Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Орус армиясын алдан тайдырган Донбасс чабуулу


Көпчүлүк эксперттер орусиялык аскерлердин Донбасстагы чабуулдары Москва күткөндөй ийгиликтүү болбой жатат дешет.

Орусиянын Донбасстагы салгылашуусу украин күчтөрүн кыйратуучу чагылгандай тездикте жүрбөдү. Эмне үчүн ушундай болду, согуштун уланышына бул кандай таасир этет деп ой жүгүртүп көрөлү.

Украинанын чыгышына бастырып кирген орусиялык аскерлердин кандай жылып жатканына учурдагы жагдайды жакшы билген киши баа берсин.

“Жалпы жыйынтык, тилекке каршы, көңүл жубатарлык эмес... Эң эле дурус болот дегенде да душмандар көптөгөн апта, балким, айлар бою өтө акырын, эки жактан тең чоң жоготуулардын куну менен Донбасстан “сүрүлүп чыгат”, - деп жазды Telegram-каналда 28-апрелде орусиялык аскер башчы, мурдагы чалгын офицери, 2014-жылы Донбасста башталган согушта таанылган Игорь Гиркин.

“Негизинен, душмандар сабаттуу, өжөрлүк менен коргонуп жатат, кырдаалды билет, өз аскерлерин жакшы башкарууда”, – дейт ал.

Эки апта мурда орусиялык атайын күчтөрдүн ардагери президент Владимир Путинге түз кайрылган видео тасмасында мындан да катуу айтты: “Владимир Владимирович, биз согушабызбы же тырманып жатабызбы?”.

Украинага бастырып кирген алгачкы апталарда катуу мүдүрүлүп, Киевди жана башка ири шаарларды алганга жетишпей калды. Чоң жоготууларга учурагандан кийин орус командирлери менен саясий лидерлер мерчемин өзгөрттү да, дээрлик бардык күчтөрүн Донбасска карай багыттады.

Донбасстагы Донецк жана Луганск облустары 2014-жылдан бери Орусиянын колдоосуна таянган жикчилдердин көзөмөлүндө турат. 24-февралдагы басып кирүүдөн бир нече күн мурда Путин бул облустардын көз карандысыздыгын тааныйбыз деп билдирген болчу.

18-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский орус жапырыгынын жаңы толкуну башталганын айтты. Эртеси Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москванын максаты – эки облусту “толугу менен бошотуу” экенин билдирди.

Мунун баары кандай болуп жатат? Кыязы, күтүлгөнгө салыштырмалуу жайыраактай. Эмне үчүн? Бул кыйла татаал суроо.

"Жапырыктын жарга такалганы, натыйжасыз экени анча байкалбайт", – дейт аскердик талдоочу, Польшадагы Rochan Consulting компаниясынын деректири Конрад Музыка.

"Украинадагы мен билген кишилер Орусиянын Измирге басып кирүү мүмкүнчүлүгүнөн катуу чочулап турат, – деди ал Украинанын чыгышындагы стратегиялык мааниси бар шаарын сөз кылып. – Донбасстагы жапырык басаңдап калды дешке али эрте".

Орус аскерлеринин жолу болбой калганы Орусиянын саны жагынан чоң, мыкты куралданган армиясы Киевди жана Мариупол сыяктуу порт шаарларды тез эле басып алат деп божомол жасап келген көп эксперттерди таң калтырды.

Украинанын коргоочулары чечкиндүү туруп, орус аскерлери өтө көп адамдарынан айрылды, материалдык жактан да чоң зыян тартты – бул жагдайга Батыштан курал-жарак тынымсыз берилип жатканы да өбөлгө түздү.

Орусия 1351 аскер кызматкеринин каза болгонун айтканы менен 25-марттан берки жоготуулары жөнүндө маалымат берген жок. Батыш булактары белгилегендей, Орусия 15 миңден ашуун аскеринен айрылган, ал эми украиналык бийликтегилер 20 миңден ашуун орус аскери колго түшкөнүн айтууда. Бул эки көрсөткүч тең советтик армиянын Ооганстандагы 10 жылдык согушундагы жоготуусунан ашып түшөт.

"Көрүнүп тургандай, Орусия операцияны ылдам жүргүзүүгө чамынып, чоң зыянга учурады, анын тактикасы ойдогудай болбой, коргонуучулардын чечкиндүү каршылыгына тушукту. Алар Донбасска акырындык менен жылууну каалабаган эле", - деп эсептейт Лондондогу Janes Group’тун орус курал-жарактарын изилдеген адиси Костас Тигкос.

"Мыш" болобу же акырындык менен илгерилей береби?

Батыштагы эксперттердин пикиринче, өтө жай болсо да жапырык токтобой жүрүп баратат.

"Биз орус күчтөрү жайбаракат жана чаржайыт жылууда дейбиз. Чынын айтканда, муну Донбасстагы ийгилик десек болот. Донбасстын чегинде эки тараптан тең улам кайра сүрүп баруу-чегинүү [кыймылдары] байкалууда", – деди 29-апрелде АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн бири.

Жапырыкты “жансыз” деп баалады 2-майда АКШнын Коргоо министрлигинин башка бир жогорку даражалуу өкүлү.

“Орусия дагы эле кыйла чоң кыйынчылыктарга тушугууда. Ал Украинанын чыгышындагы мизи майтарылган чабуулдардан кийин чоң зыянга учураган бөлүмчөлөрүн бириктирип, кайра топтоштурууга аргасыз болду. Бул топтордун көбү аскердик кайратынан кайтты окшойт”, – деп билдирди 2-майда Британиянын Коргоо министрлиги.

Өзүн көз карандысыз деп жарыялаган "ЛЭРдин" жикчил өкүлү “Гвоздика” өзү жүрмө каз тамандардан атып чачыратылган дүрмөттү кармап турат.
Өзүн көз карандысыз деп жарыялаган "ЛЭРдин" жикчил өкүлү “Гвоздика” өзү жүрмө каз тамандардан атып чачыратылган дүрмөттү кармап турат.

Батыштын расмий кишилери бир нече аптадан бери орус куралдуу күчтөрүнүн шыктануу жана тартип жагынан өксүктөрүн айтып келет. Мунун айынан көп сандагы генералдар алдыңкы чекке жөнөтүлүп, анан Украина тараптан чабуулга кабылышы ыктымал.

Киевдин батышынан түндүктү карай кеткен жакта согуш аракеттери дымып калганын байкоочулар белгилеп жатат, анткени орус аскерлери чегинип, Путин көрсөткөн багытка ылайык чыгышты көздөй которулушту. Путин жапырыкты жетектесин деп армиянын генералы Александр Дворниковду бирдиктүү кол башчы кылып дайындады – мурда мындай болгон эмес эле.

Бирок ошондон бери орус аскерлери айрым гана ийгиликтерге жетишти. Мисалы, Изюм багытында илгериледи. Украин күчтөрү болсо Харьков облусундагы башка аймакты кайра ээлешти (буга орус аскерлеринин чегиниши мүмкүндүк бердиби же башка себеби барбы, белгисиз). Башка чалгын маалыматтарына караганда, орус аскер башчылары Донбасстагы украин күчтөрүн курчоого алуу үчүн түштүк жана түндүктөн чабуул жасоого аракеттенген экен.

Бирок мындай болгон жок. Бери дегенде, азырынча боло элек.

"Алар салгылашууга бардык күчтөрүн бир убакта салбайт. Менин байкашымча, алар аскер бөлүктөрүн жана бөлүмчөлөрүн акырындык менен согушка киргизип, бирок кандайдыр бир олуттуу операцияларды жүргүзүүгө умтулбай, ар бирин өзүнчө эле колдонуп жатышат", - дейт Конрад Музыка.

Жагдай кандай? Жапырык басаңдай баштадыбы же жөн эле акырын жүрүүдөбү?

Швециянын мамлекет каржылаган Коргонуу боюнча изилдөөлөр агенттигинин улук талдоочусу Йохан Норберг айткандай, бул эки түшүнүк бири-бирин жокко чыгарбайт.

"Орус куралдуу күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү азыркы кезде алсырап калды – эки ай ичинде алар көп сандаган адамдарынан жана техникасынан айрылды. Алардын жайыраак, кылдатыраак жылуудан башка аргасы жок. Алар жыргаганынан ушинтип жаткан жок", - деди “Азаттыктын” кабарчысына берген түшүндүрмөсүндө Норберг.

Жапырык кандай жүрүп жатканын өткөн дем алыш күндөрү орус генералы Валерий Герасимов Донбасстын түндүк-батыш тарабындагы фронтко жакын Изюм шаарына иш сапары менен барды деп кабарланганда, ого бетер түшүнүксүз болуп калды.

Луганск облусундагы орус аскерлеринин тынымсыз соккуларына кабылган Новотошковское кыштагы. 2022-жыл, 24-апрель.
Луганск облусундагы орус аскерлеринин тынымсыз соккуларына кабылган Новотошковское кыштагы. 2022-жыл, 24-апрель.

Талдоочулар ар кандай эле согушта жогорку даражадагы аскер кызматкеринин өзү алдыңкы чекке барып, салгылашууга жетекчилик кылуусу өтө сейрек кездешерин айтышат. Украинадагы согушта жетиден кем эмес орус генералы өлтүрүлгөнүн эске алганда, бул ого бетер таң калычтуу көрүнүш.

Зеленскийдин башкы кеңешчиси Алексей Арестович айткандай, 30-апрелде украин күчтөрү Изюмдун алдындагы команда берүү жайына ракетадан жана артиллериядан сокку урганда жогорку даражалуу бир нече орус офицери өлтүрүлгөн. Балким, ал жерде өлүмгө кабылгандардын саны алда канча көп болгон.

Орусиянын Башкы штабынын жетекчиси Герасимов да 30-апрелде командалык пунктта болгон, бирок украин аскерлеринин аткылоосу башталганга чейин эле ал жерден кеткендеп кабарланды. Украинанын мурдагы ички иштер министри Арсен Аваков Герасимов жеңил жараат алды деп билдирди.

“Балким, Герасимов орус жапырыгынын Изюм багытында эмне үчүн жыла албай калгандыгын, күчтөрдү Донецкиге которуштуруунун ордуна бул жактагы чабуулду уланта бериштин кереги бар же жок экенин аныктоого аракеттенген”, – деп айтылат Вашингтондогу Согушту изилдөө институтунун 1-майдагы баяндамасында.

Норбергдин пикиринче, Грасимовдун алдыңкы чекке барышы жетекчилик жана тартип жагынан мүчүлүштүктөр бар экендигин эле эмес, фронттогу командирлердин баары сонун деген отчётторуна Герасимов ишенбей, жагдайды өз көзү менен көргүсү келгенин да билдирет.

"Баарын өз көзү менен көрүп, согуштун жытын сезгиси келген го. Бул негизинен аскердик туюмга байланышкан. Менимче, ал эмне болуп жатканын өзү көрүүнү чечкен", – деп оюн айтты Норберг.

Бар күчтү жумшоо аракети

Донбасста орус аскер башчылары Киевдин алдындагы мурдагы салгылашууларда катуу зыянга учураган бөлүмчөлөрдү кураштырып жатат дейт Виржиния штатындагы Арлингтонто жайгашкан Аскердик-деңиз анализ борборунун аскердик талдоочусу Майкл Кофман.

Мариуполдо курман болгондордун турак жай короосундагы бейити. 2022-жыл, 19-апрель.
Мариуполдо курман болгондордун турак жай короосундагы бейити. 2022-жыл, 19-апрель.

Менимче, алардын Донбасста ийгиликке жетиши өтө күмөн, абдан көп жагдайларга байланышкан, – деди War On The Rocks сайтындагы подкастында Кофман.

Кофман орус командирлеринин жайбаракат жана кылдатыраак кыймылдап жатышынын дагы бир себебин айтты.

"Негизи, алар бар күчүн жумшоону каалайт, анткени ушундан кийин орус армиясынын кийинки чабуулдарга күчү калбайт. Бул жапырык кандай аяктаса да... алардын Украинада дагы бир чоң чабуул жасаганга кубаты жок", – деп эсептейт ал.

Кыйла чоң, тутумдук маанидеги суроолорго келсек, Норбергдин сөзүнө караганда, Орусия согушта бурулуш учурга жакындап калды. Эми согушка аскерлерди көбүрөөк салуу керекпи, жалпы мобилизацияны жарыялоо чечими эмнеге алып келет деген маселелерди чечүү керек болот.

"Согуштагы кырдаалдын мындай бүдөмүктүгүнө жана башка жагдайлардын баарына карап, Орусиянын куралдуу күчтөрүндө жоокерлери биз ойлогондон аз деп ойлойм. Эгер согушка чейинки сандар туура, аскерлер көп болсо, алар азыр согушка киргизилмек. Бирок орусиялыктар минткен жок, алардын Украинага каршы чечкиндүү кадам шилтеши үчүн күч-кубаты жетишсиз. Орусияда чоң жүрүш жасаганга демейки куралдуу күчтөр аз", – деди Норберг.

Эксперттер аскерлердин жаңы агымын уюштуруу үчүн Путин НАТОго каршы деп, иш жүзүндө Украинага текши согуш ачып, жалпы мобилизация жарыялашы керек болот дешет.

"Жер-жерлерде болгон аскерлер канча экенин эске алганда, жакынкы бир-эки аптада көп сандагы аскерлерди которуштуруу же жаңы күчтөрдү алып келүүгө мүмкүн эмес. Операциянын тездетилиши да анча ыктымал эмес, анткени бул фронтту толук камтууга аскерлер жетишпейт", – деп оюн жыйыктыктады Тигкос.

Майк Эккелдин макаласын орус тилинде бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG