Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 10:08

Минадан аман калган ага лейтенант Асымов


Эсенгул Асымов (оңдо).

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Эсенгул Асымов 1943-44-жылдары №1 украиналык фронтто кызмат кылып, батальондо саясий жетекчи болгон. Аскердик ага лейтенант чининин ээси. Ал Киевди фашисттердин колунан бошотууга катышкан.

Салгылашууда душмандын огунан оор жарадар болуп, 1944-жылы мекенине кайтып келген. Андан кийин совет доорунда бир катар жетекчилик кызматтарда иштеп, 86 жашында дүйнөдөн кайткан.

«Азаттык» радиосуна анын уулу Жумагазы Асымов жана кызы Эсенгул кызы Дамира атасынын эрдиги, согуштан кийинки жашоосу тууралуу айтып беришти.

Эсенгул Асымов 1920-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кызыл-Туу айылында туулган. Ал Каракол шаарында 4-класска чейин медреседе билим алып, андан кийин 7-класска чейин ошол эле шаарда орус мектепте окуган.

Эсенгул Асымовдун партиялык билети.
Эсенгул Асымовдун партиялык билети.

1941-жылы Чүй облусунун Кара-Дөбө айылында орто мектепте мугалим болуп иштеген.

1942-жылы Нарын облусундагы Кочкор районунда райкомдо инструктор болуп ишке орношкон. 1943-жылы советтик армиянын катарына чакырылат. Ошол кезде «үйлөнөм» деп турган боз улан «сүйлөшкөн кызымды ала качып кетпесин» деген ой менен ата-энесине үйлөнүү тууралуу сунуш киргизет.

Ошол учурда колуктусу Асима Чүйдө өзү окуган мектепте башталгыч класстарга сабак бере баштайт. Кадрлар жетишпегени үчүн ошол жылдары мыкты окуган окуучуларды мугалимдикке тандап алышчу экен. Табиятынан чыйрак Асима да бул кесипти бат өздөштүрүп кетет.

Асима (туруп турганы) курбусу менен.
Асима (туруп турганы) курбусу менен.

Эсенгул Асымов болочок жарын ошол мектепте завуч болуп иштеп жүргөндө жолуктуруп, жактырып калат.

Эсенгул атанын уулу Жумагазы Асымов ата-энесинин кантип баш кошкону тууралуу буларды айтып берди:

«Апабызга үйлөнгөндөн кийин бир ай өтпөй майданга аттанат. Таятам ошол кезде айылдын башкармасы болуп иштечү экен. Атам согушта жүргөндө кызын кайра колуна чакырып алат. «Көз алдымда жүрсүн, санаам тынч болсун» дегени го. Чоң атамдар кудасынын чечимине макул болушкан экен. Атам кийин кайра согуштан кайтып келгенден кийин апамды алып келип, очор-бачар турмушун улап кетишет».

Согуш маалында келин болуп келген кезин Асима апа көп эскергенин кызы Дамира эскерди.

«Чоң апабыз болгону үчүн өз апабызды жеңе деп чонойдук. Жеңем көзү тирүүсүндө келин болуп келген кезин көп эстечү. "Атаңар согушка кетип жатканда кокус "келбей калса эмне болот?" деген ой келбептир. Эртеси эле келе калчудай болуп колумду сурап атпайбы. Жаш экенбиз. Атамдын каарынан коркпой үй-бүлө курууга бел байлаганбыз" деп калчу. Атам билимге абдан маани берчү. Ар бирибиз мектепке барарда "Алдыңкы гана партага отургула, артка жашынгандай болбогула" деп талап койчу. Кийин баарыбызды шаарга окутту. Атайын окуу жайды тандашып, сураштырып, экзамен бүткүчө жаныбызда жүрчү. Окууга өтүп кеткенден кийин ала келген акчасына баштан-аяк кийим-кече алып берчү.

Эсенгул Асымовдун боз улан кези.
Эсенгул Асымовдун боз улан кези.

Атам балдарынан кийин неберелерин да ошентип колдоду. Кичине кара блокноту бар эле. Ошого баарынын аты-жөнүн ирети менен жазып алчу. Ар дайым жанында аптечкасы, бүт керектүү оокаты салынган чемоданын алып жүрчү. Эмне сурасаң таап берчү. Быйыл атабыз тирүү болсо 100гө, апабыз 92ге чыкмак. Экөө тең 16 жылдай мурда ээрчишип кете беришти. Апамдын аркасынан атам үч жылдан кийин кетти. Үч жыл бою байбичесинин сүрөтү менен кадимкидей сүйлөшүп жүрдү. 9-май биз үчүн атамдын туулган күнүндөй эле. Жыл сайын барып куттуктачубуз. Азыр да белгилеп келебиз».

Эсенгул Асымов жубайы Асима менен жаңы баш кошкондо тартылган сүрөт.
Эсенгул Асымов жубайы Асима менен жаңы баш кошкондо тартылган сүрөт.

Ошентип үйлөнөрү менен кан күйгөн согушка аттанган күйөө баласы, келин болуп барган жапжаш кызынын айылда жалгыз калышы ата-энени катуу ойго салат.

Ушундан улам Эсенгул Асымовдун Чүйдөгү кайненеси согуштан аман-эсен кайтып келсин деп ырымдап күйөө баласынын кийип жүргөн өтүгүн катып коет. Кийин согуштан кайтканда ошол өтүктү алып чыгып кийгизип тосуп алган экен.

1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанган Эсенгул Асымов Украинада фашисттер менен салгылашат. Уулу Жумагазы Асымовдун айтымында, Эсенгул ата далай жолу душмандын огунан аман калат.

Эсенгул Асымов.
Эсенгул Асымов.

«Киевди бошотуш үчүн салгылашта жүргөндө минага кабылыптыр. Ошол кезде колунда пулемёту бар экен. Анысы да аябай оор болот. Мина жарылганда арыктын ичине учуп барып жатып калыптыр. Баягы пулемёт көтөргөн ийининен жарадар болуптур. Советтик армия Украинадагы ошол кыштакты бошотуп жүргөн экен. Анан минага кабылып жатышпайбы. Андан кийин эле душмандар келип ар кай жерде жаткан солдаттарды өлүү-тирүүсүнө карабай эле четтен ата баштайт. «Алар жанымдан эле өтүштү. Тамеки чегип, өз тилинде бир нерселерди сүйлөшүп көпкө туруп, анан өтүп кетишти. Ошондо бир ажалдан калдым» деп айтып калчу. Андан туруп алып кыштакты аралап, бир кемпирдин үйүнө жашынат. Байкуш байбиче болгон айранын бериптир. «3 литрби же 5 литрби, айтор бергенин бүт ичип алдым, ошол айрандын кубаты менен жараатымдын ооруганы басаңдап, аман калдым» деп айтчу»,- деп эскерди уулу Жумагазы Асымов.

Эсенгул ата ошентип аман калганына каниет кылып, советтик жоокерлерди издеп жөнөйт. Күн-түн тынбай жол жүрүп госпиталды таап барат. Ал жерден дарыгерлер жараатын көрүп, наркозу жок эле операция кылышат.

Эсенгул Асымовдун кесиптик кошуунга мүчөлүк билети.
Эсенгул Асымовдун кесиптик кошуунга мүчөлүк билети.

«Ал кезде наркоз алган жоокерлер ойгонбой калчу дейт. Анын үстүнө атам кансырап калган экен. Операция учурунда этине бычак тийгенин кадимкидей угуп жатканын айтчу. Минанын чачырандысын алып жатканда жаны көзүнө көрүнөт. Кийин «минанын чачырандысы калган окшойт» деп айтып калчу. Кээде «төшүм» деп жатып калчу».

Эсенгул ата тогуз ай госпиталда жатып,1944-жылы күз айларында мекенине кайтып келген. Согуштан кийин мекенди калыбына келтирүү иштерине жигердүү катышкан.

Согуш бүткөндө Кочкор районундагы Жаңы-Жол айылындагы орто мектепте директор болуп иштеген. 1953-54-жылдары Кочкор совхозунда жана Кара-Суу айылында парторг кызматын аркалайт. 1955-жылы Кочкор райкомунда жалпы бөлүмдүн жетекчиси болуп иштейт.

Эсенгул Асымов (оңдо).
Эсенгул Асымов (оңдо).

1955-жылы Кыргыз Советтик партиялык жогорку партиялык мектепке окууга кеткен. 1958-жылы Кочкор райкомунда инструктор, Фрунзе атындагы колхоздо парторг, 1963-жылдан 1972-жылга чейин Фрунзе атындагы колхоздун чарбасынын кампа башчысы болуп эмгектенип, 1972-жылдан баштап 1989-жылга чейин Кочкор райондук №15 окуу жайында аскердик даярдык жана тарых сабактарынан мугалим болуп эмгектенген.

Жаштыгын уурдаган согуш Эсенгул атанын эсинде түбөлүк калат. Канды көргүсү келбей, мал сойгондо да жолочу эмес экен.

«Атам мал союлуп жаткан жерге басып барчу эмес. Өзү парторг болуп иштегендиктен тартипти жакшы көрчү. Зыңкыйып кийинип, башкаларга үлгү болуп турар эле. Кол алдындагыларды да тартипке чакырып, көзөмөлдөп турчу. Атамдан көп киши сестенип тураар эле».

Эсенгул Асымов кесиптештери менен.
Эсенгул Асымов кесиптештери менен.

Темирдей тартип демекчи, Эсенгул ата ар дайым форма кийген, тыкан, чынчыл, байлык-мүлккө кызыкпаган, калыс мүнөз адам катары замандаштарынын эсинде калган.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Эсенгул Асымов 2006-жылы 86 жашында дүйнөдөн кайткан. «Балдарым, небелерим, элим согушту көрбөсүн» деп көп тиленчү экен. Азыр анын тогуз баласы бар. Эсенгул Асымов билимге маани берген адам болгондуктан балдарынын баарын жогорку окуу жайларынан окуткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG