Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Жеңилдик менен пенсияга чыгууну жоюу каралууда 


Калкты тейлөө борбору. Бишкек.
Калкты тейлөө борбору. Бишкек.

Пенсиялык системаны реформалоо боюнча Жогорку Кеңеште парламенттик угуу учурунда социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева маалымат берип жатат.

Реформалоонун ичинде жеңилдик аркылуу пенсияга чыккандардын курагын аялдарга 58, эркектерге 63 жаш деп чектөө маселеси камтылган.

“Ар бир экинчи улгайган жаран пенсияга жеңилдетилген шарт менен чыгып жатат. Бүгүнкү пенсионерлердин 40% - жеңилдик алуучулар. 13 жыл, 8 жыл эрте чыгып алгандар бар. Жеңилдик менен пенсияга чыгуучулардын мөөнөтүн жок дегенде этап-этабы менен алты айдан болсо да жогорулатуу керек. Пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу дегенди да таптакыр жок кылалы деп жатабыз – аялдарга 58, эркектерге 63 жаш деп бекитүү сунушталып жатат”, - деди Гүлнара Жуматаева.

Реформалоого аскердик кызматкерлердин пенсиясын 16 пайызга чейин оптимизациялоо, пенсиялык топтомду чет өлкөлүк валюталар менен жүргүзүүгө уруксат берүү, мамлекеттик топтомо фонддон ипотекалык насыяга баштапкы төлөм үчүн же онкологиялык оорулар жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандарга берүү маселелери да айтылды.

Социалдык фонддун эсебинде, пенсиялык системага жалпы түшкөн социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 95% ишканалар, 0,5% дыйкандар төгөт. Дыйкандарга пенсиялык фонддун 40% берилет. Андыктан, жер үлүшүнөн алынуучу социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасын көбөйтүү да каралууда. Бул алардын ала турган пенсиясынын көлөмүнүн көбөйүшүнө да таасир этет.

714 миң пенсионердин 15% жакынын пенсияга жеңилдиктер менен мөөнөтүнөн эрте чыккандар түзөт. Жеңилдиктер бийик тоолуу шартта жашап, иштегендер, көп балалуу энелер, майыптыгы бар балдардын энелери, зыяндуу өндүрүштө иштегендер өңдүү 10 категориядан турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG