Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Орусия Украинада беш темир жол станциясына сокку урду


25-апрелде Орусиянын убадасына карабай Мариуполдон карапайым элди чыгарып кетүү иши үзгүлтүккө учурады. Ошол эле күнү орус аскерлери кошуна өлкөдөгү беш темир жол станциясына сокку урду.

Орусия Мариуполдон, анын ичинде курчоодогу “Азовсталь” заводунун аймагынан карапайым элди чыгарып кетүү үчүн ок атууну бир тараптуу токтотуп, гуманитардык коридор түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин 25-апрелде убада кылган. Бирок Украинанын бийлиги орус аскерлери ал жактагы позицияларына ракета атып, бомба таштоону улантканын билдирди. Маалыматка караганда, заводдун жер төлөлөрүндө миңден көп жөн-жай тургун, арасында жаш балдар башпааналап келатат.

"Азовсталь", Мариупол. 23-апрель, 2022-жыл
"Азовсталь", Мариупол. 23-апрель, 2022-жыл

Буга чейин да элди эвакуациялоо аракеттеринен бир нече жолу майнап чыккан эмес.

Ошол эле күнү эртең менен эрте орус аскерлери кеминде беш темир жол станциясына сокку урганын Украинанын темир жол компаниясы жана бир катар облустардын башчылары кабарлады. Бир нече подстанция иштен чыгып, жүргүнчү ташыган 16 поезд токтоп калганы, Киевди өлкөнүн борбордук жана батыш бөлүктөрү менен байланыштырган жолдун айрым стратегиялык тилкелерине ток берүү үзгүлтүккө учураганы маалымдалган.


“Украинская правда” гезити Орусия темир жол инфраструктурасын керектен чыгаруу менен Батыш өлкөлөрүнөн украин жергесине аскердик техниканы жеткирүүнү кыйындатууну көздөйт деп жазды. Ишембиде Орус Коргоо министрлигинин расмий өкүлү АКШ жана Европадан ташылган курал-жаракты бутага алуу уланарын эскерткен.

Жардам демекчи, жекшембиде АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен коргоо министри Ллойд Остин Киевде украин президенти Владимир Зеленский баш болгон жетекчилик менен жолугушту. Анын жыйынтыгында Вашингтон Украинага дагы 700 миллион долларга аскердик жардам убада кылганы белгилүү болду.

Зеленский (ортодо), Блинкен жана Остин. Киев, 24-апрель, 2022-жыл
Зеленский (ортодо), Блинкен жана Остин. Киев, 24-апрель, 2022-жыл

Орусия Украинага кол салган эки айдан бери мындай жогорку даражалуу америкалык расмий адамдар биринчи жолу Киевде болду. Блинкендин айтымында, бул сапар менен алар АКШнын Украинага колдоосун көргөзүүнү көздөшкөн:

"Биз украин өкмөтүнө, украин элине бекем колдообузду билдирүүгө мүмкүнчүлүк алдык. Жерине баруу биздин баамыбызда, абдан маанилүү кадам болду. Көзмө-көз жолугушууда коопсуздук, экономика, гуманитардык чөйрөдө эбейгесиз жардамыбызды, Орусияга жасалып жаткан кысымды сөз кылуу Украина үчүн, согуштун жүрүшү үчүн маанилүү".

Вашингтон бере турган 700 миллион доллардын жарымы Украинага түз берилип, калганы НАТОнун мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүнмөкчү.
Ага кошумча Вашингтон Киевге 165 миллион долларга курал-жабдык сатарын америкалык жогорку өкүлдөр билдирди.

Президент Жо Байден бийликке келгенден бери Вашингтон Киевге дээрлик 4 миллиард долларга аскердик жардам жөнөттү. Өткөн аптада 800 миллион доллардык жардамдын жаңы пакетин жарыялаган.

Дүйшөмбү күнү Ак үй тараткан маалыматка ылайык, Байден АКШнын Словакиядагы элчиси Брижет Бринкти Киевге элчи кылып дайындоону пландап жатат. Ал кызмат расмий түрдө 2019-жылдан бери бош турган.

Америкалык делегациянын сапары тууралуу маалыматты Вашингтон Блинкен менен Остин украин башкалаасынан кеткенден кийин бышыктады. Алар Польшага барып, ал жерден поезд менен Киевге бет алган. Визиттен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Мамлекеттик катчы Орусия согуш ачканда койгон максатына жетпегенин, «Украина ийгиликтүү» туруштук берип жатканын белгиледи.

Дмитрий Полянский. Архивдик сүрөт.
Дмитрий Полянский. Архивдик сүрөт.

Буга Орусиянын БУУдагы элчисинин орун басары Дмитрий Полянский жооп кайтарды:

"Көздөгөнүбүзгө жетпей калдык деп айта албайм. Биз аскердик операция жүргүзүп жатабыз. Бул согуш эмес. Аскердик операциянын өз стратегиясы, өз максаттары болот. Чагылгандай согуш болот деп эч ким айткан эмес. Мамкатчы Блинкен аны өз оюнан чыгарса керек. Анын сөздөрүн комментарийлөө кыйын, ал дайыма карама-каршы ойлорду айта берет".

Полянский ок атышууну токтотуу ушу тапта жакшы идея эмес экенин кошумчалады.

Ал арада БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш 25-апрелде Анкарада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен кездешти. Шейшембиде баш катчы Москвада орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөрүп, кийин Киевге аттанмакчы.

Бир нече күн мурун Улуттар Уюмунун жогорку өкүлү Мартин Грифитс Түркияны тараптардын гуманитардык сүйлөшүүлөрүн уюштуруп жаткан маанилүү оюнчу деп сыпаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG