Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Мэрия “Экспресс-Строй KG” менен келишим түзүлбөгөнүн билдирди


Бишкек шаардык мэриясы.
Бишкек шаардык мэриясы.

Бишкек шаардык мэриясы борбордо мектептерди куруу боюнча “Экспресс-Строй KG” компаниясы менен азырынча келишим түзүлбөгөнүн билдирди. Бирок мекеме тараткан маалыматка ылайык, мектептердин курулушуна подрядчы болуу тууралуу ишканадан сунуш түшкөн.

Мэрия бардык иштер мамлекеттик сатып алуулар мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөрүн, кошумча дагы маалымат берилерин кабарлады.

Министрлер кабинетинин 24-марттагы жыйынында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров шаарга мектеп курууга мэрия “Экспресс-Строй KG” компаниясын тандаганын айткан. Ал ишкана жаңы технологияны колдонуп, курулушту беш айдын ичинде бүтүрүп бере турганын кошумчалаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасына Бишкектеги мектептерди аты, ээси дээрлик белгисиз “Экспресс-Строй KG” деген компания курганы жатканын жазды.

Буга чейин мамлекеттин эсебинен Бишкекте быйыл 15 мектеп курулары айтылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG