Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Зеленский алдыдагы жума оор болорун эскертти


Украинанын президенти Владимир Зеленский. 10-апрель, 2022-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 10-апрель, 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 11-апрелге караган түнү жасаган видеокайрылуусунда ушул апта орус армиясынын өлкө чыгышындагы ири аскердик чабуулдарга байланыштуу оор болорун эскертти.

"Бирок биз дагы даярданып жатабыз. Биз жооп беребиз", - деди Зеленский. Ал Орусияга каршы дагы катаал санкцияларды киргизүүгө чакыра берерин кошумчалады.

Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышындагы аймактарды аткылоону улантып жатат. Украин армиясы айрым чабуулдарга жооп кайтарып, орус танктарын, артиллериялык техникасын жок кылды. Бул тууралуу 11-апрелде Британиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Орусиянын күчтөрү курчоодогу Мариупол шаарынын тегерегиндеги чабуулдарды күчөттү.

Буга чейин Орусия өз аскерлерин Киевдин айланасынан чыгарып кеткен.

Украин бийлиги Москва Киев жана Сумы облусунда көп жоготууга учураган үчүн айла жоктон артка кетенчиктегенин билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG