Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Жарасул Абдураимов “Кыргызалтындын” жетекчиси болуп дайындалды


Жарасул Абдураимов.
Жарасул Абдураимов.

Жарасул Абдураимов “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу маалымат ишкананын расмий сайтына жарыяланды.

Анда кадрдык дайындоону Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 11-апрелде Министрлер кабинетинин жетекчиси менен макулдашып жасаганы айтылат. Жаңы жетекчини ушул эле күнү “Кыргызалтындын” жамаатына премьер-министрдин орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.

62 жаштагы Жарасул Абдураимов Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. 2013-2015-жылдары “Кумтөр Голд Компани” ишканасында иштеген. “Ысык-Көл облусунда өнөр жайды өнүктүрүү жана жумушчу орундарды түзүү” долбоорун жетектеген. 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин Экономика жана коммерция министринин орун басары кызматын аркалаган.

“Кыргызалтын” компаниясын буга чейин экс-депутат Умбеталы Кыдыралиев жетектеген.

Кыргыз бийлиги Кумтөр алтын кенин иштетип келген Канаданын “Центерра Голд” компаниясы менен ортодогу талаш-тартышты чечкен макулдашууга 4-апрелде кол койгон. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан алтын кенине эми толук ээлик кыларын жарыялаган.

Макулдашууга ылайык, Кыргызстан “Центерра Голд” ишканасына карата бардык экологиялык доодон баш тартып, “Кыргызалтындын” 26% акциясын өткөрүп берди. (BTo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG