Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Украина: ырайымсыз согуштагы ыплас кылмыштар


Австриядагы "Чексиз демократия" кыймылынын мүчөлөрү Украинадагы сексуалдык зомбулукка каршы акция өткөрүп жатышат. Вена. 14-апрель, 2022-жыл.
Австриядагы "Чексиз демократия" кыймылынын мүчөлөрү Украинадагы сексуалдык зомбулукка каршы акция өткөрүп жатышат. Вена. 14-апрель, 2022-жыл.

Орусиянын аскерлери Украинадагы сексуалдык зордук-зомбулукту токтотушу керек. Бул чакырык Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 6-июндагы жыйынында жаңырды. Москва мындай дооматты четке кагууда. Украинанын Северодонецк шаарында салгылашуу уланып жатат.

Елена азыр качкындар борборунда психолог дарыгердин көзөмөлүндө. Херсондо согуш башталганда орус аскерлеринин зомбулугуна кабылганын эстегенде көзүнүн жашын тыя албайт.

"Алар менден көзүн албай тиктеп турганын сездим. Дүкөндөн шашып чыгып, үйгө кирип, эшикти илгенге жетишпей калдым. Артыман кирип келишти. Телефонумду алып, кимдир бирөөгө чалганга да жетишкен жокмун. Алар мени керебетке түртүп, автоматтын кундагы менен басып, чечинтишти..".

"Кээде жашагым да келбей кетет" деген Елена акыйкаттык бир күнү орноруна жана зөөкүрлөр өз жазасын аларына ишенет.

Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Украинада согуш башталганы карапайым тургундардын орус аскерлеринин сексуалдык зордук-зомбулугуна кабылганы тууралуу жүздөн ашуун факт түшкөн. Жабыркагандардын арасында кыз-келиндер гана эмес, балдар жана улгайгандар да бар.

Бул маселе 6-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында да көтөрүлдү. Анда сөз сүйлөгөн Еврокеңештин төрагасы Шарл Мишел орус аскерлеринин Украинадагы аракеттерин согуш кылмыштарына теңеди.

"Сексуалдык зомбулук - бул согуш, адамзатка каршы кылмыш, кыйноонун, террордун жана репрессиянын ыкмасы. Ырайымсыз согуштагы ыплас иштер".

Ошондой эле Мишел Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчисине кайрылып, "чындыкты уккандан көрө чыгып кеткениңиз оң" дегенде Василий Небензя залдан чыгып кетти. Бирок ал дооматтарды четке кагууга үлгүрдү.

Орусия "Азовсталь" заводунда өлгөндөрдүн сөөгүн Киевге кайтарды

Орусия "Азовсталь" заводунун аймагында набыт кеткен украин аскерлеринин сөөгүн Киевге өткөрүп берди. Бул тууралуу Associated Press жаңылыктар агенттиги кабарлады.

6-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский заводдун ичиндеги 2500дөй аскер орустардын туткунуна түшкөнүн моюнуна алды.

"Азов" полкунун маалымат катчысы Анна Головко каза болгондордун кеминде 52си ушул бөлүктө кызмат өтөгөнүн ырастады. Сөөктөр Киевге жеткирилип, ДНК анализдери аркылуу тек-жайын аныктоо жараяны башталды.

Буга чейин Киев менен Москва сөөктөрдү айырбаштап, тараптар бири-бирине 160 сөөктөн өткөрүп беришкени кабарланган.

Май айынын орто ченинде "Азовсталь" заводун дээрлик эки айдан ашык коргоп берген украин аскерлеринин алгачкы бөлүгү өндүрүштүк жайдын аймагынан чыга баштаган. Зеленский украин аскерлерин мекенине кайтаруу үчүн бардык аракет көрүлөрүн белгилеген.

Орус тарап азырынча алмашуу тууралуу сөз кыла элек. Айрым орусиялык депутаттар "Азовсталды" коргогон украин аскерлерин сот жообуна тартуу демилгесин көтөрүп келет.

Ал эми завод жайгашкан Мариупол шаары учурда орус армиясынын көзөмөлүндө. Жергиликтүүлөрдүн айтымында калаада гуманитардык кризис курчуп, суу жана тамак-аш жетишсиз.

Мэрдин жардамчысы Петр Андрющенко билдиргендей, калаада маркумдардын көмүлбөй калган жасаты чирип, таштанды чыгарылбагандыктан ич келте оорусу башталганын билдирди.

Запорожьеде кырдаал кооптуу

Украинанын чыгышындагы Северодонецк шаарында салгылашуу уланууда.

Зеленский украин армиясы душманга каармандык менен туруштук көрсөтүп атканына карабастан, орус аскерлери күч жана сан жагынан кыйла үстөмдүк кыларын эскертти. Ал ошондой эле токтобогон чабуулдардан улам Северодонецк жана Лисичанск ээн шаарга айланганын кошумчалады.

Президент Запорожье аймагында кырдаал кооптуу экенин, орус армиясы облустун негизги шаарын басып алууну көздөп жатканын билдирди.

Украин армиясынын Башкы штабы да орус күчтөрү Запорожье аймагында күчүн топтоп жатканын эскертти. Эгер Орусия Запорожье шаарын басып алса, анда өлкөнүн борбордук бөлүгүнө кыйла жакындайт.

Орус күчтөрү Запорожье облусунун бир бөлүгүнө буга чейин эле көзөмөлүн орноткон. Бул облус Украинанын түштүк-чыгышындагы ири өндүрүш аймагы деп саналат. Облуста Европадагы эң ири атомдук электр станциясы жайгашкан.

Зеленский украин күчтөрү Харьков аймагында жылыш жасап, айрым айыл-кыштактарды бошотуп жатканын, Луганск облусундагы Северодонецк шаарындагы татаал кырдаалга карабастан украин тарап орус аскерлерине каршылык көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. Учурда уруш көбүнесе Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG