Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Токтогулда “Ата-Журт Кыргызстан”, Таш-Көмүрдө “Жаштар” партиясы жеңди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, 10-апрелде Токтогул шаардык кеңешине шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 35,76% (4645 адам) катышты.

Анда “Ата-Журт Кыргызстан” 18,47%, “Тынчтык” 15, 74%, “Ынтымак” 15,05%, “Бирге-Вместе” 13,43%, “Мекен ынтымагы” 12,70%, “Ишеним” 11,80% , ал эми “Эл үмүтү” партиясы 11,60% добуш алды.

Таш-Көмүр шаардык кеңешине шайлоодо үч партия катышып, добуш берүүчүлөрдүн 30,95% (7703 адам) келди.

Анда “Жаштар” 45,35%, “Ата-Журт Кыргызстан” 38,50% жана “Ынтымак” партиясы 14,62% добуш топтоду. Баарына каршылар 1% жакын болду.

Жекшембиде Токтогул менен Таш-Көмүрдөн сырткары, Кара-Балта шаардык, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы 13 айылдык кеңешине шайлоо өттү.

Алар: Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт, Тоң районунун Кажы-Сай, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо, Ат-Башы районунун Казыбек, Араван районунун С. Юсупов, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн, Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештери.

13 айылдык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 243, алардын ичинен 96 мандат аялдардын квотасы. Айылдык кеңештерге жалысынан 515 талапкер ат салышты, алардын 170и аялдар.

XS
SM
MD
LG