Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:07

Жикчил Түштүк Осетияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт

Жикчил Түштүк Осетиядагы шайлоодо добуш берип жаткан аял. 10-апрель, 2022-жыл.
Жикчил Түштүк Осетиядагы шайлоодо добуш берип жаткан аял. 10-апрель, 2022-жыл.

Грузияга караштуу жикчил Түштүк Осетияда президенттик шайлоодо ат салышкан беш талапкердин бири да 50% дык босого ченден өтө алышкан жок.

Аймактын Боршайкомунун башчысы 11-апрелде билдиргендей, бюллетендердин 95% саналып бүткөндөн кийин, добуш бергендердин 33,5% азыркы де-факто президент Анатолий Бибиловду колдогону маалым болду.

Ал эми анын башкы атаандашы, "Ныхас" партиясынын лидери Алан Гаглоев добуштардын 36,9% алды.

Эми расмий жыйынтык чыгарылгандан 15 күндөн кийин шайлоонун экинчи айлампасы өтүшү керек.

АКШ, Евробиримдик жана Грузия 10-апрелде өткөн добуш берүүнү мыйзамсыз деп атап, анын жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришкен.

Орусия Грузия менен 2008-жылы болгон согуштан кийин Түштүк Осетия жана Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган. Тблиси эки аймакты тең Грузиянын бөлүгү катары эсептейт. Эки жикчил аймакта тең миңдеген орус аскерлери жайгашкан.

​
XS
SM
MD
LG