Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:29

The Times: Швеция менен Финляндия жакында НАТОго кошулушу мүмкүн


Швециялык аскерлер.
Швециялык аскерлер.

Финляндия менен Швеция ушул жайда НАТОго мүчө болушу мүмкүн экенин Американын расмий адамдарына таянып The Times басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, бул маселе өткөн жумада НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында көтөрүлгөн.

Эгер бул эки мамлекет кошулса, аскердик альянска кирген өлкөлөрдүн саны 32ге жетет.

Буга чейин Финляндия менен Швеция бейтарап макамды карманып келишкен. Орусия Украинагы кол салгандан кийин НАТОго кошулуу маселеси көтөрүлө баштады. Альянстын баш катчысы Йенс Столтенбергдин айтымында, эки өлкөнү кошуу жараяны тез арада ишке ашышы мүмкүн.

Орусия Киев НАТОго кошулбасын, аскердик альянс Европанын чыгышында өз ракеталарын жайгаштырбасын деген шарт коюп жатып, 24-февралда Украинага кол салган.

24-мартта НАТОго мүчө мамлекеттердин башчылары конфликттин алдын алуу үчүн Украинага аскерлерди жөнөтпөй турганын жарыялаган. Бирок Украинаны колдоону улантып, ага курал жана жабдууларды жөнөтүүнү макулдашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG