Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Чаткалда шыбы ураган мектептин окуучулары ооруканага жөнөтүлдү


Амирабек Чымканаев атындагы орто мектептеги шыбы урап түшкөн класс.
Амирабек Чымканаев атындагы орто мектептеги шыбы урап түшкөн класс.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери 16 окуучу, бир мугалимди коопсуз жайга алып чыгып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөттү. Маалыматка караганда, балдар 3-класстын окуучулары. Алардын абалы жакшы деп кабарланды.

Чаткал районунун билим берүү бөлүмү мектеп 1951-жылы салынганын, имарат авариялык абалда болбогонун билдирди.

Социалдык тармактарда тараган сүрөттөрдө 3-класстын окуучуларынын окуу куралдарын, топо чаң болгон сумка, парталарды көрүүгө болот. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG