Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:37

«Чоң атамды 76 жылдан кийин таптык...»


Кошойкан Жакаев тууралуу архивдик материалдардын бири.
Кошойкан Жакаев тууралуу архивдик материалдардын бири.

Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон Сузак районунун тургуну, ардагер Кошойкан Жакаевдин сөөгү 76 жылдан кийин Орусиянын аймагынан табылды.

1942-жылы Кызыл армиянын катарында согушка чакыртылган Кошойкан Жакаевдин дайыны 1943-жылдан бери чыкпай келген. Ал көмүлгөн жерди тапкан жакындары 9-майдагы жеңиш майрамын утурлай Орусияга жөнөп кетишти.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Кошойкан Жакаев тууралуу маалыматты жакындары Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу быйыл февраль айында билген.

Ысык-Көл облусунун тургуну да согушта дайынсыз жоголгон атасын издеп жатып Жакаевди таап алган. Андан соң ал Интернет аркылуу ветерандын туугандарын издеген. Кошойкан Жакаевдин небереси Кутманбек Кошойканов буларды айтты:

Кутманбек Кошойканов.
Кутманбек Кошойканов.

«Атам Абдулла чоң атабыз Кошойкан дайынсыз жоголгондон кийин бир нече ирет Сузак райондук жана Жалал-Абад облустук аскер комиссариаттарына кайрылган экен. Тилекке каршы, чоң атам тууралуу эч кандай маалымат таба алган эмес. Быйыл февраль айында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тургуну Жакып Ибраимов согушта курман болуп, дайынсыз жоголгон өзүнүн чоң атасы Жума Жайлообаевдин тек-жайын таап, анын жанында менин чоң атамдын сөөгү көмүлгөнүн айтып, туугандарын издеп жаткан экен. Аны менен байланышып, чоң атамдын жайын таптык. Бул кабар биздин үй-бүлө үчүн күтүүсүз болду. Атам эки күн ыйлап жүрдү».

Кошойкан Жакаев 1908-жылы Сузак районунун Таш-Булак айылында туулган. Жалал-Абад аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы согушка жөнөтүлүп, бир жылдан соң үй-бүлөсү анын курман болгону тууралуу «кара кагаз» алган. Бирок согуштун катышуучусу кайсы жерде кандайча каза болгону тууралуу маалымат жазылган эмес. Ошол учурдан тартып анын үй-бүлөсү Жакаевди издей баштаган.

«Чоң атабыз үй-бүлөдө 10 бир тууган болгон экен. Эки уул, сегиз кыздын ортончусу. Кошойкандын өзүнүн бир уул, эки кызы бар болчу. Жалгыз уулу - биздин атабыз Абдулла. Чоң атабыз согушка кетип жатканда үч жашта экен. Атасынын элесин да жакшы билбей калыптыр, сүрөттөрү жок болчу дейт. Азыр 81ге чыкты. Өмүр бою атасын издеп, зарыгып күтүп жашап келди. Эки эжеси да күтүп жүрүп өтүп кетишти», – деди Кутманбек Кошойканов.

Согушта дайынсыз жоголгон Кошойкан Жакаевдин сөөгү Орусиянын Тверь облусунун Зубцов районундагы Кошелев кыштагында жерге берилген.

Маалыматтарга караганда ал 1943-жылдын 27-февралында согуштан алган жараатынан улам каза болгону айтылат. Жакаевдин уулу Абдулла жана небереси Кутманбек Кошойканов Зубцов районунун жергиликтүү бийлигинин чакыруусу менен ал жакка жөнөп кетишти.

Кошойкан Жакаевдин мүрзөсү.
Кошойкан Жакаевдин мүрзөсү.

«9-май жеңиш майрамын утурлай совет жоокерлеринин сөөгү коюлган ошол аймактагы мемориалдык комплексте атайын эскерүү иш-чарасы уюштурулуп жатат, - деди маектешибиз. - Биздин үй-бүлөгө да катышып кетүүгө чакыруу берилди. Атам экөөбүз айылыбыздын топурагын алып, Москвага келдик. 9-майда чоң атамдын жай башына барып, топурак салып куран түшүрүп, иш-чарасына катышабыз. Ал жердеги ардактуу тактага да чоң атамдын атын коштуруп жатабыз. Бул күн биз үчүн чоң кубаныч. Атасын жакшы эстей албаса да, сүрөттөрүн көрбөсө да атамдын мүдөөсү орундалды окшойт. Калган окуяларды Москвадан кайткандан кийин айтып берели».

Орусиянын Тверь облусунун Зубцов районунда 1941-1945-жылдары согушта курман болгондорго арналып ачылган мемориалдык комплекске 15 миңдей Кызыл армиянын жоорлеринин сөөгү коюлган.

1955-1957-жылдары ушул чөлкөмдөгү 200гө чукул айылдарда издөө ишинен кийин табылган совет жоокерлеринин сөөктөрү чогултулуп, (Волга дарыясынын жээгиндеги) ушул комплекске кайрадан көмүлгөн. Жыл сайын 9-майда комплексте ири масштабдагы эскерүү митинги өтөт.

1941-1945-жылдардагы согуш учурунда 56 миңден ашык кыргызстандык жоокер дайынсыз жоголгон. Анын 1 миң 395и аялдар болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG