Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

"Согушта дайынсыз кеткендердин тагдыры иликтениши керек"


Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнө 77 жыл толду.
Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнө 77 жыл толду.

Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнө 77 жыл толду. Адамзат тарыхындагы эң көп кыргын алып келген алааматтын кесепети азырга чейин унутула элек. Анын ичинде дайынсыз кеткен, туткунга түшкөн жоокерлердин көбүнүн тагдыры белгисиз. Акыркы жылдары көптөгөн аскердик архивдер интернетте ачык жарыяланып, дайынсыз кеткен чоң ата, таятасын, жакынынын дарегин, кандай шартта курман болгонун билүүгө кызыккандар көп.

Изилдөөчүлөр Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында төрт жарым миллиондой советтик аскердин дайынсыз кеткенин белгилеп жүрүшөт. Алардын катарында туткундалып же башка себептер менен курман болуп, дайынсыз деп эсептелген миңдеген кыргызстандыктар бар. Кыргызстанда азыркы кезге чейин алардын саны такталган эмес. Кабарчыбыз Айбек Абдылдаев тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жумагул Байдилдеев менен ушул темада маектешти.

Жумагул Байдилдеев.
Жумагул Байдилдеев.

- Жумагул мырза, студиябызга куш келипсиз! Акыркы мезгилде Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда дайынсыз кеткен чоң ата, таяталарынын тагдырын билүүгө ынтызар болуп издеп жүргөн кишилерди көп кездештирип калабыз. Өзүңүзгө белгилүү, азыр көптөгөн архивдер интернетте ачык болуп калбадыбы. Айталы, ошол эле "Мемориал", "Подвиг народа", "Солдат" сыяктуу сайттардан издегендер бар. Айрым ыктыярчылар болсо өз алдынча немис концлагериндеги документтерди таап чыгып, социалдык тармактарга жарыялап жатат. Ал эми тарыхчы окумуштуулар арасында ушул маселени изилдөө жагы кандай жүрүүдө?

- Албетте, бүгүнкү күндө тарыхчылар аракет кылып келе жатат. Бирок ачык айтып коюш керек, Улуу Ата Мекендик согуш темасына кайрылган кийинки муундагы тарыхчылар саналуу эле. Кайрылган күндө да үстүрт мамиле кылышып, баш-оту менен кирип иликтөө жүргүзгөндөр аз. Аларга караганда бөлөк эле кесиптин ээлери же ушул маселеге кызыккандар баалуу эмгек жасап жатышат. Алсак, Кант шаарында жашаган бир аксакал киши архивдердеги сайттардан карап материал чогултуп, тапкан маалыматтарын жалпы элге жарыялап келе жатат. Советтик аскерлерге, Кыргызстандын советтик аскери темасына кызыккан Түнтеев Назарбай деген агайыбыз бар. Ал көп жылдардан бери Астанада эмгектенет. Алгачкы кыргыз аскерлери тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүп, аталган согуш темасына да кайрылып жүрөт. Андан тышкары, Нарынбек Алымкулов деген агайыбыз докторлук темасын Улуу Ата Мекендик согушка арнап, жалаң фактылар менен иштеп, Москванын көптөгөн архивдеринде болгон. Анын көзү өткөнүнө бир жылдай болуп калды, буюрса, илимий эмгектери чыгып калса, согуштун дагы көптөгөн белгисиз жактары ачылышы мүмкүн. Кыскача айтканда, Улуу Ата Мекендик согуштагы аскерлердин тагдырлары тыкыр иликтене элек.

- Ошол изилдөөнүн чабалдыгын мындан да көрсөк болот экен: Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей киши катышкан деп айтып келе жатабыз. Бирок бул сан деле так эмес турбайбы?

- Ооба.

- Анын ичинде дайынсыз кеткен, туткунга түшкөндөр тууралуу маалыматтар өтө сейрек экен, буга эмне себеп?

- Биз коңшу өлкөлөрдүн тарыхчылары менен тыгыз алака-катышта болуп, алардын илимий жыйындарына байма-бай катышып күбө болуп келе жатпайбызбы. Менин илимий темам өткөн кылымдын 30-жылдарындагы саясий куугунтуктар, репрессия, кулакка тартуу жөнүндө. Дал ушул тема боюнча Казакстанда аябай орчундуу иштер жасалып жатат. Тилекке каршы, бизде тийиштүү көңүл бурулбайт. Ошол эле Үркүндү, ошол эле репрессияны, ошол эле дайынсыз жоголгон жоокерлерибизди иликтеш үчүн мамлекет тарабынан чоң жардам, көмөк керек. Болбосо илимпоздор 15 миң сом айлык менен Орусиянын архиви турмак, Оштун, Нарындын архивдерине барып изилдөө жүргүзгөнгө дареметибиз жетпейт. Муну өкмөт колго алып, тарыхты мыкты билген, архив ишин дурус түшүнгөн окумуштуулардан (айрыкча жаш илимпоздордон) турган ири топторду түзүшү керек.

Аудиосун бул жерден угуңуз:
"Согушта дайынсыз кеткендердин тагдыры иликтениши керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:06 0:00

Архивди иликтөө - алтын казуудай эле машакаттуу жумуш. Миңдеген иштин ичинен араң бир кандашыбыздын документи чыгып калышы ыктымал. Ошон үчүн коңшу Казакстандагылар Беларуста партизан болуп жүргөн казактардын тизмесин таап, тактай алышты. Үч жыл болду, Германиянын, Польшанын, Балтика боюндагы өлкөлөр Латвия, Литванын, Австрия, Венгриянын жана башка көптөгөн шаарлардын лагерлеринен туткун болгон казакстандык жоокерлер жөнүндө маалыматтарды таап, "Түркистан туткундары" деген тизме түзүштү. Францияда Мустафа Чокайдын архиви бар, ошол киши түзгөн тизмени да алып келишти. Бул жаатта атайын китептерди чыгарып, дайынсыз кеткен жоокерлердин тагдыр-таржымалын тактоо үчүн зор аракеттер жүрүп жатат. Ошол эле китептердин ичинде кыргыздар да жүрөт. Мен ал жерден 300гө жакын кыргыз жоокердин тизмесин алдым. Түрк легиону болгону үчүн ал лагерлердеги туткундардын тизмесинде казактар, тажиктер, өзбектер, түркмөндөр да жүрөт. Ал эми Пагоген деген чоң лагерде Кыргызстандын ар бир үч облусу боюнча (Тянь-Шань, Ош жана Жалал-Абад) көптөгөн кандаштарыбыздын тизмеси жүрөт. Эми аны да жарыяласак, балким, дайынсыз кеткендердин арасынан дагы канчасы табылып калат. Ачыгы, бул иштер бизде жай жүрүп жатат. Биз иштейли, издеп-табалы деп турабыз, бирок бизге ойдогудай шарт болбой жатат. Чет өлкөлөрдүн архивдерин алыш деген оңой жумуш эмес, биз көптөгөн коңшу өлкөлөрдүн архивдеринде иштеп жүрөбүз. Ал жерде үч күндөн кийин беш ишти гана иликтөөгө уруксат берилет, андан кийинкиси кызылдай акча. Алар бизге чет өлкөнүн илимпоздору катары мамиле кылышат.

- Ошол учурда алдыңкы интеллигенциянын өкүлдөрү болгон кыргыздар дагы согушка катышканын билебиз. Алар тууралуу даректүү, тарыхый эмгектер жетиштүүбү?

- Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) Батышта калып калып, өзү да кийин журналист болуп эмгектенбедиби. Кийинчерээк өзү тууралуу, өзүнүн басып өткөн жолу тууралуу көптөгөн эскерүүлөрдү жазып калтыргандыктан, ал жөнүндө кеңири маалыматтарды билип калдык. Ошону менен бирге эле кыргыз туткундары тууралуу да маалымат ала алдык. Көрсө, ал жерде жалаң эле карапайым, сабатсыз кишилер эмес, Беталман сыяктуу билимдүүлөр да болгон экен. Анын чыныгы аты-жөнү - Сатар Алмамбет. Беталман деген адабий псевдоними. Ал өзү чыгармачыл адам болгон экен. 1942-жылы ошол Түркистан легиону түзүлгөндө анын төрагасы Вали Каюмдун (1904––1993) орун басары болгон экен.

Туткунга түшкөн советтик аскерлер. 1941-жыл.
Туткунга түшкөн советтик аскерлер. 1941-жыл.

Беталман согуштан кийин Советтер Союзуна кайра кайтып келген, бирок аны чыккынчы катары Сибирге сүргүнгө айдашкан. Ал ондогон жылдардан кийин Хрущевдун маалында акталды. Белгилүү татар акыны Муса Жалил да Түркистан легионунда болгон. Аны да согуштан кийин көп мезгилге чейин чыккынчы катары эсептеп жүрүшкөн. Качан гана "Маобит дептери" табылганда, анын фашизмди жек көргөн ырларынан кандай адам экендиги билинди. Кийин Советтер Союзунун Баатыры болду. Ал эми Беталмандын кандай эмгектери бар, али архивдерден таба элекпиз. Ал өзүнүн ак экендигин билип туруп кайра кайтып келди да. Туткундардын көпчүлүгү түрмөгө камаларын билип, ошол жакта калып калышкан.

- Демек, Сатар Алмамбет тууралуу дагы иликтөө зарылдыгы бар турбайбы?

- Ооба, иликтесе болот. Белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин агай: “Эгер лагерлерден, ошол эле концлагерден бул киши тууралуу маалыматтар табылып калса, дагы бир кишини жүзү жарып, бейнеси дагы да ачылмак”, - деп айтып жатпайбы. Тилекке каршы, биз мурдагы СССРдин аймагындагы тарых менен эле чектелип жатабыз. Ал эми чет өлкөлөргө барып, жаңы маалыматтарды таап келгенге, албетте, мамлекеттин, өкмөттүн камкордугу зарыл.

- Кеп каржы маселеси экен, бирок азыр архивдер ачыкпы?

- Архивдер көпчүлүгү ачык эле, сүйлөшсө болот. Мисалы, ар кайсы мамлекеттер менен ар кандай тармактар боюнча (билим берүү, маданий-агартуу ж.б. жаатында) өз ара келишимдер түзүлүп жатпайбы. Илимпоздордун тарыхый-архивдик маалыматтарды алышына уруксат берүүгө кол коюлган. Мурда булардын баары жабык болчу, “жашыруун” деген гриф менен сакталып турган. Эми жашыруун болбой калды, эки өлкөнүн ортосундагы келишим боюнча Казакстан, Орусияга барып маалыматтарды алып келсек болот. Болгону репрессия темасындагы улуттук коопсуздук комитеттердин архивдери азырынча жабык болуп жатат. А бөлөк мамлекеттик архивдердин эшиги ачык. Мен 2015-жылы Москванын жака-белиндеги Подольск шаарындагы Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин архивине атайын барып келдим. Ошондо архив тармагында иштеген бир кызматкер: "Сиз бизге өтүнүч кат калтырсаңыз да бул жерден сизге оң жооп барбайт. Себеби бул иш бир кишинин колунан келбейт. Казактар келип эки жыл дегенде араң өз документтерин алып кетти. Бул жерде кан болгон, жартысы өрттөлгөн, саргарган, топурак аралашкан кыргыздардын документтери сакталып турат. Ошолордун баарын изилдеп-иликтеш үчүн кеминде жыйырма-отуз адам көз жоосун коротуп, көп убакыт отуруш керек. Башкача айтканда, бул мамлекеттик деңгээлде чечиле турган иш", - деди.

Ошол жылдан бери президенттик аппаратка, Жогорку Кеңешке канчалаган кайрылуу каттарын жолдодум, бирок эч кандай оң жооп боло элек. Эгер колдоо болуп калса, Орусия Федерациясынын архивдеринен кыргыздардын баарынын тизмесин алмакпыз.

- Экинчи дүйнөлүк согушта эмне үчүн мынча көп сандагы советтик аскерлер курман болду, көптөр туткунга түштү деген теманы жазып, иликтегендер болдубу?

- Ооба, бул тууралуу макала түрүндө жазып жатабыз, мына бүгүнкүдөй жалпыга маалымдоо каражаттарына маалыматтарды берип жатабыз, илимий жыйындарда да айтып жатабыз. Бирок илимий жыйындарда сүйлөгөндөрүбүз көбүнчө анда катышкан окумуштуулардын тар чөйрөсүнөн башка жакка угулбайт экен. Илимий жыйнак болсо жогорку окуу жайларга барат, аны кайра эле тарыхчы мугалимдер окуйт. Өкүнүчтүүсү, тээ алыскы айылдардагы китепканаларга, жалпы элге жетпей калат экен. Ал эми калайык калктын көпчүлүгү баягы эле советтик идеологиянын таасиринде калган. Дагы деле Сталиндин даанышман жетекчилиги астында жеңгенбиз деп жүрүшөт.

Кызыл Армиянын жоокерлери “Москва” мейманканасынын чатырындагы зениттик пулемёттун жанында. 1941-жыл.
Кызыл Армиянын жоокерлери “Москва” мейманканасынын чатырындагы зениттик пулемёттун жанында. 1941-жыл.

Улуу Ата Мекендик согуш башталган алгачкы күндөрдө эле бир миллиондон ашуун адам жарактан чыккан. Ошонун жети жүз жыйырма миңи туткунга түшкөн. Анын көпчүлүгү туркистандыктар болгон. Мисалы, "Свастика менен кызыл жылдыздын арасында" деген китептин автору Патрик фон Цюр Мюлен: "Согуштун алгачкы кышында эле түркистандык туткундардын үчтөн экиси ачарчылыктан өлдү", - деп жазат. Ал түркистандыктардын туткунга көп түшкөнүн айтып жатат. Ал эми Г.Гервардт "Гитлер менен Сталиндин арасында" деген китебинде туркистандыктардын 80% ачарчылык менен оорудан өлгөнүн жазат. Казак же түркистандык бөлөк жоокерлердей эле уруш башталып жатканда кыргыздар да бүт сабатсыз болушкан. Көбүнчө айыл чарбасында, кара жумуштарда иштеген. Алар аскердик даярдыктан өтпөгөндүктөн, согуштук курал-жаракты кантип колдонушту да билген эмес.

Казакстандын белгилүү окумуштуусу Көшүм Есмагамбетов "Түркистан аскер туткундары" деген китепте согуштагы шовинистик маанай тууралуу да айтат. Орус жана славян улутундагы аскер башчылар Түркистандан келген жоокерлерге эң аягында курал-жарак беришкен жана аларды согуштун татаал участокторуна, көп өлүм болчу жерлерге жумшаган деп жазат. Анын бир эле мисалы, Казакстанда түзүлгөн (басымдуу бөлүгү казактардан турган) 106-дивиянын 3200 жоокерине болгону 102 мылтык, 125 миномёт жана 3100 кылыч берип туруп танктарга каршы жиберишиптир. Ал жерде 3200 жоокердин бири да тирүү калбаптыр. Көпчүлүгү айласыздан туткунга түшкөн. Муну казак туткундардын көпчүлүгү менен жолугуп сүйлөшкөн Мустафа Чокай да тастыктаган. Ал согуштун алгачкы жылдары 3.5 миллион киши туткун болду деп айткан. Буга 37-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын кесепети тийген. Сталин беш маршалдын үчөө Тухачевский, Егоров жана Блюхерди аттырып салган. Алар менен бирге көптөгөн тажрыйбалуу советтик аскер кызматкерлери атылып кеткен.

- Демек, репрессиянын да согушка кыйыр таасири изилденип, өз баасын алыш керек турбайбы?

- Эгер ошол кездеги статистиканы алсак, советтик офицерлердин курамынын 7% гана жогорку билимдүү болгон, төрттөн биринин гана атайын орто билими болгон. Ал эми төрттөн үчүнүн (б.а. төрт жүз офицердин үч жүзүнүн) бир жылдык гана иш тажрыйбасы болгон. Мына ушундай жагдайлардан улам 1941-жылы жеңилүүгө дуушар болуп, туткунга көп түшүшкөн. Буга албетте, сталиндик репрессиянын таасири да тийген.

- Экинчи дүйнөлүк согушка кат-сабаты жоюла элек кишилер кеткен деп айтып жатасыз. Аскер жетекчиси катары кызмат өтөгөн кыргыздар болгонбу, эгер болсо, алардын саны канча?

- Кыргыз аскери, кыргыз атчандар дивизиясы, кавалердик полк түзүлгөндөн баштап бизде эң мыкты кыргыз аскер жетекчилери болгон. Бирөөсүн мисал келтирсем, Аден Истамбеков деген болгон. Бул киши 1903-жылы Ысык-Көлдүн Ичке-Жергез деген айылында төрөлгөн. Атасы Бекембай 1906-жылы Иркутскидеги Александровский централ түрмөсүнө айдалган. Адем ошол жакка атасы менен чогуу барып, татар мектепте билим алат. Кийин кайтып келгенден кийин, 1920-жылы Каракол Ревкомунун жолдомосу менен Ташкенттеги аскер окуу жайына жөнөтүлгөн. Ал орус тилин мыкты билген, 30 жашына чейин төрт-беш аскердик билим алган. 1933-жылдан 1935-жылга чейин Алматы шаарындагы атчандар дивизиясынын командиринин орун басары болуп турганда Абдыкадыр Орозбеков жана Баялы Исакеевдин атайын чакыруусу менен 1936-жылы Кыргызстанга келет. 34 жашында Кыргыз АССРинин Аскер комиссары кызматын аркалайт. Кийин кайра эле Алматыга мурдагы кызматына барганда репрессия дуушар болуп, кармалат. Кыргыз аскер кызматчыларынан жалпысынан кырктан ашуун адам репрессиянын курмандыгы болгон. Эгер согуш учурун эстесек, кыргыз аскер жетекчилери майор же подполковник наамына чейин гана көтөрүлгөн. Согуш баатырлары Калыйнур Үсөнбаев, Дайыр Асанов жана башкалар Германияга чейин барышып, капитан, майор наамын алышкан. Айрымдары батальондун командири болгон. Казактарда дивизиянын командири болгондор бар.

Турдубек Усупбеков деген дагы бир офицерибиз бар. Бул киши 1941-жылы парашюттук-десанттык ротанын командири болгон. Усупбеков 1938-жылы камакка алынган. Ал биринчи тизмеде турган. Биринчи тизмегилер токтоосуз атууга кетчүлөр болсо, экинчи тизмедегилер он жылдан он беш жылга, ал эми үчүнчү тизмедегилер беш жылдан он жылга кесиле тургандардын тизмеси болгон. Эмнегедир биринчи тизмедеги Турдубек Усупбеков (Баялы Исакеев менен бирге) Сталин, Жданов, Молотов атылсын деп кол койгондугуна карабай, 1938-жылдын ноябрында атылбай калат. А 1939-жылдын май айында, фин согушу башталганда офицерлер бошотулсун деген буйрук чыгат. Атууга кетчүлөрдүн азыраагы бошоп чыгат. Турдубек Усупбеков урушка катышып, 1943-жылы Полтава облусунун Котельва деген шаарында баатырларча каза болгон. Эгер тирүү болгондо мыкты офицер болмок. Жогорку аскер окуу жайын бүтүргөн, бир катар кыргыздын мыкты аскер кызматчылары болушкан. Булар да репрессияга дуушар болуп, экинчи категориядагы тизмеде турган. Алар түрмөдөгү кыйноодон каза болуп калышкан.

- Кыргызстандык офицерлердин катары калың деле эмес экен да?

- Болжолдуу саны кырктан ашуун. Бирок репрессияланбай аман болгондо, ошолор да бизге жетиштүү болмок.

- Өткөн жылы концлагерден биздин айылдан эле эки кишинин документи табылды. Менин өзүмдүн чоң энемдин да эки бир тууган агасы согуштан кайтпай, дайынсыз кеткен деген кагаз алган экен. Ал дагы өмүр бою агаларын күтүп өттү. Бул өңүттөн алганда Экинчи дүйнөлүк согуштун кесепети жалпы элге тийген экен. Дээрлик баардык айылдарда ушундай маселе бар тура. Сиз айткандай архивдерде саргара отуруп изилдөө зарыл.

- Тарыхчы катары айтсам, тилекке каршы, бул жаатта бизде жыйырма жыл мурда абал кандай болсо, азыр да ошондой – эч жылыш болгон жок. Бизде жагдай кандай экени сыртка чыкканда, Орусияга, Өзбекстанга, Казакстанга барганда байкалат. Мына, коңшулаш өзбектер басмачылардын баарын актап, алардын тизмесин тактап, беш томдук китеп чыгарып салды. Ал эми Казакстанда болсо отузунчу жылы ачкалыктан кырылган казактардын аты-жөнүн тактайбыз деп жатышат. Туткундар тууралуу көптөгөн маалыматтарды жарыялашты. Ошолорду көрүп туруп ыза болот экенсиң, барганда ушуну уюштурайын деп аябай дегдөө менен келесиң, бирок сенин сөзүңдү эч ким укпайт, эч ким колдобойт, ошондо шаабайың сууп отуруп каласың.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG