Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:14

Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасы быйыл 5% төмөндөшү мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банктын жаңыланган баяндамасында Украинадагы согуш жана Орусияга салынган санкциялар бүтүндөй дүйнөнүн экономикасына сокку уруп жатканы, ал эми Европа менен Борбор Азиянын жаңы эле бутуна туруп келаткан мамлекеттерине эки эсе катуу таасир берери айтылат.

Документте дүйнөдөгү соңку кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы беш пайызга кыскарып, инфляция 15% жогорулашы мүмкүн экени жазылган.

Ошондой эле Орусияга салынган санкциялардан улам ал жактагы мигранттар которгон каражаттын кыскарышы ыктымал экени белгиленген. Азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшү, жумуш орундарынын аздыгы 2022-жылы жакырчылыкты күчөтүшү боолголонгон.

Ошол эле маалда өкмөттүн пенсия менен мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүү сыяктуу антикризистик чаралары кырдаалдан жумшак өтүп кетүүгө өбөлгө түзөрү жазылат.

Кыргызстандын Министрлер кабинети быйылкы жылга карата антикризистик иш-чаралардын планын бекитип, аны аткаруу үчүн 126 миллиард сом бөлгөн. Жети бөлүктөн турган планда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, негизги товарлардын баасын турукташтыруу чаралары каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG