Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Бекешев мектептерди тендерсиз курганы жаткан компанияга кызыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги мектептерди аты, ээси дээрлик белгисиз компания курганы жатканын айтып чыкты. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына ар кандай күдүк ойлор болбошу үчүн Министрлер кабинети буга байланыштуу маалымат бериши керектигин жазды.

“Борбор калаадагы билим берүү жайларын тендери жок эле куруу укугун “Экспресс-строй КГ” компаниясы кайсы эмгеги менен алганын түшүндүрүп койсо болот эле. Бул тарых-таржымалы жок эмне болгон компания? Жадагалса жетекчиси тууралуу дагы маалымат аз”, деп жазды Бекешев.

Ал аталган компаниянын башчысы Эрмек Атантаев аттуу жаран экенин кошумчалады.

Министрлер кабинети менен Бишкек шаардык мэриясы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш мамлекеттик сатып алуулардын ыкмаларын өзгөрткөн мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, мамлекеттик же муниципалдык ишканаларга бир булактан сатып алууга жол берилип, тендер өткөрүүдөн бошотулат.

Буга чейин мамлекеттин эсебинен Бишкекте быйыл 15 мектеп курулары айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG