Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Акыйкатчы каржы пирамидасы жөнүндө атайын баяндама даярдайт


Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова каржы пирамидасынан алдангандар менен жолугуп, абалды талкуулады.

27-апрелдеги жолугушууга 40тан ашык жабыркаган жаран келген. Бул тууралуу Омбудсмен Атыр Абдрахматова “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, Акыйкатчы институту каржы пирамидасынын схемасы, аларга бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча атайын баяндама даярдайт. Омбудсмен аны Жогорку Кеңешке алып чыгып, каржы пирамидасы миңдеген адамдарды сызга отургузган көйгөйгө айланганын белгилөөнү максат кылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, акыркы жылдары өлкөдө каржы пирамидасы гүлдөп, былтыр үч миңдей адам жабыркаганы айтылды. Алар түрдүү каржы пирамидалардан 400 млн. сомдой чыгым тартышкан.

Кыргызстанда каржы пирамидаларына акчаларын алдатып, сызга отуруп калган жарандар арбын. Милиция элди жеңил жана тез киреше табууну сунуш кылган каржы пирамидаларына алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин кабарлап келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG