Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:06

Москвадагы аскердик парад, "Чоң жетинин" чечими


Орус президенти Владимир Путин согуштун ардагерлери менен. 9-май, 2022-жыл.
Орус президенти Владимир Путин согуштун ардагерлери менен. 9-май, 2022-жыл.

Украинада согуш уланып жаткан маалда Москва Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өткөрдү. Анда сөз сүйлөгөн президент Путин Орусиянын коңшу өлкөгө кол салганын "зарылчылык" катары мүнөздөдү. Өткөн дем алыш күндөрү орус күчтөрү Украинанын бир катар аймактарына сокку урду.

Кызыл аянтта Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган аскердик парад бир саатка созулду. Мурда жарыялангандай, иш-чарага чет өлкөлүк бир да лидер катышкан жок.

Буга чейин Батыштагы айрым маалымат каражаттары президент Владимир Путин Жеңиш күнүндө Украинага расмий согуш жарыялашы мүмкүндүгүн, Орусияда жалпы аскердик мобилизация башталышы ыктымал экенин жазышкан.

Бирок 9-майда андай чоң билдирүү болгон жок. Путин Орусиянын Украинага кол салганын актап, мурдагы жүйөлөрүн кайталады.

"Орусия агрессиянын алдын алуучу сокку урду. Бул аргасыз, убагында кабыл алынган жана жападан жалгыз туура чечим болду. Суверендүү, күчтүү, көз карандысыз өлкөнүн чечими", - деди Путин.

Путин АКШ жана НАТО Орусиянын коопсуздугуна байланыштуу кепилдик бербей, Украина орустардын “тарыхый жерлерине”, анын ичинде Крымга чабуул коюуга даярданган деп кошумчалады. Бирок Киев жана Батыш өлкөлөрү андай планы болбогонун айтып, Москваны жок жерден кол салгандыгы үчүн айыптап келет.

9-майда Британиянын коргоо министри Бен Уоллес орус армиясынын Украинадагы согуш маалындагы аскердик парадын жана ага катышкан генералдарды сынга алды.

"Украинага кол салуу аркылуу Путин жана анын генералдарынын жакын чөйрөсү 77 жыл мурдагы фашизмди жана тирандыкты, өткөн кылымдагы тоталитардык режимдин каталарын кайталап жатат", - деди Уоллес.

77 жыл мурун 9-май күнү СССРде нацисттик Германиянын капитуляциясы жарыяланган.

Орусиянын чабуулдары уланууда

Мариуполдогу "Азовсталь" заводу. 5-май, 2022-жыл.
Мариуполдогу "Азовсталь" заводу. 5-май, 2022-жыл.

Жеңиш күнүнүн алдында орус армиясы Украинанын чоң шаарларына толук көзөмөлүн орното алган жок. Украин армиясы билдиргендей, 9-майда орус күчтөрү өлкө түштүгүндөгү Одесса шаарынын айлана-терегенин жогорку тактыктагы "Оникс" ракеталары менен аткылады. Бирок бул ракеталар эмнени бутага алганы айтылган жок.

Ишемби күнү Луганск облусундагы Белогоровка айылындагы мектепке урулган орус армиясынын соккусу болжол менен 60 тай адамдын өмүрүн алды. Мариупол шаарындагы украин күчтөрүнүн акыркы бастионуна айланган «Азовсталь» заводунан жайкын тургундардын баары чыгарылды. Бирок андагы 2 миңге чукул украин аскерлери багынып берүүдөн баш тартып, "акырына чейин" күрөшө турганын айтышты.

"Биз көзүбүз тирүү турганда орус оккупанттарынын чабуулдарынын мизин кайтара беребиз", - деп билдирди бир күн мурда заводдогу "Азов" полкунун командиринин орун басары Святослав Паламарь.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 9-майда жарыялаган видео кайрылуусунда украин эли Жеңиш күнүндө дагы бир жеңиш үчүн жан үрөп, кармашып жатканын айтты.

"Биз балдарыбыздын эркиндиги үчүн күрөшүп жатабыз. Андыктан биз жеңип чыгабыз. Биз Экинчи дүйнөлүк согуштагы ата-бабалардын эрдигин унутпайбыз. Анда 8 миллиондон ашуун украин жараны өлгөн. Ар бир бешинчи украиналык үйүнө кайтпай калган. Жалпысынан согуш кеминде 50 миллион адамдын өмүрүн жалмаган. Акылдан адашкан адам гана 2194 күндүк бул согушту кайталагысы келет. Ал киши эмитен эле Гитлер режиминин үрөй учурган кылмыштарын кайталап жатат", - деди Владимир Зеленский.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундар жана аскерлер курман болду. Соңку бир канча жумадан бери орус армиясы Украинанын чыгышында жана түштүгүндөгү чабуулдарын күчөттү.

Санкцияларды күчөтүү аракети

"Чоң жетинин" виртуалдуу жыйыны, Париждеги Елисей президенттик сарайы, 8-май, 2022-жыл.
"Чоң жетинин" виртуалдуу жыйыны, Париждеги Елисей президенттик сарайы, 8-май, 2022-жыл.

8-майда "Чоң жетиге" кирген Британиянын, Канаданын, Франциянын, Германиянын, Италиянын, Жапониянын жана АКШнын лидерлери виртуалдуу жыйынга чогулуп, Украинага негизсиз кол салганы үчүн орус президенти Владимир Путинге жана анын жакын өнөктөшү, Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенкого басым көрсөтүүнү улантууну убада кылышты. Ага украин президенти Зеленский да катышты.

Бул жыйынды улай Кошмо Штаттар Орусиянын мамлекеттик телеканалдарына жана "Газпром" ишканасынын жогорку жетекчилерине санкция салганын жарыялады. Ошондой эле Вашингтон Америка жарандарына орусиялыктарга кеңеш берүүчү кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салды.

Европа биримдиги 8-майдагы жыйында Орусияга каршы жаңы санкциялар тууралуу мунасага келе алган жок. Венгрия, Грекия жана Кипр орус мунайына эмбарго салууга каршы болду. Бул тууралуу бир катар маалымат агенттиктери өз булактарына таянып билдиришти. Санкциялардын 6-пакетинде орус мунайын сатып алууга жана ташууга тыюу салуу каралган. Бирок 2024-жылга чейин орус энергия булактарына көз каранды Венгрия, Чехия жана Словакияга импортко уруксат берилмек.

Будапешт бул жетишсиз чара экенин айтып, башка өлкөлөрдөн күйүүчү май алуу үчүн компенсация талап кылууда. Кипр менен Грекия танкер флотунун ири бөлүгүн көзөмөлдөшөт.

Мындан тышкары Орусиянын мамлекеттик үч телеканалына чектөө киргизүү, «Сбербанк» жана дагы эки ири банкты эл аралык SWIFT системасынан ажыратуу, орус жарандарына шаркет аймагында кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салуу пландалган.

Буга чейин Венгрия бийлиги орус газ-мунайын сатып алууну чектөө сунушуна каршы болорун эскертип келген. Санкциялар мүчө-мамлекеттердин бардыгы макул болгондо кабыл алынат.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG