Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Франциядагы шайлоодо Макрон менен Ле Пен экинчи айлампага чыкты


Францияда 10-апрелдеги президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Эммануэл Макрон менен ашынган оңчулдардын лидери Марин Ле Пен көп добуш алып, экинчи айлампага чыкты.

France Télévisions улуттук телеканалынын маалыматына ылайык, Макрон анда 28,1% , ал эми анын атаандашы Ле Пен 23,3% добуш алды. Шайлоодо 20,1% добуш менен ашынган солчул талапкер Жан-Люк Меленшон үчүнчү болду.

Президенттикке жалпысынан 12 талапкер ат салышты жана добуш берүү 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу кыйла солгун болду.

Саясат таануучулар экинчи айлампада Макрон менен Ле Пендин атаандаштыгы мындан беш жыл мурдагыга караганда курч болорун айтып жатышат.

2017-жылдагы шайлоодо Эммануэл Макрон 66% добуш менен жеңип чыккан. Ал эми Ле Пенди шайлоочулардын 34% колдогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG