Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Тажикстандын "Азия-Плюс" агенттиги Тоолуу Бадахшандагы окуяларды чагылдыруудан баш тартты


Хорогдогу нааразылык акциясы. 16-май 2022-жыл
Хорогдогу нааразылык акциясы. 16-май 2022-жыл

Тажикстандын «Азия-Плюс» агенттиги бийликтин кысымынан улам Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы соңку окуяларды чагылдыруудан баш тартканын билдирди. Агенттик 17-майда алар жабылуу коркунучуна кабылганын белгиледи.

“Буга чейин "Азия-Плюс" Башкы прокуратурадан расмий жана башка структуралардан бейрасмий эскертүү алган. Алар биздин басылма Тоолуу Бадахшандагы окуяларды “бир тараптуу” чагылдырууда жана өлкөдөгү кырдаалды бейстабилдештирүүдө деп эсептешет”, - деп билдирди агенттик.

Маалыматка караганда, аларга “кемчиликтерди жоюу көрсөтмөсү берилди”, же болбосо жабылары эскертилди.

Бийликтин позициясы жана “кемичликтерди жоюу” деген эмнени билдирери белгисиз.

Автоном облусунун борбору Хорог шаарында 16-майдагы нааразылык акциясында киши өмүрү кыйылганы белгилүү болгон.

Мындай маалыматты "Азаттыктын" тажик кызматына ("Озоди" радиосу) кеминде төрт булак ырастады. Кабарга ылайык, Гулакен конушунун 1992-жылы туулган тургуну Замир Назаршоев милиция менен кагылышууда каза тапкан. Тажик бийлиги Хорогдо дүйшөмбүдө болгон окуялар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Буга чейин "Озоди" радиосунун булактары Хорог шаарында нааразылык акциясында кеминде үч киши жараат алганын билдиришкен. 16-майда милиция Хорог шаарынын борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгону кабарланган.

Андан мурда, 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Автоном облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын "мыйзамсыз" деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан. Митингдин катышуучуларынын бири талаптар аткарылмайынча нааразылык акциялары улана берерин "Озоди" радиосуна айткан.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун Борбор Азиядагы өкүлү Сыйнат Султаналиева аймакта чыңалуу күчөп баратканын Твиттерге дүйшөмбү күнү жазган.

"Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном болусунда 14-майда жергиликтүү тургундар куугунтуктоо аракеттерине нааразылык билдирип чыгышты. Аймакта чыңалуу кайрадан күчөдү".

Өткөн айда Улуттар Уюмунун эксперттер тобу Тоолуу Бадахшан облусунда күчөп бараткан чыңалууга тынчсызданып, тажик бийлигин "Памирдеги азчылыкты" коргоого жана аймактагы адам укуктарын сактоого чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG