Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

Балдарын электрондук кезекке тургуза албай жаткандар министрликке барды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баласын 1-класска электрондук кезекке тургуза албай жатканын айткан ата-энелер тобу 11-апрелде Билим берүү жана илим министрлигине барып, нааразылыгын билдиришти. Министрлик электрондук системага биринчи күнү катталуучулар көп болуп, системага күч келгенин жана бардык каалоочулар сөзсүз катталарын айтты.

11-апрелде Кыргызстанда мектепке 1-класска электрондук кезекке туруунун алгачкы этабы башталды. Ал 27-июнга чейин уланып, кезек баланын катталган дареги боюнча түзүлөт. Андан кийинки этап 10-сентябрга чейин уланып, бала кезекке катталган жерине карабастан, жашаган дареги боюнча тургузулат.

Кыргызстанда жалпысынан 2200дөй мектепте миллиондон ашуун окуучу билим алат. Мектепке кабыл алуудагы жемкорлукту токтотуу үчүн өкмөт соңку жылдары окуучуларды электрондук кезек менен алып жатат.

Мектеп жана бала бакчага кабыл алуу үчүн mektep.edu.gov.kg сайты ачылган. Балдарды электрондук кезекке кабыл алган сайтты иштетүү жоопкерчилиги Инфоком ишканасына жүктөлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG