Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкциялар боюнча мунаса тапкан жок


Европа биримдиги 8-майдагы жыйында Орусияга каршы жаңы санкциялар тууралуу мунасага келе алган жок. Венгрия, Грекия жана Кипр орус мунайына эмбарго салууга каршы болду. Бул тууралуу бир катар маалымат агенттиктери өз булактарына таянып билдиришти. Санкциялардын 6-пакетинде орус мунайын сатып алууга жана ташууга тыюу салуу каралган. Бирок 2024-жылга чейин орус энергия булактарына көз каранды Венгрия, Чехия жана Словакияга импортко уруксат берилмек.

Будапешт бул жетишсиз чара деп, башка өлкөлөрдөн күйүүчү май алуу үчүн компенсация талап кылууда.

Кипр менен Грекия танкер флотунун ири бөлүгүн көзөмөлдөшөт.

Мындан тышкары Орусиянын мамлекеттик 3 телеканалына чектөө киргизүү, «Сбербанк» жана дагы эки ири банкты эл аралык SWIFT системасынан ажыратуу, орус жарандарына шаркет аймагында кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салуу пландалган.

Буга чейин Венгрия бийлиги орус газ-мунайын сатып алууну чектөө сунушуна каршы болорун эскертип келген. Санкциялар мүчө-мамлекеттердин бардыгы макул болгондо кабыл алынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG