Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:01

«Ата, сизди жакшы көрөбүз...»


Абдулла Каримов.
Абдулла Каримов.

Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата кыргызстандык ардагерлердин бири Абдулла Каримов жөнүндө баяндайбыз.

Согуштун ардагери, маркум Абдулла Каримовду Жалал-Абаддын Ноокен районундагы улуу муундун дээрлик баары жакшы билишет. Мыкты мамлекеттик кызматкер жана үлгүлүү ата, жубайына камкор жолдош катары ардак такталардан түшпөй келген Каримовду уул-кыздары “Азаттык” радиосу аркылуу эскерип, көзү тирүү кезинде айтууга үлгүрбөй калган жылуу сөздөрүн арнашты.

Фронттогу жаштык

“Ал эң мыкты ата болчу”,- деп кеп баштады кызы, Бишкектеги мектептердин биринде эмгектенген Жылдыз Абдуллаева.

"Ардагер катары өмүрүнүн аягына чейин түрдүү жыйындарга, жолугушууларга катышып келди. Мамлекеттин кызматын жан-дили менен аткарып, үлгү көрсөттү. Атасын мактап жатат дебегиле, бирок чынында ал кишидей кызматкерди азыркы заманда кыялдануу гана мүмкүн".

Абдулла Каримов фронттон келгенден кийин үйлөнүп, жубайы Минавархан эне менен 12 баланы тарбиялашты. Баарын үйлүү-жайлуу, жогорку билимдүү кылган.

Абдулла атаны ноокендиктер улуттар аралык ынтымакты жана билимдин адам өмүрүндөгү ролун балдарына жана жакындарына терең сиңирген инсан катары билишчү.

Эмгеги жана үй-бүлөдөгү ролу жөнүндө бир аздан соң кеп кылабыз. Азыр кыскача таржымалын айтып берели.

Абдулла Каримов (солдо) замандаштары менен. 1960-70-жылдар.
Абдулла Каримов (солдо) замандаштары менен. 1960-70-жылдар.

Абдулла Каримов 1925-жылдын 5-сентябрында төрөлгөн. Ноокендеги азыркы Сакалды айылында өсүп, мектепти мыкты аяктаган. Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда балакатка жете элек кези болчу. Колхоздо эсепчи, бригадир, мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, жашы 18ге толгондо өз каалоосу менен фронтко аттанган.

Перзенттеринин эскерүүлөрүнө караганда, фашисттер менен салгылашып, андан ары Литваны, Беларусту жана Түштүк Пруссияны бошотууга катышкан. Ошол кездеги Кёнигсберг, азыркы Калининграддагы согуш талаасын кечкен. Украинада кагылыштарда жарадар болуп, госпиталда жаткан.

1945-жылдын жайында Жапон согушуна да катышып, жарадар болгон. Жараатынан улам үйгө кайткан. Армия жетекчилиги колуна талон карматкан. Ал кагаз менен үйгө жеткиче ашканалардан акысыз тамак жесе болор эле. Денесинде октун чачырандылары өмүрүнүн аягына чейин калган.

Каримовдун эмгегин баалаган орден, медаль жана ардак грамоталар жана башка бир таңгак документти жубайы жана балдары ардактап сактап жүрүшөт.

Ишке берилген ата

Эми ал кишинин балдарынын эскерүүлөрүн угалы. Биз көбүрөөк маалыматты кызы Жылдыз Абдуллаевадан алдык:

“Мен атамды адегенде мээримдүү, тартипти бекем сактаган, киши катары эстейм. Коммунист болгондуктан, СССР учурундагы эрежелерди бузбаганга аракет кылчу. Ал кезде да “жең ичинен иш бүтүрүү”, “өз көмөчүнө күл тартуу” сыяктуу аракеттер болгон. Бирок менин атамды тааныгандар кыңыр ишке барбаган адам катары сыпатташчу. “Абдулла өзү да жебейт, бирөөгө да жедирбейт” деп мүнөздөгөндөрдү көп уккам. Атамдын чынчылдыгы, мекенчилдиги менен дайыма сыймыктанчубуз”.

Абдулла Каримов согуштан кийин ошол кездеги Ленин, азыркы Ноокен районуна караштуу Шайдан айылындагы мектепте директор, “Ленин жолу” колхозунда парторг болуп иштеген. Ташкенттеги Жогорку партиялык мектепте төрт жыл билим алып келген. Андан соң “Коммунизм” колхозунун парторгу болуп узак жыл эмгектенген.

Жылдыз Абдуллаева, Садык Абдуллаев.
Жылдыз Абдуллаева, Садык Абдуллаев.

“Атам биздин баарыбыздын жакшы окутууга аракет кылган. Ийгиликтин жолу билимде экенин жакшы түшүнчү. Өзү да тынбай окуп, жаңылыктардан кабардар болуп турчу. Көп сүйлөчү эмес. Мектепте химия, биология, физика, математика сабактарынан балдарга билим берген. Үйгө кеч келер эле, жумушу аябай көп болсо да, бизге убакыт таап, кез-кезде географиядан кызыктуу суроолорду берчү. Атам көп сүйлөчү эмес, мамилеси менен тарбия берчү”, - деген Жылдыз Абдуллаева ата жолун улап, мугалимдик кесипти аркалап келатат. Бишкектеги №26 гимназияда окуу бөлүмүнүн башчысы, математика мугалими.

Эми ардагердин тун уулу, Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, мамлекеттик кызматтын отличниги жана прокуратуранын ардактуу кызматкери Садык Абдуллаевди кепке тартабыз:

“Баарыбызды – 12 баланы бутубузга тургузду. Беш уул, жети кызбыз. Жогорку билим алдык. Атабыздан мээнеткечикти үйрөндүк. Эрте кетип, кеч келер эле. Ишемби-жекшемби дегенди деле билчү эмес. Кызыктуу бир окуяны айтып берейин. Бир жолу күндүз түшкү тамакка келиптир. Жүк машинесин айдаган шериги менен келсе, үйдүн жанындагы арыкта беш-алты бала сууга түшүп жатыптыр. “Ай балдар, суудан чыгып үйүңөргө баргыла”,- деп буйрук берип өзү үйгө кирип кетиптир. Арыктагы балдардын баары артынан кирип баратыптыр. Көрсө, арыктагылар өзүнүн эле перзенттери экен. Жумушту ойлонуп, алардын ким экенине да маани берген эмес. Ошол окуяны көп айтып, күлүп жүрдүк”.

Абдулла Каримовдун дээрлик бардык кыздары окутуучулук кесипти тандаган. Алардын алды пенсияга чыгып, айрымдары ишин улантууда. Уулдары юриспруденция, экономика, агро тармакта эмгектенишет. Заман талабына ылайык, айрымдары жеке ишкерлик менен алектенүүдө. Алар Нарында, Бишкекте, Жалал-Абадда жана Кыргызстандын башка аймактарында орун-очок алышкан.

Айтылбай калган сөздөр...

Башында белгиленгендей, Абдулла ата улуттар аралык ымаланы бекемдөөгө үлгү көрсөткөн инсандардын бири катары да белгилүү. Жылдыз Абдуллаева муну үйдөгү төмөнкү мисал менен түшүндүрүп берет:

Абдулла Каримов (оңдо) замандашы менен. 1960-70-жылдар.
Абдулла Каримов (оңдо) замандашы менен. 1960-70-жылдар.

“Атам кыргызча, апам өзбекче сүйлөшчү. Тилге байланыштуу маселе жаралган эмес. Биз эки тилди тең бирдей үйрөнүп чоңойдук. Мектепте орусча окудук. Көп тилде сүйлөй билгенибиз бизге өмүр бою пайдасын гана тийгизди. Бул деле ата-энебиздин көрөгөчтүгү. Атам эч качан бизди катуу урушкан эмес. Эгер ката кетирсек, бир көз карашы жетиштүү болчу. Ошол бир көз караш миң жазадан да таасирлүү эле”.

Ушул жерден сөздү ардагердин уулу Садык Абдуллаев улантып, атасынын дагы бир сапатына токтолду:

“Жубайына мамилеси да үлгүлүү болчу. Апам “Парторгдун аялымын” дебей, башкалардай болуп эмгектенчү. Бала бакчалардагы жеткинчектерге буламык бышырып берер эле. Атам апамдын иштешине шарт түзүп берген. Андан тышкары, үйдө жибек куртун багат элек. Жылына жазында курт алып, пилла өндүрүп, мамлекетке тапшырчу”.

Ардагер салып кеткен из
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:22 0:00

Абдулла Каримов 2006-жылдын 30-декабрында, 81 жашында дүйнө салган. Жубайы Минавархан эне азыр Сакалдыдагы эң улуу тургундардын бири.

“Үйүбүздө дайыма саан уй болчу. Атам күнүгө эртең менен жаңы саалган сүт ичип жүргөнүн эстейм. Жумуштан кеч келчү дебедимби. Апам дайыма бышырган тамагынан алгач атама бир идишке салып коёр эле. Түндө келгенде дасторкон жайып, тамагын берчүбүз. Ал эч качан тамактагы этти өзү жеген эмес, бизге бөлүп берчү”.

Абдулла Каримовдун жубайы Минавархан Каримовага Орусия президентинин “Жеңиштин 75 жылдыгына” аталган атайын медалы ыйгарылды.
Абдулла Каримовдун жубайы Минавархан Каримовага Орусия президентинин “Жеңиштин 75 жылдыгына” аталган атайын медалы ыйгарылды.

Жылдыз Абдуллаева атасынын кеп-кеңеши менен балдардын баары кара жумушка да көнүп чоңюшканын кошумчалады. Колхоздун талаасында эмгектенип, тиричиликке бышып көзүнө жаш алып эстеди.

“Атам мээримдүү, ошол эле учурда сүрдүү болгондуктан ага “мен сизди жакшы көрөм” деп бетине айта алган эмеспиз. Эгер азыр жанымда болсо “Ата, мен сени аябай жакшы көрөм, сыймыктанам” деп айтар элем. Мен колумдан келишинче атама окшогонго аракет кылам...”.

Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согуштун алкагындагы Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанганы, алардын ичинен миңге чукул аял болгону маалым. 160 миңден ашуун жоокер набыт кеткен.

Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Буга чейин берилген маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп каражат, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып жүрөт. Согуш 1945-жылы аяктаган. 9-май - Жеңиш майрамы катары белгиленип келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG