Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Экинчи дүйнөлүк согуш: Түркстандык аскер туткундары


Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарындагы советтик аскер туткундары. 1942-жыл, июнь.

Экинчи дүйнөлүк согуш тарыхта миллиондогон кишинин өмүрүн алган, азап кайгыга салган кандуу издери менен калды. Согуштагы кара тактардын бири - аскер туткундары.

1941-жылдын жай айынын орто ченинде эле Кызыл Армия бир миллиондон ашуун аскерлери менен офицерлеринен айрылат. Алардын 724 миңи туткунга түшкөн. "Ошол жылдын ноябрына карата немис лагериндеги Кызыл Аскер туткундарынын саны 3,6 миллионго жеткен", - деп жазат казак тарыхчысы Аккали Ахмет ("Егемен Казакстан" гезити, 12-май, 2012-жыл).

Немис лагерлериндеги аскер туткундары ачык асман алдында, чириген картошка менен өзөк жалгап, тозок отунун оозунда турушкан. "Свастика менен кызыл жылдыз арасында" деген китептин автору Патрик фон Цюр Мюлен мындай шарттан улам согуштун алгачкы кышында түркстандык туткундардын үчтөн экиси, ал эми Г.Гервардт "Гитлер менен Сталин арасында" деген китебинде туткундардын 80 пайызга жакыны ачарчылык менен оорудан өлгөнүн жазат.

1941-жылдын декабрь айында Польшанын түрк тилдүү элдеринин өкүлдөрү жайгашкан Ченстохан концлагеринде 30 миң кишинин 2 миңи гана тирүү калган.

Мына ушунун өзү эле Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз болгондордун көпчүлүгү немис концлагериндеги аскер туткундары экендигин айгинелеп турат.

Туткундагы түркстандык аскерлер

Мобилизация боюнча армияга түрстандык элдерден көпчүлүгү башталгыч жана орто билимдүүлөр менен кошо сабаты жоктор, ал эмес мектеп окуучулары (ал жылдары кээ бир жаштар мектепке кеч барганын эске алганда) дагы алынган учурлар болгон. Аскерге алынгандардын көпчүлүгү колхозчу, кара жумушчулар эле. Алардын 90 пайызы мылтыкты кантип колдонгонду билген эмес жана мал багып, айылда өскөндүктөн орус тилиндеги командага көнүүдө кыйынчылыкка учурашкан.

"Казак, өзбек, кыргыз ж.б. калктардын көпчүлүгү курал-жарак менен эң акырында жабдылып, көп учурларда аларга аңчы мылтыктары да жетпей калган",- деп жазат казак тарыхчысы Көшүм Есмагамбетов.

Ошондой эле ал өз эмгегинде: "Орус жана славян калктарынан чыккан офицерлердин курамында шовинисттик маанайдагы командирлер казак, өзбек, кыргыз жоокерлерин оор, кыйын, өлүмгө алып келчү операцияларга атайын жөнөтүп турган. Муну менен жөн калбай штрафбаттарга казак жаштарынан да кошуп жиберген фактылар учурайт", -деп баяндалат (К.Есмагамбетов. Түркстандык аскер туткундар. Алматы, 2019-жыл. 10-11-б).

Буга бир мисал, №106 Акмола аттуу аскер дивизиясынын көпчүлүгү казактар жана Борбор Азиядан баргандар болгон. Аскер тактикасы үйрөтүлбөгөнү аз келгенсип, жетиштүү курал-жарак берилген эмес. Ал дивизиядагы 3200 жоокерге 102 винтовка, 125 миномет, 3100 кылыч берип, немис танкаларына каршы жөнөтүшкөн. 32 жоокерге 1 винтовка туура келген. Харьковдун алдындагы коргонууда баардыгы кыргынга учураган (К.Есмагамбетовдун аталган эмгегинде).

Мына ушундай жагдайлардан улам согуштун алгачкы күндөрү туткунга түшкөндөрдүн көпчүлүгүнүн андан башка аргасы жок эле. Алардын көпчүлүгүн оор жарадарлар менен ачкадан араң калган аскерлер түзгөн.

Мустафа Чокай 1941-жылдын октябрь айында Вели Каюмга жолдогон катында аскер туткундары жөнүндө шумдуктарды баяндаган. Ал өзү Дебиса лагерине барган кезде ал жерге түшкөн 40 миңдей түркстандык туткундардын оору менен ачарчылыктан 25 миңи гана калганын аныктаган. Лагерге жеткенге чейин эле жолдо арып-азган, жарадар жоокерлердин 15 миңи өлгөн.

Кээ бир илимпоздордун маалыматы боюнча Улуу Ата мекендик согуш маалында 5,7 миллиондой согуш туткуну болсо, согуштун алгачкы мезгилдеринде эле 3,8 миллион жоокер немис туткуну болгонун айтышат. Маршал Г.К.Жуков эскерүүлөрүндө: "1941-жылы 18-сентябрында Киев менен Харьковдун алдында 650 миң советтик жоокерлер туткунга алынды", - деп жазат.

Мындай кесепетке кабылган аскердик трагедиялардын себеби 30-жылдарда жүргүзгөн Кызыл Армиянын командирлер курамын тазалоо (аскер жетекчилерин репрессиялоо) саясатынын таасири болгондугу айныксыз. Кызыл Армиянын офицердик курамынын 7% жогорку билимдүү болсо, 37 % орто билими да болгон эмес.

Мустафа Чокайдан үмүттөнгөн аскер туткундары

Немис лагерлериндеги түркстандык аскер туткундарына жалгыз гана Мустафа Чокай жардамга келди. Ал туткундарды өз максат мүдөөлөрүнө орой пайдаланууну көздөгөн немис аскер жетекчилеринин тапшырмасы менен керектүү маалыматтарды (улуту, жарандыгы, билими, жашы ж.б.) чогултуу үчүн Польшадагы концлагерлерди кыдырат. 1941-жылдын август-ноябр айларында Просткен, Сувалки, Пагеген, Дебиса, Деба, Ярослау, Лемберг, Эбенрод ж.б. лагерлерде болуп, түркстандык туткундардын абалы менен таанышат. Советтик аскерлер деп эсептелген казак, кыргыз, өзбек, түркмөн, тажик жаштарынын кейиштүү абалдары менен таанышып, аларды согуш ажал оозуна айдап салганын өз көзү менен көрөт.

Мустафа Чокайдын архивиндеги материалдарга караганда түркстандык аскерлердин 99 пайызы туткунга өз эрктери менен түшкөн эмес, жан сакташ үчүн айласыздан туткун болгон. Немистерге кызмат кылайын деген эч бир идеологиялык максат болгон эмес. Алардын бул айткандары Түркстан аскер туткундарынын араб, латын, орус арибдери менен М.Чокайга жазган каттарынан билсек болот жана анда алар аман калуу аргасында үмүт менен жардам сурап кайрылышкан.

Амиржанов Молдаш (Семей облусунун Шубартау ооданында 1919-жылы туулган): "Байдын баласы деп окууга алынбадым. Жашырынып 8 жыл окудум". Атасы 1928-жылы кулакка тартылганын, Абай Кунанбай уулу менен дос болгонун жазат.

Бекарыстан баласы Азберген: "Туушканым агай Мусаке, Көке, мени алып кет".

Есмурзаев Сейит (Кызылордодон) "Иниңизге көз кырын салыңыз".

Бердиулы Жаксылык: "Кандай жумуш болсо да иштейм. Кесибим шофер. 11.IХ. 41".

Акбалаулы Камен. Сувалки лагери. 13.IХ.41: "Мүмкүн болушунча тез жумушка орноштурсаңыз".

Мустафа Чокайдын архивинде мындай каттар оголе көп, аскер туткундары негизинен М.Чокайды эш тутуп, акыркы үмүттөрү менен жумушка орноштурууну суранып кайрылышкан.

Кудайберген Кожомбердиевдин (Азамат Алтай) тагдыры

Азамат Алтай “Азаттыктын” Мүнхендеги студиясында берүү даярдоодо. 1980-жылдар.
Азамат Алтай “Азаттыктын” Мүнхендеги студиясында берүү даярдоодо. 1980-жылдар.

Улуу Ата мекендик согуш маалында, 1941-жылы августта Азамат Алтай жанындагы башка жоокерлер менен бирге Литвада, Калинин облусунда германдык фашисттерге туткунга түшүп калат. 1941-жылы туткунга түшкөн алгачкы учурун Азамат агай мындайча эскергени бар:

“...Биз анын алдында (туткунга түшөөрдөн мурда) Великие Луки деген шаар үчүн бир канча ирээт согушка катышкан элек. Тамактын айынан токойдон чыгып, бир кыштакка киргенибизде, колго түштүк. Жашыл кийимчен аскерлер келип, бизди тегеректешти. Испандардын "Голубая дивизия" (“Көгүлтүр дивизия") дегени бизди туткундаган, алар бизди немистерге өткөрүп беришти. Немистер бизди бир лагерге алып барып тыкты”.

Туткунга түшкөндөрдүн акыбалы өтө оор болду. Кээде абактан качып, партизандык топторго жолугуп, кайра камалып, акыры Германия тарапка айдалат. 1944-жылы 4-мартта туткундарды Франциянын Брест шаарына поезд менен алып келишет. Аларды кайра Германияга ташып баратканда, ошол жылдын май айынын башында Азамат Алтай поездден түшө качат. Францияда эптеп жашырынып баш калкалап жүрөт. Азамат Алтайдын айтымында, ал фашисттерге каршы күрөшкөн Француз каршылык көрсөтүү кыймылына да катышат.

1944-жылы июнда ал турган жер Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан толук боштондукка чыгарылып, Азамат агай акыры мурдагы нацисттик туткун болгон советтик аскерлердин убактылуу лагерине кабылат. Оболу ал деле СССРге кайтууга аракет кылат. Бирок совет бийлигинин өкүлдөрү мурдагы согуш туткуну болгон өз жоокерлерине алар советтик башкаруу аймагына өтөөр замат эле ырайымсыз мамиле кыла баштаганын өз жон териси менен сезип, алардын далай кордугун көргөнүн баяндайт.

Мындай запкыдан соң 1946-жылдын 1-январында Батышка качып өтүп, бир шаардан бир шаарга чейин жөө жүрүп, арадан он күн өткөндөн кийин Германиянын түндүгүндөгү Олденбург шаарына келет. Андан ары поездге жармашып, эптеп Францияга өтүп, 1946-жылдын 10-январында Парижге келип түшкөн.

Тактап кетүү зарыл болгон жагдай – Кудайберген Кожомбердиев эч качан "Түркстан легионунда", же бир да күн фашисттер тарапта кызмат кылган эмес. Ал немистерге каршы согушта бир эмес, бир нече жолу туткундалып, лагерде башка аскерлер көргөн азап-тозоктун баарын башынан кечиргенин өзүнүн автобиографиялык макалалар менен китебинде кеңири баяндап берген. Кыргызстандагы айрым мезгилдүү басма сөздөгү Азамат Алтайды Түркстан легиону менен байланыштырган маалыматтар дарекке негизденбеген, чындыкка таптакыр коошпогон жоромол болуп саналат. (Т. Чоротегин. "Ала-Тоонун Батыштагы азаматы". 15.09. 2020)

Түркстан легионунда кызмат өтөгөн кыргыз Бет-Алман

Албетте, Түркстан легионунда кызмат өтөгөн кыргыздар да болгон. Муну эч ким танбайт. Ал түгүл Берлинде сүргүндөгү Түркстан жумуриятынын өкмөтү түзүлүп, 1942-жылы жазында “Түркстан легиону” расмий калыптанып бүткөн. Анын башчысы –– теги өзбек саясатчы Вали Каюм-хан (1904––1993) болгон (ал 1922-жылы Бухара Элдик Кеңештик Жумурияты тарабынан Германияга окууга жиберилген, Берлин университетинде окуган. Кийинчерек СССРге кайтпай, Берлинде кала берген жана акыры нацисттер менен кызматташып кеткен).

Анын орун басарларынын бири – кыргыз жазуучусу Сатар Алмамбет эле (анын “Бет-Алман” деген адабий ысымы болгон).

Балким, Сатар Алмамбет деле татар акыны Муса Жалил (нацисттик Германиядагы татар-башкыр туткун жоокерлерден куралган “Эдил-Орол” легионунун жетекчилеринен болгон Муса Жалилди да НКВД согуштан кийин Аргентинага качып кеткен деп жоромол кылышкан. Бирок Моабит түрмөсүндөгү антифашисттик ырлары сакталып калган бул залкар акынга өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамын ыйгарышкан) сыяктуу тымызын антифашисттик иш-аракет жүргүзгөнү үчүн СССРге ишенимдүү кайткандыр. Бирок анын чындыгына сталиндик доордо көңүл буруп отурушкан эмес, ал ГУЛАГда жүрүп, анан Хрущевдин доорунда элине кайтып келген.

Белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин: "Буюрса, советтик НКВДнын (КГБнын) архивдери ачылып, Сатар Алмамбеттин өзү тууралуу тергөөдө жазгандары ачык жарыяланып калгысы бардыр", -деп, запкы көргөн туткундун актыгынан үмүтүн үзбөйт.

Берген Бельзен концлагериндеги туткун

Берген Бельзен концлагери Төмөнкү Саксониядагы Берген шаары менен Бельзен кыштагынын ортосуна нацисттер тарабынан курулган. Концлагер 1940-жылы май айында Бельгия жана Франциянын аскер туткундары үчүн Шталаг 311 (нем. Stalag XI-C) катары ачылган.

Алгач 600 аскер туткуну кармалган. 1941-жылы июлда 20 миңге жакын СССРдин аскер туткундары жайгаштырылган. 1942-жылы жазында бул аскер туткундарынын 18 миңи ачкачылыктан, сууктан жана ар кандай оорудан кайтыш болушкан.

1945-жылы февралда концлагерде тиф эпидемиясы чыгып, абдан оор кырдаалды кечиришкен. Ушул эле жылдын 15-апрелинде Британиянын аскердик күчтөрүнүн 11-дивизиясы аркылуу тирүү калган туткундар боштондукка чыгарылган. Эки жума ичинде боштондукка чыккан аскерлердин 9 миңи, андан кийин май айынын аягына дейре дагы 4 миңи кайтыш болушкан. Жалпысынан алганда ал жерде 1943-1945-жылдары 50 миңге жакын аскер туткуну өлүмгө учураган.

Бул лагерге туткунга түшкөн акталаалык Карабай Абиков тууралуу маалыматты тапкан түрколог, илимпоз Максатбек Ынакбеков төмөндөгүдөй аңгеме курду:

“Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорго жана дайынсыз жоголгондорго арналган “Мемориал” аттуу электрондук архивин интернеттен издеп жатып Абиков Карабай аттуу жердешибиздин маалыматтары мени таң калтырды. “Мемориал” архивиндеги Ак-Талаа районунун аскер комиссариатынын берген маалымат кагазында Абиков Карабай 1925- жылы Ак-Талаа районунун Терек айылында туулганы жазылган. 1942-жылы катардагы аскер болуп согушка чакырылган. 1942-жылдан баштап байланыш жок, дайынсыз жоголгон деп жазылган. Архивди барактап жатып, дагы башка Абиков Караби аттуу бир аскердин маалымат кагаздарын таап алдым. Мунун аты Карабай эмес Караби болуп жазылып калыптыр. Туулган жери болсо “район Ахалкалаки, Терекса” деп жазылып турат. Эмнегедир бул маалыматтар жогорудагы Карабай менен бир байланышы бар болуш керек деп, маалымат кагаздарын барактай баштадым. Өкүнүчтүүсү “Судьба – погиб в плену”, “Место захоронения – Берген Бельзен” деп жазылып турат.

Карабай Абиков тууралуу маалымат.
Карабай Абиков тууралуу маалымат.

“Мемориал” архивиндеги документтерди кылдаттык менен карап көрдүм. Берген Бельзен концлагеринен берилген документте Карабай эмес Караби болуп жазылып калганынын себеби, документ немис тилинде жазылып, ал жакта “Караби” немисче “Karabi” деп турат. Орусчага терген учурда “i” тамгасы жөн гана “и” болуп жазылып калган. Негизинен бул тамга “ай” деп да окулушу керек. Демек, “Карабай” деген ат немисче туура эле жазылып, орусчага өткөргөндө ката кеткен.

Архивдик маалыматтардын жылдарын салыштыра келсек, Ак-Талаа районунун аскер комиссариатынын берген маалымат кагазында Абиков Карабай 1942-жылы дайынсыз жоголгон деп жазылган. Ал эми концлагерден берилген немисче кагазда лагерге келген күн "18-март 1942-жыл" деп, дайынсыз жоголгон жана концлагерге түшкөн жыл дал келип жатат”.

"Эч ким, эч нерсе унутулбайт"

Улуу жеңиштин урааны: "Эч ким, эч нерсе унутулбайт". Түркстандык аскер туткундарынын ичинен кыргыз кандаштарыбызды таап эскерүү китебин чыгаруу ишин кечиктирип келебиз. Ал эми казак туугандар 2018-жылы “Түркстандык аскер туткундар" деген китебинде бир нече немис лагериндеги казак, кыргыз, өзбек, тажик туткундарынын тизмесин жарыялады.

Алардын арасында Погеген концлагериндеги кыргыз жоокерлеринин тизмелери да бар. Ал тизмеде Ош облусунан 59, Жалал-Абад облусунан 45, Тянь-Шань облусунан 55, Фрунзе облусунан 49, кыргыз жоокерлери деген тизмеде 36, бардыгы болуп 244 кыргыз аскер туткунунун тизмеси бар.

Ошондой эле Сувалки концлагериндеги, Лемберг концлагери Stalag 328, Деба-Майдан концлагеринин изоляторунда, Дебица-Кочановка концлагери, Tschenstochan, Nordkazerhne концлагериндеги түркстандык аскер туткундарынын ичинде да кыргыздар бар.

Улуу жеңиштин 77 жылдыгын ураалап эле тосуп койбой, мамлекет тарабынан колдоо болсо, тарыхчы илимпоздор чет жердеги архивдерден туткунга тушкөн жоокер кандаштарыбызды таап, эскерүү китебин чыгарсак, кеч болсо да, эч болбосо дайынсыз жоокерди издеген туугандарынын көкшөсү сууп, атуулдук да, адамдык милдетибизди өтөгөн болоор элек.

Жумагул Байдилдеев, тарых илимдеринин кандидаты, доцент

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG