Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Киев: “Азовсталдан" чыгарылган украин аскерлери айырбашталат


“Азовсталдан" эвакуацияланган украин аскерлери. Новоазовск, 16-май 2022-жыл
“Азовсталдан" эвакуацияланган украин аскерлери. Новоазовск, 16-май 2022-жыл

Мариупол шаарындагы “Азовсталды” коргоп жаткан украин аскерлери заводдун аймагынан чыгарылып жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдап, сүрөттөрдү жарыялады. Кабарды Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тастыктады.

Башкы штабдын маалыматына ылайык, комбинаттан 264 жоокер чыгарылды, алардын 53ү жарадар. Ал эми Reuters жараат алгандарды орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Новоазовск шаарына жеткиришкенин кабарлады. Жарадарларды алып кетүү тууралуу буга чейин орус Коргоо министрлиги маалымдаган.

Дагы 211 жоокер гуманитардык коридор менен “Донецк элдик жумурияты” деп аталган аймакка эвакуацияланды.

Алар туткунга алынды деп эсептелеби же жокпу, расмий айтылган жок. Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Малярдын айтымында, аскерлерди “үйгө кайтаруу үчүн айырбаштоо жараяны жүрмөкчү”.

Украин президенти Владимир Зеленский эвакуацияны комментарийлеп, жоокерлердин өмүрүн сактап калуу мүмкүн болот деген үмүтүн ортого салды.

“Украиналык баатырлар Украинага тирүү бойдон керек деп белгилейм. Бул – биздин принцип”, - деп билдирди Зеленский.

Дүйшөмбү күнү “Азов” полкунун командири Денис Прокопенко: “Өмүрлөрдү сактап калуу үчүн Мариуполь гарнизону жогорку аскердик командачылыктын чечимдерин аткарууда жана украин элинин колдоосуна ишенет”, - деп айткан. Сөз кайсы чечим тууралуу жүргөнү билдирүүдө айтылган жок.

Мариуполдун ири бөлүгү орус армиясынын көзөмөлүнө өткөндөн кийин "Азовсталды" украин жоокерлери кармап турат. Алар жана расмий Киев жок дегенде жарадар кишилердин эвакуациясын камсыздоого үндөп келген. Орусия тарап ал жактагы аскерлердин бардыгы багынууга тийиш деп талап кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG