Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Чүй: чек арага жакын жерде казакстандык жоокердин сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кыргыз-казак чек арасына жакын жерде табылган жоокердин сөөгү тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, милицияга 10-апрелде кечки саат 6ларга жакын адамдын өлүгү табылганы тууралуу кабар түшкөн. Күч кызматкерлери барганда аскага өзүнүн куру менен асылып турган жоокердин сөөгүн көрүшкөн.

Текшерип-иликтөөнүн жүрүшүндө ал 2003-жылы туулган Казакстандын жараны болуп чыккан. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергеп-тактоо уланып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG