30-август күнү Киев дагы бир жолу учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулуна кабылды. Бул тууралуу шаар мэри Владимир Кличко билдирди.
Анын айтымында, Голосеев районунда дрондун сыныктары түшүп, кафенин фасадына зыян келтирген. Жабыркагандар жок. Ал эми Шевченков районунда ээн имараттардын биринен өрт чыккан. Ушул эле күнү эртең менен Голосеев районундагы дагы бир имаратта дрондун сыныктары кулап, өрт чыкканы кабарланган.
Киев мэри 29-августтагы чабуулдун кесепеттери боюнча такталган маалыматтарды да жарыялады. Ага ылайык, эки жаштагы кыз каза болуп, Киевдин 12 тургуну жаракат алган. Жаракат алгандардын экөө ооруканага жаткырылган, алардын арасында үч жаштагы бала да бар.
Белгородго 30-августта кечке жуук Украина ракета менен сокку урганы белгилүү болду.
Телеграм-каналдардын билдиришинче, сокку Белгород ЖЭБ, электр көмөк чордондоруна жана Ozon маркетплейсинин кампасы жайгашкан "Эстейт Логистик" терминалына тийген.
"Пепел. Белгород" басылмасы ракета соккуларынан кийин кампада да, ЖЭБде да өрт чыкканын кабарлады.
Белгород облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Шуваев жекшембинин кечиндеги маалыматка таянып, бир киши жана 16 жаштагы өспүрүм каза болгонун билдирди.
Кеминде 12 адам жараат алган, алардын арасында да жашы жете электер дагы бар. Абадан коргонуу системасы Белгороддун үстүнөн дрон атып түшүргөнү кабарланууда. Андан сырткары бир дрон облустук социалдык коргоо башкармалыгынын имаратына тийип, зыян келтирген.
Белгород телемунарасына жасалган чабуулдан улам шаардагы абоненттерде санариптик телевидение өчкөн. Ozon компаниясынан логистикалык борбор жана хаб чабуулга кабылганын билдиришти.
Кызматкерлер эвакуацияланып, жабыркагандар бар. Ozon "логистикалык чынжырчалар кайрадан жөнгө салынмайынча" Белгороддо жана облуста буюртмаларды кабыл алууну жана жеткирүүнү убактылуу токтотту.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 31-августтун таңкы маалыматында, өткөн суткаларда Орусиянын аскерлери болжол менен 1600 адамынан ажыраган.
Штабдын баалоосунда, Украинада согуш башталгандан бери Орусиянын армиясы жалпысынан 1 488 200дөй аскерин жоготту.
Мындан тышкары 12 316 танк (+5 өткөн суткада), 25 255 чопкутталган машина (+7,) 48 883 артиллериялык система (+50)
2 079 реактивдүү системасы (+7), 1 597 абадан коргонуу каражаты (+3), 440 учак, 354 тик учак, 2 442 жердеги роботтоштурулган комплекс (+7), 490 402 оперативдүү-тактикалык деңгээлдеги учкучсуз учак (+2 055), 5 060 канаттуу ракета, 35 кеме жана катер
2 суу астында сүзүүчү кеме, 141 920 автоунаа жана цистерна (+467)
4 621 бирдик атайын техника (+7).
Орусия азырынча жоготууларын расмий түрдө ачыктай элек.
Москва акыркы жолу каза болгондордун санын 2022-жылдын сентябрь айында атап, ал кезде 5 937 киши каза болгонун билдирген.
Буга чейин Би-Би-Синин орус кызматы "Медиазона" басылмасы менен биргеликте ушул жылдын июль айына карата Орусиянын каза болгон 235 миңге чукул аскер кызматкеринин аты-жөнүн жана башка маалыматтарын тактаган. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, чыныгы сан мындан кыйла көп болушу мүмкүн. НАТОнун баалоосунда жарым миллионго жакын адам каза болгон.
Киев өзү дагы узак убакыт бою жоготууларын ачык айтпай, маалыматтар согуш аяктагандан кийин жарыяланарын билдирип келген. Украина президенти Владимир Зеленский 30-июлда Fox News телеканалына курган маегинде Украина 50 миң аскерин жоготконун, дагы 400 миңге чукулу жарадар болгонун, дайынсыз жоголгондордун саны көп экенин айткан.
Америкалык Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун 1-июлдагы маалыматына ылайык, 2022-жылдын февралыннан бери Орусия менен Украинанын каза болгон жана жарадар болгон аскерлеринин жалпы жоготуусу 2 миллиондон ашты.
Германия Орусияны Лейпциг аэропортунда диверсия жасоого аракет кылды деп айыптоого ниеттенүүдө. Августтун башында аба майданда жардыруучу зат орнотулган учкучсуз учуучу аппараттар табылган. Politico жана Welt am Sonntag басылмалары өз булактарына таянып жазгандай, Германия Москвага каршы "кеңири масштабдагы санкция даярдоодо".
Маалыматтарга караганда, Германиянын канцлери Фридрих Мерц бул тууралуу кийинки аптанын башында расмий жарыя кылышы мүмкүн. Булактар кандай санкция киргизилери жана алар кимдерге багытталарын тактаган эмес.
25-августта Мерц Лейпцигдеги диверсия аракетине тиешеси бар адамдар жоопкерчиликке тартыла турганын билдирген, бирок конкреттүү айыптоо айткан эмес.
Августтун башында Лейпциг аэропортунда жардыруучу зат менен дрон кармалган. Ал аба майданда токтоп турган украиналык Ан-124 жүк учагынын жанынан табылган. Кийинчерээк тергөөчүлөр бул диверсия аракетине бир нече дрон катышкан деген жыйынтыкка келишкен.
Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, ошол эле күнү DHL компаниясынын жүк ташуучу учагы аэродромдон учуп чыккандан кийин белгисиз объект менен кагылышкан. Буга учактын бузулган жерлерин иликтөө далил болуп берген. Дрондун өзү же анын калдыктары табылган эмес. Тергөөчүлөр кагылышуудан кийин дрон кыймылдаткычка кирип кетип, майдаланып кеткен болушу мүмкүн деген версияны айтышкан.
Лейпциг аэропорту курал-жарак ташууда, анын ичинде Украинага берилүүчү жардамдарды жеткирүүдө маанилүү логистикалык борбор болуп саналат. 2024-жылы аэропорттун аймагындагы DHL логистикалык борборунда Улуу Британияга жөнөтүлгөн жүк жарылган. Ушуга окшош жүк кийин Улуу Британияда жана Польшада да жарылган. Тергөө бул аракеттер Орусиянын атайын кызматтары тарабынан уюштурулган операция болгонун билдирген. Учурда Литвада ошол окуяларга байланыштуу диверсиялык түйүндүн беш мүчөсүнө карата сот жараяны жүрүп жатат.
Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкан 2022-жылдын февралынан бери Германияда учкучсуз аппараттарга байланышкан окуялар катталды. 2026-жылдын биринчи жарымында эле Германиянын аэронавигация кызматы уруксатсыз учкан дрондордон улам өлкө аэропортторунун ишинде 145 жолу үзгүлтүк болгонун маалымдады. Көпчүлүк учурларда мындай дрондордун операторлорун аныктоо мүмкүн болгон эмес.