Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Лейлектин Достук айылынын тургундары нааразылык акциясына чыгышты


Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиев.
Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиев.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Достук айылынын тургундары "Коррупция" беренеси менен айыпталып кармалган Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевди жана Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалиловду бошотууну талап кылышууда. "Клооп" басылмасы 10-апрелдеги акцияны жеринен түз чагылдырып жатат.

Акцияга чыккандар башкы прокурор Курманкул Зулушевге нааразычылык билдирүүдө.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундары 9-апрелде президентке жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысына кайрылуу жолдогон.

Анда камактагы Эгембердиев менен Жалилов Баткен облусунун прокурорунун коррупциялык иштерге байланышы бар экенин айтып чыкканы үчүн куугунтукка кабылганын билдиришкен.

Прокурорлор тарабынан аларга 1 млн. 20 миң сом зыян келтирген деген кине коюлганына карабай, башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып 4 млн. сом өлчөмүндө зыян келтирди деп айтканын да белгилешкен.

Кайрылууга 2118 адам кол коюп, президент Садыр Жапаровдон жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден иштин адилеттүү каралышын камсыздап берүүсүн өтүнүшкөн.

Баш прокурор Курманкул Зулушев ушул аптада парламентте отчёт берип жатып, айыл башчыларынын иши боюнча суроолорго жооп берген. Ал Башкы прокуратуранын беш башкармалыгынын өкүлдөрүн Лейлекке жөнөткөнүн, иш мыйзамдын негизинде карала турганын белгилеген.

Өткөн айда иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү тилкелерди бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу тууралуу сюжет жарыялаган. Анда айыл өкмөттүн мурдагы жетекчилери жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аларды облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы айтылган. Аты аталган айрым мурдагы жетекчилер дооматтарды четке каккан.

Башкы прокуратура бул материалдын негизинде текшерүү жүрүп жатканын маалымдап, көп өтпөй аталган тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылган.

Буга нааразы болгон Лейлек районунун тургундары бир канча жолу нааразылык акцияларын уюштурган.

Чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG