Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

ИИМ жалган маалымат тараткандар жазаланарын эскертти


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) учурда Интернетте орозо айтты майрамдоого, ал күнү мал союуга тыюу салынганы тууралуу тарап жаткан аудиолор жалган экенин маалымдады.

“Коомчулукту чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен адаштырбоону эскертебиз. Жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартыларын эске салабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Милиция кандайдыр бир шектүү маалыматтарды билбей тараткандар да кылмыш жоопкерчилигинен куткарбай турганын кошумчалаган.

Буга чейин президент Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Орозо айтка бийлик тыюу салганы тууралуу маалыматтар негизсиз экенин билдирген. Быйылкы Орозо айт майрамы 2-майда белгиленет.

Садыр Жапаров февраль айында өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган жарлык чыгарган. Анын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырган. Ошондон тарта жер-жерлерде ысырапкорчулукту тыюуга байланыштуу чаралар көрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG