Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

“Азовсталдагы” украин аскерлери жикчил аймактарга чыгарылды


"Азовсталь" заводунан чыгарылган украиналык аскерлер.
"Азовсталь" заводунан чыгарылган украиналык аскерлер.

Украинанын Мариупол шаарындагы "Азовсталь" заводунда камоолдо жаткан 264 украин аскери чыгарылды. Алар алгач орусиячыл жикчилдер башкарып турган аймакка жеткирилип, андан кийин орусиялык аскерлерге алмаштырылары кабарланды.

Орусиянын күчтөрү Мариуполду басып алганы менен заводдогу украиналык жоокерлер эки жарым айдан бери багынбай жатышат. Анда дагы канча киши калганы тууралуу так маалымат жок.

Камоолдон бошогон “Азовчулар”

"Азовсталь" заводундагы украиналык аскерлерди эвакуациялоо иштерин 16-майда алгач Reuters баштаган бир катар маалымат агенттиктери жазып, сүрөт жана видеолорун жарыялады. Украин бийлиги расмий маалыматты түн жарымда гана ырастады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский украин аскерлери жикчилдер турган аймакка чыгарылып кеткенин аргасыз чара катары мүнөздөдү:

“Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин аракеттери, ошондой эле Кызыл Чырым эл аралык комитети жана Бириккен Улуттар Уюмунун жардамы менен биздин жигиттердин өмүрүн сактап кала алабыз деп үмүттөнөм. Украин баатырлары Украинага тирүү керек экенин белгилеп коёюн. Бул биздин принцип. Муну акыл-эстүү ар бир адам туура түшүнөт деп ойлойм”.

"Азовсталь" заводунан чыгарылган украин аскерлери.
"Азовсталь" заводунан чыгарылган украин аскерлери.

Заводдон жалпы 264 украин аскери чыгарылганы, алардын бир бөлүгү жарадар экени маалымдалды. Алар канчага чейин Украинанын облустарында - “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп өзүн-өзү жарыялап алган топтордун колунда болору белгисиз. Расмий Киев аларды орус аскерлерине алмаштырарын кабарлады.

Зеленскийге удаа Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирүү жасады.

“16-майда 53 оор жарадар “Азовсталдан” жардам көрсөтүү үчүн Новоазовскадагы медициналык түйүнгө жеткирилди. Дагы 211 адам гуманитардык коридор аркылуу Оленевка айылына которулду. Алардын үйгө кайтуусу алмаштыруу жолу менен ишке ашат”.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана багынбай, эки жарым айдан бери каршылык көрсөтүп келатышат.

Заводдун жер төлөсүндө жаткан 500дөн ашуун жайкын тургун, карылар, аялдар жана балдар Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым мекемесинин ортомчулугу менен эвакуацияланды. Аскерлерди чыгаруу эми гана ишке ашты. Бирок азырынча заводдун аймагында дагы канча аскер калганы жана алар качан куткарылары белгисиз.

Камоолго алынган "Азовсталь" заводун орусиялык күчтөр үзгүлтүксүз аткылап жатты.
Камоолго алынган "Азовсталь" заводун орусиялык күчтөр үзгүлтүксүз аткылап жатты.

Орусия менен Украина башка аймактарда кармаштарын улантууда. Айрым жерлерде украин аскерлери орусиялык күчтөрдү артка сүрсө, Орусия тарап бир нече шаарларды ракета жана артиллерия менен аткылоого алып жатат. Орусия “Азовсталдан” бошотулгандарды дароо туткундар деп атады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков согуш талаасындагы окуялар жөнүндө буларга токтолду:

“Соңку суткада “Азовсталь” заводунун аймагында камоолдо турган “Азов” полкунун 265 жоокери колго түшүп берди. Анын ичинде 51 оор жарадар адам бар. Жардамга муктаждар “Донецк Элдик Республикасынын” аймагына дарылоо үчүн жөнөтүлдү. Мындан сырткары Украинанын 23 учкучсуз учуучу аппараты атып түшүрүлдү. Орусиянын куралдуу күчтөрү абадан соккусу менен бир суткада 470 украин аскери жок кылынды жана 68 аскердик техникасы иштен чыгарылды”.

Оруиянын Коргоо министрлиги жок кылынган украин аскерлеринин саны тууралуу маалымат бере элек. Мурдараак Киев 2 миңдей жоокери өлгөнүн билдирген. Ошол эле учурда Украинанын Коргоо министрлиги Орусия 28 миңдей аскерин жоготконун кабарлоодо, Москва дагы 1,5 миңдей күч кызматкерин жоготконун тактаган. Алты миллиондон ашык украиналык өз өлкөсүн таштап чыгып кетти.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын Донбасс аймагындагы жикчил түзүмдөрдү коргоо тууралуу билдирүүсүнөн кийин 24-февралда орус аскерлери Украинага басып кирген. Өз жүйөсүндө Путин Украинанын бийлигин “неонацизмге” айыптап, коңшусунун НАТОго кошулуу ниетине каршы экенин айткан.

НАТОнун кеңейиши

Швециянын тышкы иштер министри Анн Линденин өлкөнүн НАТОго кошулуу арызына кол коюу учуру. 17-май, 2022-жыл.
Швециянын тышкы иштер министри Анн Линденин өлкөнүн НАТОго кошулуу арызына кол коюу учуру. 17-май, 2022-жыл.

Бул арада Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде өлкөнүн НАТОго кошулуу арызына кол койду. Кол коюу аземин коомдук Sveriges Television телеканалы түз ободо көрсөттү. Эми Стокгольмдун 200 жыл өкүм сүргөн нейтралитет саясатына чекит коюлмакчы.

16-майда өлкө өкмөтү аскердик альянска мүчө болуу чечимин кабыл алган. "Швеция муктаж болгон коопсуздук кепилдиктерине уюмга кирүү менен ээ боло алат", - деп билдирген парламенттеги талкууда премьер-министр Магдалена Андерссон.

Орусиянын Украинага басып кирип, согуш ачкандан кийин Швеция менен Финляндия да НАТО уюмуна кирүүнү чечкен. Алардын арызын НАТОнун бардык 30 мүчө мамлекети жактырууга тийиш. Буга чейин бул жараян тез жүрөт деп болжолдонгон.

Бирок Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара ага каршы добуш бере турганын билдирип, Швецияны "террордук уюмдардын инкубатору" деп атады. Стокгольм бир топ күрд тектүү адамдарга башпаанек берген. Түрк бийлиги алар Анкара терроризмге айыптаган “Күрддөрдүн жумушчу партиясы” менен байланышы бар деп эсептейт.

Жозеп Боррель
Жозеп Боррель

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель 17-майдагы билдирүүсүндө, бул өлкөлөрдү НАТО кабыл алат деген үмүтүн айтты.

“Евробиримдиктин Коргонуу кеңеши Швейция менен Финляндиянын НАТОго кирүүсүн чечкиндүү түрдө колдойт. Туркия кайсы бир маселелерде каршылык билдирип чыкканын билем. Бирок НАТО ал тоскоолдуктарды басып өтөт деп үмүттөнөм. Бирок жеке мен, Евробиримдиктин Коргонуу кеңеши Швейция менен Финляндияны толук колдойбуз”,-деди ал.

Орусиянын президенти Владимир Путин 16-майда Москвада өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынында да, Украинадагы кырдаал жөнүндө кеп кылып, андан кийин НАТОнун кеңейиши жөнүндө мурдагы пикирлерин кайталаган.

Владимир Путин
Владимир Путин

“Түндүкатлантикалык альянстын кеңейиши жөнүндө айтсак, ооба бул чынында көйгөй. Менин көз карашымда ал жасалма түрдө , Кошмо Штаттардын тышкы кызыкчылыктарынын негизинде гана болуп жатат. Негизи НАТО бир өлкөнүн гана тышкы саясат инструменти катары агрессивдүү түрдө пайдаланылып жатат. Бул коопсуздук боюнча ансыз да оорлошуп турган эл аралык кырдаалды дагы да тереңдетип жатат. Альянс мүчөлүккө Финляндия менен Швециянын тартып, ошонун эсебинен кеңейүүсү тууралуу белгилесем, Орусиянын бул мамлекеттер менен маселелери жок. Ошондуктан бул мамлекеттердин кошулушу бизге коркунуч жаратпайт. Бирок сөз жок, бул аймактарга аскердик инфратүзүмдүн жайгашуусу биздин да реакциябызды жаратат. Ал кандай болорун ошол коркунучтарга карап чечебиз. Башкача айтканда, көйгөй жок жерден жаралып жатат”,-деген анда Путин.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Алгач 12 мамлекет кирген, учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG