Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

Түштүк Осетияда Орусияга кошулууну сунуштаган талапкер шайлоодо утулду


Анатолий Бибилов.
Анатолий Бибилов.

Грузияга караштуу жикчил Түштүк Осетияда 8-майда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Аймактын азыркы жетекчиси Анатолий Бибилов оппозициянын лидери Алан Гаглоевге утулганын моюнуна алды.

Бибилов шайлоо алдында Орусияга кошулуу тууралуу референдум өткөрүүнү сунуш кылган. Анын атаандашы Түштүк Осетиянын көз каранды эместигин колдогон партиянын өкүлү.

Шайлоонун биринчи айлампасы 10-апрелде өткөн. АКШ, Евробиримдик жана Грузия бул добуш берүүнү мыйзамсыз деп атап, жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришкен.

Орусия Грузия менен 2008-жылы болгон согуштан кийин Түштүк Осетиянын жана Абхазиянын көз каранды эместигин тааныган. Тбилиси эки аймакты тең Грузиянын бөлүгү деп эсептейт. Эки жикчил аймакта тең миңдеген орус аскерлери жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG