Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

Орусия соту Мариупол жөнүндө жазган журналистти камакка алуу чечимин чыгарды


Мария Пономаренко
Мария Пономаренко

Санкт-Петербургдун соту барнаулдук журналист Мария Пономаренкону эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Журналист Орусиянын армиясы тууралуу "фейк маалымат тараткан" деп айыпталып жатканын Север.Реалии басылмасы билдирди.

Сот отурумунда тергөөчүлөр анын жашы жете элек балдарын суракка алганы белгилүү болду. Маалым болгондой, Пономаренкого каршы көрсөтмөлөрдүн бир бөлүгүн анын кызы берген.

Мария Пономаренко - RusNewsтун Сибирь редакциясынын журналисти. Ал нааразылык акциясын чагылдыруу үчүн 25-мартта Барнаулдан Санкт-Петербургга барып, мейманканадан кармалган.

Ага каршы "орус армиясы тууралуу саясий жек көрүүчүлүккө негизделген жасалма фактылар" боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, "Цензура жок" Телеграм-каналы анын орус армиясынын аба соккусунан каза болгон Мариуполдун тургундары тууралуу жазган постун жарыялаган. Пономаренко 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Анын жашы жете элек эки кызы бар.

4-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин административдик жана Кылмыш-жаза кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, орус куралдуу күчтөрүнүн аракеттери тууралуу жалган маалымат тараткандарга айыппул салуу жана 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Апрель айынын ортосунда журналист, белгилүү видеоблогер Юрий Дудь, политолог Екатерина Шульман, The Insider басылмасынын башкы редактору Роман Доброхотов жана “Радио Свобода” менен кызматташып жүргөн карикатурист Сергей Елкин Орусиянын Юстиция министрлигинин “чет элдик агент” деген тизмесине киргизилген.

Мекеме мунун себебин түшүндүргөн эмес. Алардын көпчүлүгү буга чейин орус армиясынын Украинага басып киргенине каршы чыккан.(KS)

XS
SM
MD
LG