыялаган түзүмдөрдү көз карандысыз мамлекет деп тааныган.

Орусия мындан сырткары аннексияланган Крым менен Орусияны туташтырган коридор ачууну каалап жатат. Орус аскерлери Азов деңизинин жээгин алды. Бирок Киев Мариуполго кетчү жолго дале украин аскерлери көзөмөлдөп жатканын кабарлоодо.

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу мурдараак Киевден кайтарылган аскерлердин негизги милдети Донецк жана Луганск облустарынын аймактарын басып алуу экенин айткан. Ушул күндөрү берген интервьюсунда орусиялык генералдарды бири “атайын операциянын” максаты Украинанын бардык аймагын басып алуу экенин билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG