Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Орусия "азовчуларды" жазалайбы?


Орус күчтөрү "Азовсталдан" чыгарылган украин аскерлеринин кийим-кечегин текшерип жатышат, 17-май 2022-жыл.
Орус күчтөрү "Азовсталдан" чыгарылган украин аскерлеринин кийим-кечегин текшерип жатышат, 17-май 2022-жыл.

Украинанын Мариупол шаарындагы орусиялык күчтөрдүн курчоосунда калган "Азовсталь" заводунан соңку эки суткада миңге чукул украиналык аскер чыгарылганы белгилүү болду. Орус тарап алар багынып бергенин айтып жатат. Бирок расмий Киев соңку маалыматты ырастай элек.

Украин бийлиги "Азовсталь" заводунан чыгарылган жоокерлерди туткундагы орусиялык аскерлерге алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди. Бирок орусиялык депутаттар бул аскерлерди алмашууга тыюу салууну сунуштап жатат.

"Азовсталдан" жүздөгөн аскерлер чыгарылды

Reuters жаңылыктар агенттиги украин аскерлери отурган кеминде жети автобус орусиялык күчтөрдүн коштоосунда Мариуполдогу "Азовсталь" заводунун аймагынан чыгып кеткенин күбөлөгөн видеону жарыялады.

Агенттиктин дагы бир видеосунда украиналык жоокерлердин бир бөлүгү Донецк облусунун жикчилдер көзөмөлдөгөн Оленовка шаарындагы мурдагы түзөтүү колониясына жеткирилгенин көрүүгө болот.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 18-майдагы маалыматына ылайык, соңку эки сутканын ичинде "Азовсталь" заводун коргоп келген миңге чукул украин аскери Москва колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарга жөнөтүлдү.

"Соңку суткада 694 согушкер куралын таштап, багынып берди. Алардын 29у жарадар болгондор. 16-майдан бери баш-аягы 959 жоочу туткунга түшүп берди. Алардын 80и жарадарлар. Алардын 51и дарыланууга муктаж болгондуктан Новоазовскидеги ооруканага жаткырылды", - деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков.

Орус тараптын соңку билдирүүсү боюнча расмий Киев маалымат бере элек. Бир күн мурда Украина бул өндүрүштүк жайдан 294 аскер чыгарылганын, алардын 53ү оор жаракат алганын ырастаган. Украин бийлиги орус тараптын "аскерлер багынып берди" деген сөздөрүн ырастабай, "Азовсталдагы" жоокерлер эвакуацияланып жатканын, куткаруу операциясы жүрүп жатканын билдирип келет.

"Азовсталдан" чыккан автобустар. 17-май, 2022-жыл.
"Азовсталдан" чыккан автобустар. 17-май, 2022-жыл.

17-майда Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр "Азовсталдан" чыгарылган украин аскерлерин алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын айтты. Ал Киев "Азовсталь" заводунда дагы канча украин аскери калганын ачыкка чыгарбай турганын билдирди.

"Биздин башкы максатыбыз - Мариупол шаарын коргоп келген каармандарыбызды, биздин жоокерлерибизди куткаруу. Биз кечээ айткандай, биргелешкен операцияны коргонуу күчтөрүнүн бир нече агенттиктери жүргүзүп жатат".

Украин аскерлеринин тагдыры арсар

Азырынча "Азовсталдан" чыгарылган украин аскерлерин эмне күтүп турганы бүдөмүк болуп турат. Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Мариуполдон чыгарылган укрин аскерлерине "эл аралык мыйзамдардын алкагында" мамиле жасаларын айткан. Бирок Орусиянын Тергөө комитети украин жоокерлерин суракка ала турганын билдирди.

Мындан тышкары Орусиянын Башкы прокуратурасы "Азовсталь" заводун коргоп келген украин күчтөрүнүн арасындагы "Азов" полкун "террордук уюм" деп таанууну Жогорку Соттон өтүндү. Сот бул маселени 26-майда карамай болду.

Шейшемби күнү Орусиянын Мамлекеттик Думасынын айрым депутаттары да "Азовсталдан" чыгарылган украин аскерлерин Киевдин колуна түшкөн орусиялык туткундарга айырбаштоого тыюу салууну сунуш кылышты.

"Бул кылмышкерлердин бирөөнү эле алмашсак, ал коллективдүү Батыш тарабынан Украинанын жеңиши катары мүнөздөлөрү түшүнүктүү. Ошондуктан "нацисттик кылмышкерлердин" кимисин гана болбосун, аларды алмашууга тыюу салган токтом же мыйзам кабыл алуу керек деп эсептейм", - деп билдирди Думанын депутаты Анатолий Вассерман.

"Азов" полку украин армиясынын бир бөлүгү болгонуна карабастан бул аскердик топ Орусиядагы мамлекеттик каражаттарынын пропагандалык материалдарында "нацисттик кылмышкерлер" деп мүнөздөлүп келет.

"Азовсталдан" чыгарылган украин аскерлери. 17-май, 2022-жыл.
"Азовсталдан" чыгарылган украин аскерлери. 17-май, 2022-жыл.

Думанын спикери Вячеслав Володин депутаттардын сунуштарын колдоп, бул аскердик кызматкерлерди орус туткундары менен алмашууга чектөө койгон документ даярдала турганын айтты. Орус маалымат каражаттары жазгандай, мындай токтом 18-майда каралат деп күтүлүүдө.

Думанын дагы бир депутаты Леонид Слуцкий "Азов" полку тууралуу сүйлөп жатып, Орусияда өлүм жазасына киргизилген мораторийди жокко чыгаруу демилгесин көтөрдү.

Пропагандабы же жазалоонун башатыбы?

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр Думадагы мындай билдирүүлөрдү жана спикер Володиндин айткандарын "пропаганда" деп сыпаттады.

"Бул ички пропагандага жана Орусиядагы ички саясатка багытталган саясий билдирүү. Биз сүйлөшүү жараяны жана куткаруу операциясы уланып жатканын гана айта алабыз", - деди Маляр.

Украинанын президенти Владимир Зеленский "Азовсталдан" чыгарылган аскерлерге байланыштуу сүйлөшүүлөргө "абдан таасирдүү эл аралык медиаторлор" катышып жатканын айтты.

Март айынын башында эле орус күчтөрүнүн курчоосунда калган Мариупол шаарындагы "Азовсталь" заводу украин аскерлеринин акыркы бастиону деп мүнөздөлүп келген. Алар катуу каршылык көрсөткөнү 84 күндөн бери орус күчтөрү бул заводго толук көзөмөлүн орното албай келди.

Ар кыл эсептер боюнча, бул өндүрүштүк жайда 2 миңдей аскердик кызматкер калганы кабарланган. Алардын арасында Украинанын Улуттук гвардиясынын 12-бригадасына караштуу "Азов" полкунан тышкары украин деңиз күчтөрүнүн 36-бригадасы, чек арачылар, полиция кызматкерлери, ыктыярчылар жана Мариуполдун аймактык коргонуу кошуундарынын өкүлдөрү да бар.

Мариуполь шаарындагы "Азовсталь" заводу.
Мариуполь шаарындагы "Азовсталь" заводу.

"Азовсталды" коргогон украин күчтөрүнүн жакындары аскерлер мекенине кайтып келет деп үмүт кылып турушат. Арасында "азовчулардын" тагдырына кабатырлангандар да бар.

"Балдарды эмне тагдыр күтүп турат? Орусия "азовчуларга" кандай мамиле кыларын түшүнүп турсаңыздар керек", - деп билдирди заводду коргоп келе жаткан украиналык аскердин жубайы Екатерина "Настоящее время" телеканалына.

Соңку бир сутка ичинде орус күчтөрү Украинанын чыгышындагы Донецк аймагын жана түндүгүндөгү Чернигов, түндүк-чыгышындагы Сумы шаарларын аткылоону улантты. Украин өкмөтү Северодонецк аймагындагы ооруканага сокку урулганын билдирди. Донецктин аймактык губернаторунун айтымында 17-майда орус тараптын чабуулдарынан жети жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай элек.

Британиянын коргоо министрлиги 18-майда маалымдагандай, украин армиясынын катуу каршылыгынан улам Москва Украинанын Мариуполь жана Луганск аймактарында миңдеген чечен жоокерлерин колдонууга аргасыз болуп жатат.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG