Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Мектеп жана бала бакчага электрондук кезекке тургузган сайттын иши үзгүлтүккө учурады


Мектеп жана бала бакчага кабыл алуу үчүн ачылган mektep.edu.gov.kg сайтынын иши утур-утур узгүлтүккө учурап жатканын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Самат Тоялиев билдирди.

Анын айтымында балдарды электрондук кезекке кабыл алган сайтты иштетүү жоопкерчилиги Инфокомго жүктөлгөн. Аталган сайт кайрадан жаңыланып, 11-апрелде ишке кирген. Бирок кезекке тургандар көп болгондуктан сайттын иши үзгүлтүккө учураган.

“Кемчиликти жоюу үчүн адистер иштеп жатат. Мурда катталган ата-энелер түшүнбөстүктөн кайрадан катталууга аракет кылып, ишке тоскоолдук жаралууда”, - деди Самат Тоялиев.

Социалдык тармактын колдонуучулары электрондук кезекке тургузган сайт иштебей жатканын жарыялашууда.

Кыргызстанда бала бакча жана мектепке муктаждык жогору. Буга чейин мектеп жашына чейинки балдардын дээрлик 50% бала бакчага барбай турганы статистикалык маалыматта айтылган.

Бала бакчага орноштуруудагы коррупцияны жоюу максатында өкмөт 2014-жылы Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда пилоттук долбоор баштап, электрондук кезекке туруу системасын ишке киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG