Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:15

Бишкекте 12 жаштагы кызды сабаган окуучунун ата-энеси айыппулга жыгылды

Бишкектеги №6 кичи районунун сейил багында 4-класстын окуучусу экинчисин сабап жатканы интернетте тараган. Бул боюнча кыздын ата-энесине айыппул салынганын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, шаардык балдар ооруканасынан 2010-жылы туулган окуучу кыз бейтапканага бети көгала болуп түшкөнүн билдирген. Териштирүү учурунда аны башка окуучу кыз ур-токмокко алганы аныкталган.

Факт милицияда катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 4-класстын окуучусунун ата-энесине Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси ("Ата-энелик милдеттерин аткаруудан качуу") менен протокол түзүлүп, миң сом айыппул салынган.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы 4-класстын окуучусу билим алган №56 мектептин директору жана завучуна карата тартиптик чаралар көрүлгөнүн билдирди.

Иликтөөлөргө ылайык, окуучуларды мындай кадамга көпчүлүк учурда миграция, жумушсуздук, рэкетчилик, чоңсунуу, опузалоо жана үйдөгү пикир келишпестик өңдүү маселелер түртөт.(KS)

​
XS
SM
MD
LG