Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Украина: Кремлдин аскер санын толуктоо аракети


Украинанын чыгышындагы "ЛЭР" ("ЛНР") түзүмүндөгү жикчил аскер.
Украинанын чыгышындагы "ЛЭР" ("ЛНР") түзүмүндөгү жикчил аскер.

АКШнын Жоржтаун университетинин Коопсуздук жана жаңы технологиялар борборунун илимий кызматкери Маргарита Конаева Украинанын аймактарын басып алуу Москва үчүн өтө оор болуп жатканын айтты. Илимпоз муну Орусиянын жоокерлеринин өздүк курамынын азайышы жана аскердик техниканын тартыштыгы менен түшүндүрүп, мындан ары бул дагы айкын сезилерин белгиледи.

Америкалык профессорду "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" баяндамачысы Рид Стэндиш кепке тартты. Интервьюну Эрнист Нурматов кыргызчалаштырды.

Киришүү ордуна

Украинанын чыгышында уланып жаткан согуштун жаңы фазасында орусиялык аскерлер алгачкы жоготууларын кайталабоону жана беттешкен тилкелерде украин аскерлерин мүмкүн болушунча көбүрөөк талкалоону пландап жатат.

Бирок жаңы аскердик максатка жетүү Орусиянын куралдуу күчтөрү үчүн жеңил тапшырма эмес. Себеби аларда жоготуу көп. Британиянын коргоо министри Бен Уоллестин 25-апрелдеги эсебине караганда, согуш башталган 24-февралдан бери 15 миңдей орус аскери каза болду.

Орусиянын күчтөрү украиналыктардан кыйла кубаттуу болгону менен орус аскерлери ишке ашпай калган блицкригден кийин алсырап, ындыны түшүп калганын батыш жана украин расмийлери билдирүүдө.

Орусия ушул убакка чейин өзүнүн аскердик дараметин, анын ичинде заманбап техникаларынын басымдуу бөлүгүн пайдаланды жана өтө көп сандагы артиллериялык дүрмөттөрү менен ракеталарын колдонду.

Маргарита Конаева
Маргарита Конаева

Батыш өлкөлөрүнүн Украинага ири сандагы аскердик техникаларды жөнөтүүнү дагы да улантып, ал тургай күчөтүп жаткан маалда Орусиянын армиясынын запасы, аскерлеринин тогуз аптага созулган согуштук шарттагы күжүрмөн даярдыгы менен дарамети жөнүндө суроолор көп.

Баарлашууда Жоржтаун университетинин Коопсуздук жана жаңы технологиялар борборунун илимий кызматкери Маргарита Конаева мына ушул жана башка маселелер боюнча ойлору менен бөлүштү.

“Орус аскерлери Приднестровьеге азыр жете албайт”

“Азаттык”: Орусиянын расмийлери согуштун экинчи фазасынын максаттарынын бири катары Украинанын түштүгүндө жана Донбасс аймагында толук көзөмөл орнотуу, ошондой эле Крым менен Молдованын орусиячыл жикчил аймагы — Приднестровьени бириктирген коридор ачуу экенин жарыялады. Муну сиз кандай түшүндүрөсүз? Азыркы учурда орус аскерлери үчүн бул максат канчалык реалдуу?

Маргарита Конаева: Согушка көз салып турган ар бир киши жериндеги реалдуу абалды эске алуу менен орусиялык аскерлердин максаты бир топ алымча-кошумча болгонун белгилеп жатат. Береги соңку билдирүүлөр кайсы бир деңгээлде Донбасста биз күбө болуп жаткан реалдуулуктарды айгинелеп турат. Алар түштүк жактын көбүн ээлешти. Ошондуктан алар өз максатын жакын арада жете ала турган нерселерге өзгөртүп, ошого аракет кыла баштады.

Ошол эле маалда Украинанын деңизге чыгышына бөгөт коюу, түштүк аймактарынын баарын көзөмөлгө алуу, андан кийин Молдованын орус күчтөрү көзөмөлдөп турган райондоруна жер аркылуу жол ачуу тууралуу жарыясы менимче бир топ тынчсыздануу жаратат. Мен муну уруштун ушул раундунда жана согуштун ушул фазасында сөзсүз жетүүгө аракет кылган мүдөөсү деп эсептебейм, алар аны жөн гана келечекте аткара турган сценарий катары көрсөтүштү.

Аскерлердин күжүрмөн даярдыгы жана алардын материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен ушул тапта алар мындай максаттарга жете албайт деп айта алам. Анткени орусиялык куралдуу күчтөр өтө чоң жоготууга учурады. .

“Москва авиациясын али толук колдоно элек”

“Азаттык”: Согуштун жаңы фазасынын өрүш алышы менен Украина Батыштан эмне алып жатканына көп көңүл бурулууда. Бирок Орусияда ушул убакка чейин колдонулбаган дагы кандай материалдык каражаттар жана аскердик күчтөр бар?

Маргарита Конаева: Ооба, биз Украина эмне муктаж экенин жана Орусияда эмне жетишпей жатканына көңүл буруп келдик. Бирок Орусиянын резервинде эмне катылып жатканына анча маани бербей жатабыз.

Алар азыр эффективдүү колдонбогон сфера – авиация, алар аны мындан ары колдонобу же жокпу деген суроо ачык турат. Орусиянын авиациясы бул согушта жетиштүү киришкенин байкаган жокпуз жана алар кыска-кыска гана соккуларды уруп, андан кийин Орусиянын өзүнүн коопсуз райондоруна кайтып кетип жатты. Эгер орус авиациясы активдүү катышса, тең салмактуулуктун ташы көбүрөөк Орусия тарапка оой түшөт.

Орусия үчүн аскер кызматкерлеринин саны маанилүү болуп кала берет жана алар кайсы мезгилге чейин жоокерлерин урушка күргүштөтүп киргизе берери белгисиз. Өзгөчө жоготуулар чоң болгон учурда аракеттерин дагы канча улантары түшүнүксүз. Акыр түбү мындай жоготуулар өзүн канчалык актады деген суроо туулат да, туурабы.

Мындан сырткары алар адамдарды согушка дагы кайдан алып келери чоң суроо. Биз "Вагнердин" тобунан, керек болсо сириялык күчтөрдөн айрым жалданмаларды тартып, Украинага жөнөтүп жатканын угуп жатабыз. Мен айрым кабарларда көрсөтүлгөндөй, алардын саны арбын экени тууралуу эч бир реалдуу далилдерди көргөнүм жок. Кантсе да орус тарапка баары бир өздүк курамын чындоо үчүн жалданмалардын жардамын алууга туура келет.

“Бир жакта талкалайт, бир жакта элди тартат”

“Азаттык”: Орусия мурдараак Мариуполду толук көзөмөлгө алганын жарыялады. Түштүк аймактардагы башка айылдарда жана шаарларда орус күчтөрү жергиликтүү орусиячыл бийлик органдарын түзүүгө аракет кылып жатканын көрүп турабыз.

Ал тургай Херсонду Украинадан бөлүп, Москвага баш ийген субъект – "ХНР" же “Херсон Элдик Республикасын” жарыялоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө сөз болууда. Өз көзөмөлүнө алган жерлерде колдонуп жаткан Орусиянын бул тактикасы жөнүндө кандай ойдосуз?

Маргарита Конаева: Согуштун баштапкы этаптарында орусиялыктардын башкаруусуна кызыкдар болбогон Украинаны же анын кайсы бир аймактарын Орусия кантип басып алууну пландап жатат деген башкы маселе башкы суроо болчу.

Чыгышта жана түштүктөгү айрым жерлерде орус тилдүү калк басымдуу экенин билебиз, бирок алардын арасында да орусиялыктарды кубаныч менен тосуп алуу болгон жок. Аларды Орусия башында күткөндөй деңгээлде тосуп алышпады. Мына ошондуктан алар жер-жерлерде колдоо табуу үчүн тургундар менен сүйлөшүүгө барбай, зордук-зомбулукка, каршылыктарды күч менен басууга жана талкалоого жетип жатышат. Ал аймактарда көзөмөлүн же таасирин кармап тургусу келсе орусиялыктар мындай тактикалык ыкманы али дагы көп колдонот.

Бирок жеке мен башка жердегидей, маселен Палестинадагыдай аскердик оккупация же, Иракка басып кирүүдө каршылашынын күчтөрүн сүрүп чыгаруу сыяктуу кырдаал Украинанын түштүгүндө дайым сакталып турат деп ойлобойм. Бул жерде таптакыр башкача болот, алар жергиликтүү эл менен байланышка барып, ошонун эсебинен таасирин орнотууга аракет кылат. Анан алар кийин өз жеңишин, өз максаттарына жеткенин жарыялоо үчүн бул райондорду катуу талкалашат.

“Орусия легитимдүүлүк жөнүндө ойлогон жок”

“Азаттык”: Биз согуш учурунда көргөн өтө каардуу тактикалык чараларды, ошол эле Бучада болгондой окуяларды эске алганда, жер-жерлерде референдум уюштурабыз деп жаткан орус аскерлери украиналыктар менен канчалык карым-катыш түзө алат?

Маргарита Конаева: Мен бул жердеги бардык референдумдар легитимсиз жана мыйзамсыз экенин белгилеп коюшум керек, анткени бул өзү мыйзамсыз согуш. Мындай референдумдар биринчи кезекте эл аралык укукту бузат, экинчи кезекте анын жыйынтыгында эмне жарыяланбасын ал легитимсиз.

Тилекке каршы, ар бир жаңжалда башаламандыктан пайда менен чыккысы келген жергиликтүү кызыкдар тараптар болот. Соңку жаңжалда алар аз экенин байкадык, украиналыктардын ичинде чыныгы биримдикти көрө алдык. Ошентсе да, Орусия кызматташкысы келгендердин айрымдарынын укуктарын кеңейтип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бергенге же адамдарды сырттан алып келүүгө аракет кылат.

Көңүл буруучу дагы бир жагдай, бул – калкты көчүрүү жана жергиликтүү калктын украинчил бөлүгүн сүрүп чыгуу аракети болушу күтүлөт. Тескерисинче, Украинанын башка облустарынан же болбосо Орусиянын аймактарынан адамдарды көчүрүп келип, өз аракеттерин легитимдүү көрсөткүсү келет. Бирок менин оюмча, ушул тапта, согуштун азыркы этабында Орусиянын тизмесинде “легитимдүүлүк” эң арткы орундарда турат.

Бул түшүнүктү орус бийлиги жалганга уугуп калган өз калкына келтирүүчү жүйө катары пайдалануучу нерсе десек болот. Бирок Украинанын түштүк жагындагы аракеттердин легимдүүлүгүнө ынангандар Украинада же Батышта да болушу мүмкүн эмес.

“Согуш көпкө созулат”

“Азаттык”: Жогоруда сиз уруштун кийинки этабында көбүнчө артиллерияны колдонууга басым жасалат деп белгилеп өттүңүз. Бирок эгер ошол эле согуштук этапта бир гана компонентке көңүл буруш керек болсо, сиз эмнени атайт элеңиз?

Маргарита Конаева: Менин оюмча, согуштун узарышы жөнүндө биздин оюбуз бышыкталып жатат. Менимче ал жакын арада чечилбейт, көпкө созулат.

Күчтөрдүн айырмасын жана саясий маңызды эске алганда, Орусиянын президенти Владимир Путин утулуп калганга таптакыр жол бербейт. Экинчи жагынан алганда, Украина күрөштү улантуу үчүн ыңгайлуу позицияда турганы үчүн чегинүү жөнүндө таптакыр ойлогон жок.

Менин кеңешим: чечүүчү уруштарды эмес, туңгуюкка кептелген узак кармаш болот деп күтүш керек. Согуштун гуманитардык чыгымдарын ошого карап эске алуу кажет. Анткени азыр Батыш коргонууга берип жаткан аскердик жардамдын баасынан кийин калыбына келтирүүнүн чыгымы ашып түшөт. Батыш өлкөлөрү колдоосун уланта бериши керек, бирок ошол эле маалда Украинанын гуманитардык керектөөсүнө жана жаңжалдан кийинки муктаждыктарына да көңүл бөлүүсүн күчөтүшү керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG