Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Кара-Балтадагы шайлоодо “Ишеним” партиясы алдыга чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-апрелде Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаардык кеңешине шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, шайлоочулардын 35,28% (10926 адам) катышты жана алты партия ат салышты.

БШКнын маалыматына ылайык, “Ишеним” партиясы 23,66% добуш менен алдыга чыкты. Андан кийинки орунду “Күчтүү коом – сильное общество” партиясы 19,73% добуш менен ээледи. Социал демократтар үчүнчү (16,90%) болду.

Кара-Балтада “Ыйман-Нуру” 14,26%, “Альянс” 13,99%, “Эл аман” партиясы 9,09% добуш топтоду.

Жекшембиде Кара-Балтадан сырткары Жалал-Абад облусундагы Токтогул жана Таш-Көмүр шаардык, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы 13 айылдык кеңешинде шайлоо өттү.

Алар: Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт, Тоң районунун Кажы-Сай, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо, Ат-Башы районунун Казыбек, Араван районунун С. Юсупов, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн, Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештери.

13 айылдык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 243, алардын ичинен 96 мандат аялдардын квотасы. Айылдык кеңештерге жалысынан 515 талапкер ат салышты, алардын 170и аялдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG