Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Казакстанда депутаттар Назарбаевдин макамын жоюуну сунуштады


Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин Январь окуяларында кулатылган эстелиги. Талды-Коргон, Казакстан. 2022-жылдын январы.
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин Январь окуяларында кулатылган эстелиги. Талды-Коргон, Казакстан. 2022-жылдын январы.

Казакстан Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча бийлик сунуштаган өзгөртүүлөр кирсе, биринчи президент Нурсултан Назарбаевге кол тийбестик камсыздаган конституциялык мыйзам күчүн жоготорун билдирди. Бул тууралуу ал 27-апрелде журналисттерге комментарий берип жатып айтты.

“Бул өзгөртүүлөр Элбашынын макамын, анын артыкчылыктарын жоёт. Конституцияда анын мамлекетти негиздөөчүсү катары тарыхый ролу калат. Эгер ал норма кирсе, биринчи президент тууралуу мыйзам күчүн жоготот”,-деди ал.

Мунун алдында Казакстандын Конституциясын өзгөртүү боюнча жумушчу топ Башкы мыйзамда өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин макамын “көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү катары” киргизүүнү сунуштаган. Ал саясий жана эксперттик чөйрөдө сынга алынган.

Казакстандын Баш мыйзамына 2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөрдө биринчи президент – Элбашы макамы каралган. Бул ага жана аны менен кошо жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө эч качан кылмыш иши козголбойт, мүлктөрү кол тийбес болуп саналат дегенди түшүндүрөт.

Кандуу Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин жакын адамдарынын көбү кызматтан кеткен. Учурда Назарбаевдин маркум инисинин улуу Кайрат Сатыбалды жана мурунку кудасы Кайрат Боранбаев акчанын изин жашырууга байланыштуу камакта отурат. Мурдагы президенттин тун кызы Дарига Назарбаева депутаттык мандатын тапшырып берген.

Серепчилер Январь окуяларынан кийин Казакстанда Назарбаевдин кланы алсырап, президент Касым-Жомарт Токаевдин таасири күчөгөнүн билдирип келишет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG