Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

"Озодлик": Ташкентте прокурордун жардамчысы пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда прокурордун жардамчысы 50 миң долларлык пара алып жаткан жеринен кармалганын 9-майда “Азаттыктын” өзбек кызматы («Озодлик») өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, окуя 29-апрелде борбор калаа Ташкенттин Үчтепе районунда болгон, бирок расмий органдар бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Райондук прокурордун жардамчысын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү колго түшүргөнү, атайын кызматка бетон завод иштеткен ишкер кайрылганы, андан пара талап кылып жатышканын айтып даттанганы кабарланды.

Үчтепе районунун прокурору Алишер Караев бул кызматка 2019-жылы дайындалган. «Озодликтин» жеке булактарынын маалыматы боюнча, ал президенттик администрациянын жетекчиси менен тууганчылык байланышы бар адам.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кызматка жаңы киришкенде прокуратура органдарынын ишин кескин сынга алган. 2017-жылы 2-августта өткөн жыйында ал прокуратура кызматкерлерин “эң башкы уурулар” жана “чириген эски системанын калдыктары” деп атаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG