Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Тажикстан Хорогдо бир киши каза тапканын ырастады


Хорог, 16-май 2022-жыл
Хорог, 16-май 2022-жыл

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун борбору Хорогдо 16-майдагы нааразылык акция учурунда бир киши каза тапканын ырастады. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине куралдуу кол салуу болгондо үч тартип коргоочу жарадар болду.

Ички иштер министрлиги "чабуулга туруштук берүү маалында”, кол салгандардын бири, 1993-жылы туулган Замир Назиршоев аттуу жергиликтүү тургун жарадар болуп, ооруканада көз жумганын билдирди.

Ал эми башка булактар маркум бөлөк жагдайда каза болгонун айтышууда.

Кырдаал 3 күндөн бери курчуп турганы менен, бийлик биринчи жолу расмий билдирүү жасады.

ИИМ мыйзамсыз митинг уюштурду деп Бадахшандын расмий эмес лидери Мамадбокир Мамадбокировду айыптады.

16-майда милиция Хорог шаарынын борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгону кабарланган.

Андан мурда, 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Автоном облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын "мыйзамсыз" деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан. Митингдин катышуучуларынын бири талаптар аткарылмайынча нааразылык акциялары улана берерин "Озоди" радиосуна айткан.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун Борбор Азиядагы өкүлү Сыйнат Султаналиева аймакта чыңалуу күчөп баратканын Твиттерге дүйшөмбү күнү жазган.

"Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном болусунда 14-майда жергиликтүү тургундар куугунтуктоо аракеттерине нааразылык билдирип чыгышты. Аймакта чыңалуу кайрадан күчөдү".

Өткөн айда Улуттар Уюмунун эксперттер тобу Тоолуу Бадахшан облусунда күчөп бараткан чыңалууга тынчсызданып, тажик бийлигин "Памирдеги азчылыкты" коргоого жана аймактагы адам укуктарын сактоого чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG