Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Украина тогуз гуманитардык коридорду колдонот


Үй-жайын таштап качып жаткан украиналыктар. Северодонецк шаары.
Үй-жайын таштап качып жаткан украиналыктар. Северодонецк шаары.

Украина Орусия менен өлкөнүн чыгышындагы оор салгылашуулар жүрүп жаткан аймактан жай тургундарды чыгаруу үчүн тогуз коридорду колдонуу тууралуу макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук билдирди.

10-апрелде Луганск облусунун башчысы Сергей Гайдай кабарлагандай, курчоого алынган Луганск аймагынын тургундарын чыгарып кетүү үчүн тогуз поезд каттамы даярдалат.

Орусия аталган аймакта өз аскерлерин жана техникасын көбөйтө баштаганына байланыштуу украин бийлиги калкты тез арада бул аймактан чыгып кетүүгө үндөп жатат. 8-апрелде Донецк облусунун Краматорск шаарынын вокзалы ракеталык аткылоого кабылып, кеминде 52 киши набыт болуп, жүздөгөнү ар кандай жараат алган.

Орусия айыптоолорду четке кагып, муну Москваны күнөөлөш үчүн украин аскерлери тарабынан жасалган атайын аракет катары сыпаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG